ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (2-апрелден 8-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта ичинде бир катар кыйынчылыктарга туш болосуз. Ишиңизде бут тосуулар болбосун десеңиз, башкаларга идея жана пландарыңызды айтпаңыз. Үй-бүлөдө түгөйлөр ортосунда пикир келишпестиктер чыгат. Ал эми бойдоктор жакын мамиледеги адамынан кол үзүп калышы мүмкүн. Андыктан шашылыш чечим кабыл албай, аны кийинки аптага жылдырганыңыз оң. Апта соңунда жаңы таанышуулардан оолак болуңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта ичинде жеке жашооңузга байланыштуу чоң өзгөрүүлөр болушу күтүлүүдө. Жумушуңузда кызматтан көтөрүлүшүңүз мүмкүн. Шейшемби – ден соолукка кооптуу күн. Көчөдө жана чарба иштерин аткарууда этияттык талап кылынат. Апта ортосунда бойдоктор түгөйүнө кезигип, айрымдары үй-бүлө курууга кадам ташташы мүмкүн. Жума соңунда бош убактыңызды өзүңүзгө жумшаңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта башында акчага сак болуу керек. Алмаштырууда алданып калуу же колу туткактарга алдырып жиберүү коркунучу бар. Ден соолуктун начарлап кетүүсүнө жол бербөө үчүн жата турган жериңизге көңүл буруңуз. Апта ортосунда жаңы таанышуулардан качпаңыз, жагымдуу маанай тартуулайт. Апта соңунда кимдир бирөөгө убада бербей туруңуз, аткаруу кыйынга туруп калышы мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта башында жумушуңузда күтүлбөгөн жагымдуу окуяга туш болосуз. Бизнес менен алектенгендердин капчыгы кампаят. Шаршембиге чоң ишти белгилебей эле койгонуңуз оң. Жыйынтыгы көңүлдөгүдөй болбой калышы мүмкүн. Жума күнү үй тиричилигинде колдонулуучу химиялык заттарды өлчөмү менен колдонбосоңуз, өзүңүзгө зыян келтирип аласыз. Апта соңунда алыстан жагымсыз кабар келип маанайыңыз чөгөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта башында ишти бүтүрүүгө жумшаган күчүңүз текке кетет. Андыктан аны кийинки күнгө калтырганыңыз оң. Шаршембиде эмоцияга алдырып ката кетирип алуудан сак болуңуз. Аптанын экинчи жарымында акча тартыштыгы жаралышы мүмкүн, андыктан үнөмдүү пайдаланыңыз. Апта соңунда ууланып калуу коркунучу бар, тамак-аштын сапатына көңүл буруңуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Дүйшөмбүдө курч буюмдарды этияттык менен колдонуңуз, бир жериңизди кесип алышыңыз мүмкүн. Шаршембиде кыйынчылыкка карабай белгиленген иштерди бүтүрүүгө тырышсаңыз, жыйынтыгы ийгилик алып келет. Апта ортосунда көңүлүңүздөгү буюмду сатып алууга шарт түзүлөт. Жума күнү көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп чарчайсыз. Апта соңунда эски тааныштардын бирине күтүүсүз кезигип калышыңыз мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта башында жумушуңузда түйшүктүү, кечиктирилгис иштер чыгат. Жоопкерчиликтүү мамиле кылсаңыз, баарын аткарууга жетишесиз. Шаршембиде орунсуз тамашалайм деп жакындарыңыз менен таарынышып кетишиңиз мүмкүн. Апта ортосунда бойдокторду жаңы таанышуулар күтүүдө. Ишемби күнү сизди таң калтырган жагымдуу окуянын күбөсү болосуз. Жекшембиде буюм сатып алуу үчүн соода борборлоруна баш багасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада көптөн бери чечилбеген маселелер оң жагына чечилет. Жакындардын кеңешин угуу ашыкча болбойт. Апта ортосунда документ иштеринде так болуңуз, болбосо кийин талаш маселе жаралышы мүмкүн. Бейшембиде орто жолдо калып кетпеш үчүн бир жакка аттанарда унааңызды текшертип алганыңыз оң. Апта соңунда табият койнунда эс алып, сейилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта ичинде чоң суммадагы акча коротушуңуз мүмкүн. Мурда кылган жакшылыгыңызга жакшылык менен жооп кылган адам сизди кубантат. Алыстагы туугандарыңыздан кабар келиши күтүлүүдө. Жума күнү жагымдуу жолугушуу сизди күтөт. Чырдашкан тараптарга арачы болуп, маселесин чечүүгө жардамыңызды аябаңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жеке жашооңузда ар кандай бут тосуулар болушу мүмкүн. Мурдагы чырдуу маселелерди кайрадан козгоп, тынчыңызды алган адамдарга көңүл бурбай койсоңуз, жеңиш сиз тарапта болмокчу. Шейшембиде кайдигерлик жана жалкоолукка алдырып, маанилүү иштен куру калбаңыз. Апта ортосунда керектүү буюмуңузду жоготуп алышыңыз мүмкүн. Апта соңу үйүңүзгө конок келиши күтүлүүдө.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада кимдир бирөөгө жардам бергениңиз менен, ал сиздин көңүлүңүздү калтырып коюшу мүмкүн. Андыктан ашыгып кол сунбай эле койгонуңуз оң. Ишиңизде убара тартпайын десеңиз, тактык керек. Бейшемби – сиз үчүн оор күн. Уруш-талашка жол бербей, сабырдуу болуңуз. Апта соңунда кумар оюндарына азгыргандардын тузагына илинип калуудан сактаныңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптанын башталышында жашоо ыргагы калыптагыдай болбой маанайыңыз чөгүшү мүмкүн. Шаршембиде ишиңиздин жыйынтыгы сиз күткөндөн дагы жакшы ийгилик алып келиши күтүлүүдө. Жума күнү алыс жолго аттануудан баш тартыңыз, сиз үчүн кооптуу. Апта соңундагы окуя жеке жашооңузга чоң өзгөртүү киргизиши мүмкүн. Бирок акыл менен кадам таштаңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ilgez
2012-04-04 14:57:23
анча ишене бербейм,бирок баары бир окуй берем. бул чоооооон куноо боло керек Исламда, Алла Таалага ширк кылгандык. билгендер болсо жооп жазып койсонор, кызыкчылыкка окуп койсо да шмрк келтиргендик болобу ????
0
aida_nurik
2012-04-06 09:23:08
ilgez, корунгон жерге эле алла таланы кошуп журо бересинби?бул жерде эч кандай шек келтируу жок! ишенбесен ишенбе и жазба экинчи,бул нерсе болжоол менен айтылат а точно ошондой деп жазылбайт эч качан.бул жон эле жылдыз толго деп коёт кимге туура чыгып шайкеш келип калса ал адам убактылуу озун-озу суйундуруп,оз маанайын которуп психически айныбай озун-озу колдоп турат умуттонуп турат!..эсли менин кенеш,насаатарыма тушунбой калсам бул номерге чал 0559 55 66 37
0
№ 491, 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан