ЖАЗГЫ АЛЛЕРГИЯ ЖЕ ПОЛЛИНОЗ

Жаз келгенде айрым адамдар чүчкүрүп-бышкырып аллергиянын азабын тартып башташат. Бул оору тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы консультативдик аллергология бөлүмүнүн аллергологу Салтанат Шабыкеева баяндайт.

ЭМНЕДЕН КЕЛИП ЧЫГАТ?
Жазгы аллергияны айрым дарактар менен көптөгөн чөп түрлөрүнүн чаңчалары козгойт. Алар гүлдөп баштаган кезден тартып чаңчалары шамал менен кошо абага тарайт. Аллергияны козгоочу чаңчалар аллергендер деп аталат. Адамдар аба менен дем алганда абадагы аллергендер мурун жана көз аркылуу организмге кирип, аллергия оорусун козгойт. Оору тукум кууйт, андан тышкары туура жана витаминдүү тамактар менен тамактанбай организми алсызданган адамдар да аллергияга туш болушат. Анткени алардын организминин чоочун заттар менен күрөшүүчү касиети начарлаган.
Аллергия дамамат баш оорууга, уйкунун бузулуша, көңүл чөгүү жана депрессияга да алып келет.

КАНТИП АНЫКТАШАТ?

Аллергияны аллергологдор дарылашат. Аллергиялык борборлордо оорулуунун каны менен мурдунан аккан суюктугу (мазок), мурун каңылжаары текшерилет (риноскопия, рентгенография).
Оору козголбогон учурда (кышкысын) тери тести колдонулат. Бул үчүн билектин териси катарынан жука-жука тилинип (кан чыгарылбай), тери алдына аллергендерди тамызып көрүшөт. 20 мүнөттүн ичинде аллерген тамызылган жер шишисе, демек, адамдын ошол аллергенден аллергиясы (чөп же дарактан) бар.

ДАРЫЛООДО ДИЕТА КОЛДОНУЛАТ
Дарылоо врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Оору кармаган учурда анын оор-жеңилине карата антигистаминдик (аллергияга каршы)дары-дармектер сунушталат. Мисалы, Зиртек, Кларитин, Фенистил, Телфаст, мурунга тамызылуучу спрей, мурундун бүтүшүнө каршы тамызылуучу дары жана башкалар. Врачтын көрсөтмөсү боюнча диета кармалат.
Аллергияны биротоло айыктырууга мүмкүн эмес. Бирок жазында оору жеңил өтүшү үчүн кышында эле аллергияга каршы эмдөөнү (иммундук терапия) баштоо зарыл. Бул үчүн укол түрүндөгү дары бар. Анын өлчөмү аздан салынып башталып, улам көбөйтүлөт. Курсу 3 айга чейин созулат.
Аллергияга биринчи ирет кабылганда эле дарыланбаса, анда оору өмүр бою коштоп жүрүп калат. Нафтизинди (мурунга тамчылатма дары) врачтын айткан убактысынан ашырбай колдонуу зарыл. Узакка колдонууда Нафтизиндин өзүнө аллергия башталып, оору ого бетер күчөйт.
Аллергиясы барлар колдон келсе оорусу башталганда башка жакка (өлкөгө) кетип калса жакшы. Жок дегенде тоого чыгып кетүүсү кажет. Канчалык жогору барсаң, аба таза, чаң, чаңчалар аз. Анын үстүнө бийик тоо климаты аллергияга туруштук берүүчү гормондордун бөлүнүп чыгышын шарттайт.

ДАРЫЛАНБАСА АСТМАГА АЙЛАНАТ!
Аллергиянын коркунучу – адам дарыланбаса бронхиалдык астмага айланып кете тургандыгында. Бул гана эмес, башка чөп, дарактарга да аллергия пайда боло башташы мүмкүн. Мисалы, эрменден аллергиясы бар адам дарыланбай жүрө берсе, эми кайыңдан аллергия кошулушу мүмкүн.
Аллергия жеңил өтүшү үчүн иммунитетти чыңдоо зарыл.

КҮНДӨ ЖАСАЛЧУ НЕРСЕЛЕР
Аллергиясы барлар жазында буларды сөзсүз эске алуулары кажет:

  • Шаар четине барууну, сейилдөөнү токтотуу
  • Кеңседе, үйдө эшик-терезелерди ачпоо (чаңчалар кирет)
  • Турак жайды, машинаны, кеңсени жаандан кийин, кечинде жана шамал жок кезде желдетүү
  • Көчөдөн келгенден кийин душка түшүү, башты жууп (чачка да чаңчалар конот), кийим которуу
  • Мурунду деңиз тузу менен чайкоо (бул мурунду улам бүтүүдөн сактайт)
  • Жуулган кирлерди көчө тарапка илбөө (чаңчалар жугат)
  • Үйдү улам нымдап жууп-тазалоо
  • Терезелерге нымдуу дакини (же шейшепти)кабаттап илүү (чаңчалар кирбеши үчүн)

ЭЛДИК МЕДИЦИНАДАН

КУЯҢДЫ КАЙЫҢДЫН КАБЫГЫ АЙЫКТЫРАТ
Куяң – кеңири таралган жана айыктырууга кыйын болгон оору. Эгер ал оору пайда болсо, анда оор нерселерди көтөрүп же шамалдап калсаңыз эле кармай берет. Бирок бул оорунун дабасы да бар. Кадимки кайыңдын кабыгын сыйрып, аны төрт бурчтуу кылып кесип алып ооруган жерге коюп, мата менен таңып коюу кажет. Тактап айтканда, бел кур сыяктуу таңуу керек. Эгер ооруган жердин көлөмү чоң болсо, анда көбүрөөк кабык керектелет. Эскерте кетчү нерсе, таасири күчтүү болсун үчүн кабыкты ички жагын каратып таңуу кажет.

ЫКТЫТКАНДА ЭМНЕ КЫЛСА БОЛОТ?

  • Көпкө ыктытканда бир-эки ууртам муздак суу ичип жиберүү оң.
  • Ага да болбосо мурунду кол менен кыпчып, бир топко дем албай туруу керек.
  • Лавр жалбырагын кайнак сууга демдеп, анан бир аш кашык ичип жиберсе да ыктытуу токтойт.

АНГИНА КАРМАГАНДА...

  • Кайнап, бирок илеби кайта түшкөн жылуу 1 стакан сууга (200 грамм) жарым аш кашык сода, бир чымчым туз жана 4-5 тамчы йод кошуп тамакты чайкоо сунушталат.
  • 1 стакан кайнак сууга кургатылган ромашкадан (дарыканада сатылат) 1 аш кашык салып демдеп, анан сүзүп алып 1 чай кашык бал кошуп тамакты чайкай берсе болот.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
MEDLS
2012-04-02 22:59:08
Jakshy maalymat eken,byltyrtadan bashtap ushul allergia degen ooruga chaldykkam.
0
Evelet
2012-04-06 08:21:36
ушул оору мени да оло кыйнайт. Уже башталды кургур десе. Бул жерде жазылган нерселерди мурда а уктум эле. Эми жакшыраак ынандым.
0
Kyrgyz-Sher
2012-04-16 12:33:58
менде кызыгы россияда кармайт аллергия а озубузго баарып даарыланып келейин деп барсам ал жакта кармабады 2ай журдум
0
rainbkru
2012-05-30 17:32:30
Бетимде кызыл тактар бар.Обследованиядан "клэш" деген курт бар деп чыкты,дерматологдорго кайрылып лечения 3 жолу алдым.Дагы эле жардам бербей жатат.
Эмне кылуум керек?
0
№ 491, 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан