• Өзүң менен өзүң бетме-бет кезиккенде гана тагдырың өз колуңда экенин туясың.
Альберт Эйнштейн
• Дүйнөдө ушундай да адамдар бар экенине таң калдым. Өзү тагдырын оңдой албайт, бирөөнүкүн бузганга маш.
Мухтар Ауэзов
• Тагдырда кокустук болушу мүмкүн эмес, адам өз тагдырын күтүп албайт, ал өзү менен кошо жаралат. Эгерде сиз кокусунан жазуучу болуп калдым деп ойлосоңуз, жаңылышасыз.
Лев Толстой
• Тагдыр эр жүрөктөрдөн коркот, а коркокторго өз өкүмүн жүргүзөт.
Уильям Мейкпис Теккерей
• Эгерде Жараткан сенин жиндилигиңе карабай өмүрүңдү сактай берсе, демек... Анда сен үчүн өзгөчө планы бар. Кудайдын планын жана өз тагдырыңды өлүм менен өзгөртөм деш акылсыздык.
Василий Шукшин
• Адамдар тагдырды өздөрүнүн каталарын бирөөгө оодарыш үчүн ойлоп табышкан.
Маргарет Митчелл