Автоунаа өндүрүшүндө атайын айымдар үчүн деп автоунаалар чыгарылбайт. Бирок А, В жана С классындагы автоунаалар айымдарга ыңгайлуу деп айтылат. Бул класска күйүүчү майды аз сарптагандар кирет.
ЭМНЕ ҮЧҮН АЙЫМДАРГА ЫҢГАЙЛУУ?
Кичи көлөмдөгү автоунаалардын чыгашасы аз жана башкарууга жеңил. Сырткы көрүнүшү жагынан да айымдарга төп жарашат. Эми андай автоунаалардын артыкчылык жана кемчиликтерин санап өтсөк.
Артыкчылыктары:
1. Эң башкысы – үнөмдүүлүгү.
2. Көлөмү кичине болгондуктан, рулга жаңы отурган айым башкарууну тез өздөштүрүп кетет.
3. Шаардын көчөлөрүндө жүрүүгө ыңгайлуу жана токтотуучу жайга койгондо чоң орунду талап кылбайт.
4. Кыймылдаткычынын көлөмү кичине болгондуктан, жылына төлөнүүчү автоунаа үчүн болгон салыктын суммасы анча чоң эмес.
5. Кыштын күнү сыртын тазалоо көп убакытты албайт жана чоң автоунаага салыштырмалуу көп күч керектелбейт.
6. Тетиктери жана оңдоп-түзөө иштери боюнча көрсөткөн кызматтын акысы да арзан.
7. Абага күйгөн газды аз көлөмдө чыгарат.
Кемчиликтери:
1. Негизин түзгөн асмасы (подвеска) өтө жумшак.
2. Сырткы үндөрдөн коргоосу начар. Башкача айтканда, үн угулуп турат.
3. Оор жүк көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү жетпейт.
4. Ылдамдыгы өтө жогору эмес, кыймылдаткычынын күчү төмөнүрөөк.
5. Беш кишиге ылайыкталган болсо да, төрт киши гана кенен отура алат, айдоочуну кошкондо.
6. Катуу шамалга туруштук бере албайт. Эгер капталынан катуу ылдамдыктагы шамал болсо, көңтөрүлүп калуу коркунучу бар.
Көлөмүнө жараша А, В жана С классындагы автоунаалардын бөлүнүшү
А класс:
В класс:
С класс (гольф класс):
Аталган класска кирген үлгүлөр: Фольксваген Гольф, Скода Октавиа, Опел Астра, Форд Эскорт жана Фокус, Ауди А 3, Фиат Браво, Ниссан Альмера, Тойота Королла, Дэу Нексия жана башкалар.
АВТОУНААНЫН КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫНЫН КӨЛӨМҮ (V) БОЮНЧА ДА ТӨМӨНДӨГҮДӨЙ БӨЛҮНӨТ:
V 1,2 (өтө аз сарптагандар) – 100 чакырымга 5-6 литрге чейин ичет.
V 1,2-1,8 (аз сарптагандар) – 100 чакырымга 6-8 литрге чейин ичет.
V 1,8-3,5 (орточо сарптагандар) – 8-18 литрге чейин ичет.
V 3,5 (көп сарптагандар) – 18 литрден жогору ичет.
КОЛДОНУЛГАН АВТОУНААНЫ САТЫП АЛУУДА…
КАЙСЫ ҮЛГҮДӨГҮ МАШИНАНЫ БААЛАЙСЫЗ?
Асема:
– Лексус LX 300 үлгүсүндөгү автоунааны баалайм. Себеби асты жерден бир топ бийик болгондуктан, биздин бузулган жолдорубузга ыңгайлуу. Тетиктерин да оңой табууга болот. Көлөмү чоң эмес, шаар ичинде айдаганга ыңгайлуу. Башка автоунааларга караганда күйүүчү майды аз сарптайт. Ал эми жапыз автоунаалар асты жерге тийе берип бат бузулат да, чыгымы көп болуп кетет.
Гүлшайыр Садыбакасова:
– Мен 1983-жылдан бери рулдамын. Учурда Прадо Ленд Крузер жана Лексус rx 300 үлгүсүндөгү унаам бар.
Биринчи айтып өткөн маркадагы унаамды жакында эле туугандарым белек кылып сүйүнтүштү. Бул менин
көңүлүмө жаккан үлгүлөрдүн бири болчу, сегизинчи унаам болуп калды. Мен ушундай чоң машиналарды баалайм.
Назира Айтбекова:
– Мен учурда Лексус rx 300 үлгүсүндөгү автоунаага кантип жетсем экен деп күйөөмө улам-улам айтып "намёк" берип жаткан кезим. Көчөдөн көрүп калсам, мойнумду болушунча буруп дегендей (күлүп). Мага анын сырткы көрүнүшү эле абдан жагат жана досторум да айтып калышат, “мыкты машина” деп. Учурда Хонда СR V үлгүсүндөгү унаа менен жүрөм, газ менен тормозду алмаштырып албай айдаганыма сүйүнүп.
Кыял Шаршеева:
– Мм, мага бузулбай жүрүп турган автоунаанын баары эле жагат (күлүп). Учурда Мазда Кседокс 6 жана Мерседес Е 240 үлгүсүндөгү автоунааларым бар. Күйүүчү майды аз сарптагандыктан, көбүнчө Мазданы айдайм. Негизинен, Мерседестин акыркы чыккан S класстагылары авто сүйүүчүлөрдүн сөзү менен айтканда, “лисичка” дегени абдан жагат. Кудай буюрса, жакында бул үлгүдөгү унааны алам.
Динара Акулова:
– Мага Мерседес үлгүсүндөгү бардык автоунаалар жагат. Мерседес көрүнүшү жагынан айымдарга да жарашат.
Ал эми БМВ үлгүсүндөгү автолорду мен эркектерге ылайыктуу дегим келет.
Учурда Ниссан Х-Трейл үлгүсүндөгү машина минип жүрөм.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg