АТКАРЫЛБАГАН АМАНАТ (сандан санга)

(Башы өткөн саныбызда)

Жаныбек балдары менен кызуу оюнда. Кызын үстүнө мингизип алып ат болуп, уулу аларды кубалап, айтор, үйдө балдардын каткырыгы жаңырат. Анткен менен балдарына бир адамдын карааны жетишпей турду. Ал Жаннат эле. Айжамал ойноп жаткан жеринен токтой калды.
– Ата, бизди апама алып барчы?
– Акылдуу кызым менин. Аз калды, бир аз чыдасаңар апаңар үйгө чыгып келет, макулбу? Азыр болсо баарыбыз ынтымакта апабыздын сакайып кетишин Кудайдан тилешибиз керек. Сүйлөштүкпү?
Кызы унчукпай башын ийкеди.
– Тез кийинип чыккыла, силерди паркка алып барып ойнотуп келейин,- деди Жаныбек Самат менен Айжамалды бөлмөлөрүнө жөнөтүп. Ошол замат жылмаюусу жоголуп, оор үшкүрүп алды. “Колдо бар алтындын баркы жок” деген чын тура. Жаннат, сен жанымда жаркылдап күлүп жүргөн күндөрү баркыңды билбептирмин, сени баалабаптырмын. Жан далбас уруп дүнүйөнүн түбүнө жетчүдөй иштеп жүрдүм. Эртең менен кетип, кечинде кеч келип... А күндөр өтө берди. Эми минтип абалың күн санап оорлоп баратканын көрүп, ошол күндөрдү эстеп жүрөгүм жанчылат. “Чогуу барып, балдарды ойнотуп келеличи. Ишиңди коё турчу. Кээде болсо да үй-бүлөгө көңүл буруп, бир күнүңдү бизге арнап койсоң боло” деп жалдырачу элең. Эми бүгүн “жүрү, чогуу барып балдарды ойнотуп келеличи” деп менин сага жалдырагым келип турат. Майда нерсе деп ойлогонум менен, бакыт ошондой кичинекей бактылуу көз ирмемдерден куралат тура. Сен жок жашоону элестете албай турам”. Жаныбектин ички дүйнөсүндө өкүнүч, кусалык, капалык өкүм сүрүп турду. Аңгыча кубалаша чуркап паркка ашыккан балдары да чыга келишти. Экөөнү машинасына салып, зуулдата шаар аралап баратып Саматтын окуусун текшермекке математикадан улам бир суроо узатып коёт:
– 4 жерде 4 канча?
– 16.
– Туура.
– 7 жерде 5чи?
– 35.
Ушинтип күндөр өтө берди. Курбулар күн сайын көрүшүп турганы менен, башкы маселеге кайрылышкан жок. Жаннат да эч нерсе дебеди. Ал эми Тумардын жашоосу таптакыр башка нукка бурулгандай. Үстүнөн оор жүк басып тургандай түйшүктүү күндөрдү кечирип жатты. “Эмне кылсам?” деген суроодон башы маң. Миң түркүн ойлор келип кетет. Курбусунун сунушун кабыл алуу мүмкүн эмес, бирок мындай учурда четке кагууга да акысы жоктой. Учу-кыйыры көрүнгүс туңгуюк жол. Себеби бул сунушту кабыл алса, курбусунун күйөөсүнө турмушка чыгып чыккынчылык кылган болот, кабыл албаса, анын балдарына эне болуудан баш тартып чыккынчылык кылган болот. Айтор, баары туман. Канча ойлонгон менен бир жыйынтыкка келе алган жок. Бир күнү Жаннат чыгынып курбусу экөөнүн ортосундагы бул сөздү кайрадан козгоду:
– Тумар, эмне деп чечсең дагы өз оюңду айтчы. Ачыкка чыгып алалы.
– Эмне дээримди да билбей турам. Албетте, сенин керегиңе жарасам болмок дечи... Бирок “жолдошума турмушка чык” дегениң мени ойго салып жатат. Ошол себептен... Жо-ок, мен балдарды карагандан качпай элемин, аларга эне болуп бере алам, бирок...- дегенде Жаннат Тумардын сөзүн оозунан жула:
– Бирок дегениңди уккум келбейт. Сенден бир гана макул деген сөздү күтүп жатам, макул дечи?!
– Кантип? Жаннат, айтсаң, мен кантип сенин күйөөң менен бирге жашайм?
– Жаныбекке сенден башка эч ким татыктуу жар боло албасын билип турам. Мен келбес жайга кеткенден кийин ал жалгыз өмүр сүрмөк беле? 10 күндөн кийинби, 10 жылдан кийинби, акыры бирөөгө үйлөнөт. Балдарымды ойлоп турам да. Аларга өгөй энеси кандай мамиле кылат? Мен көргөн кордукту алар да көрүшөбү? “Энеси жок жетим” дегенди алар да угушабы? Айтсаң, алар да өгөй эненин кордугунда жүрүп чоңоюшабы?
Жаннаттын көзүнөн мончок-мончок аккан жаш жаздыкты суулап жатты. Бул көрүнүшкө Тумар унчукпай карап тура албады. Курбусун аягандыгы ушунчалык, ордунан ыргып туруп эле:
– Ооба, ооба, мен макулмун, Жаннат. Сенин балдарыңды эч кимге кор кылбаймын. Эгер эле тагдыр жолу сага ушунчалык татаал болуп, сенин жолуңду бууп турган болсо, мен сенин жашооңду улантууга даярмын,- деп жиберди.
– Рахмат!
Жаннат шолоктоп ыйлагандан башка эч бир сөз айта албады. Курбулар кучакташкан калыбында бир топко ыйлап алышты. Жаннатка эми чындап жашоосу токтогондой сезилди, ичинен өзүнө-өзү “эми кам санаба. Сенин жашооң уланат, балдарыңа татыктуу эне табылды. Жаныбекке да жарашыктуу жар болот. Бир гана сенин жоктугуң болбосо, жашоо ушул нуктан эч өзгөрүүсүз улана берет” деп жатты. Тумар курбусун кучактаган бойдон телмирип отура берди. Экөөнүн бул абалын Жаннатка дарысын бермекке кирип келген дарыгер бузду.
– Кечиресиз, бейтапка тынчтык керек, ийне салчу убактысы келди. Палатаны бошотуңуз,- дегенде гана Тумар коштошуп чыгып кетти. Жаннат болсо, көздөрүн жумган бойдон терең ойдун кучагында кала берди.
Эки күндөн бери Тумар базарга да барган жок. Ойлонуп жатканы жаткан. Тамак да жебейт, сыртка да чыкпайт. “Мына, тагдырдын тамашасы, күтүүсүз жерден эки балага эне болуп калдым окшойт. Жаныбекти жактырып жүргөн күндөрү “ушул жигит келечекте менин жолдошум болсо экен. Экөөбүз бир үй-бүлө куруп турмуш кечирсек...” деп тиленчү эмес белем Кудайдан. Бирок мен тилегимдин мындай жол менен аткарылышын каалаган эмес элем” деген ойлор... Үчүнчү күн дегенде гана эртең менен эрте туруп душка түшүп, онкологиялык ооруканага жөнөдү. Бул жолу курбулар өткөн-кеткенди эстеп көпкө отурушту. Акырында кеп учугу балдар туурасында уланды.
– Тумар, мен сага ушунчалык ыраазы болуп турам. Балдарымдын энеси катары элестетип да алдым. Мээримдүү эне, кайрымдуу, ыймандуу балдар жана күйүмдүү жолдош болуп турмуш курчудайсыңар. Убактымдын аз же көп экендигин айта албайм. Эрте күндү кеч кылбай, Самат менен Айжамалды көндүрө берейин деп турам. Самат – абдан боорукер бала. Карындашына эмитен күйүмдүү. Топ ойногонду жактырат, сабакта да жакшы окуган окуучулардын катарында. Эми бала болгондон кийин аз-маз тентектик жайы да бар дечи,- деди да бырс этип күлүп жиберди.
– Бир жоругу эсиме түшүп кетти. Анда биринчи класска жаңы барган кез. Эшиктин алдында кошуна балдар менен жашынмак ойноп жүргөн. Кандайча билбейм, айтор, тамдын чатырына чыгып кетиптир. Бир маалда эле “Самат жок” деп ызы-чуу түшүп калдык, издеп жүрөбүз. Көрсө, балам чатырга чыгып жашынып отурган бойдон уктап кетиптир. Бир маалда “апаа” деп чатырдан кыйкырып жатпайбы. Быйыл, буюрса, үчүнчү класста окуп жатат.
Айжамал болсо бир аз эркерээк, анан да эркек мүнөз кыз. Куурчак менен эмес, машина менен ойногонду жактырат,- деди да бир ой келип кеткендей шашыла:
– Тумар, эми сен балдар менен жакындаша беришиң керек. Жаныбек азыр бала багуучу издеп жаткан, сен барбайсыңбы? Эгер албетте, убактың болсо.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Айнура Болот кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Modeshanyi
2012-04-02 11:15:50
kop kop jazgyla4y?
0
ezsuyu
2012-04-02 12:13:58
Bul iylatat okwoyt butku4o
0
solnyshko
2012-04-02 16:34:32
эххххх өлдү эми бүткүчө уктабайм .....Көп көптөн жазгылачыыыыы..... :-(
0
lubov
2012-04-02 18:24:21
Ото кызыгына келди эле гоооо!!!
0
Joke82
2012-04-02 19:07:53
кайфти сындырбай кобуроок жазгылачы сураныч
0
nazgul8076
2012-04-02 20:47:01
Башталышы ушунча кызык, буткучо куто берип, кыйналат экенмин да....
0
antivir
2012-04-02 21:33:53
олбойт го бул я
0
jamek10
2012-04-02 23:47:48
жанагы кино коруп жатып эн кызыктуу жерине келгенде свет очуп калгандай болду го?
0
GER
2012-04-03 16:42:37
коп коптон жазыныздарчы сураныч!!!
0
isana
2012-04-04 17:34:02
Жакшы чыгарма окшойт...
0
aiko8908
2012-04-04 22:53:01
Menim4e Jannat koz jumat okwoit, Tumar anyn aitkandaryn atkarbai, owonduktan 4ygarma Atkarylbagan amanat,kyzyktuu, kaigyluu eken!!!
0
umar_kg
2012-04-09 09:11:22
aiko8908 туура айтасын, Жаннатын аманаты аткарылбай калат окшойт, кызыктуу экен.
0
№ 491, 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан