Азыркы заманда ушундай мээримдүү, өз бактысын башкалар үчүн курмандыкка чалган адамдар бар экендигине таң калдым. Кайрат да башынан өткөнүн айтып берип, бир топ жеңилдеп калганын айтты. "Эркектердин ашыкча мээримдүү болгону өз башына муш экен",- деди ал кайгылуу жылмая коштошуп жатып.
"МАЛ САРАЙГА ТҮНӨГӨН УЧУРЛАРЫМ БОЛДУ"
– Бир кезде биз да бактылуу үй-бүлө элек. Атам, апам, агам, мен, эки карындашым... Мен жети жашка чыкканда атабыздан айрылып калдык. Артынан агам каза болду. Эки жыл өтүп, апам экинчи жолу турмушка чыкты. Өгөй ата баары бир өз атадай болбойт экен. Күндө уруш-талаш, жек көрүү...
Кээде түнкү саат 2-3тө келип ызы-чуу салып, уктап жаткан жерибизден эшикке кууп чыгып, апамды тырпыратып сабап жатып калчу. Карындаштарым менен мал сарайга түнөп калган да күндөр болду. Апамдын бетинен көгү кетчү эмес. Чоң класстарда окуп жүргөндө атамдын ичкенин таштатайын деп дин жолуна да түштүм. Айылда имамдан молдо болууга чейин жетиштим, "Аракечтин баласы кантип молдо болмок эле?" деген сөздөр чыкпай койгон жок. Ал арада аскерге чакырылып, милдетимди өтөөгө кеттим. Аскерден келген соң үйгө, мурунку жашоого барууну каалабадым. Бирок айылдан "апаң катуу ооруп калды" деген кабар келип, тынчсызданып айылга жөнөдүм. Баягы эле жашоо экен, атабыз карыса да кол көтөргөнүн койбоптур.
"БАЛАНЫ МЕНДЕН ДЕП АЛДООГО ТУУРА КЕЛДИ"
– Шаарда 2 жумушта иштеп, апама каралашып акча салып жүрдүм. Ортодон Айсулуу аттуу кыз менен таанышып калдым. Чындыгында, катуу сүйдүм. Кара боёк менен боёлгон жашоомо башка түстөр да аралаша баштады. Бирок Айсулуумду ала качып кетишти. Өкүндүм, өксүдүм, үйлөнгөнгө шартым жок үчүн эле айрылып калдым. Айсулуу менин жүрөгүмө жалгыздыкты таштап кетти. Өзүм жалгыз сейил бакты аралап түн бир убакка чейин жүргөндү адатка айланттым.
Бир ирет адатымча максатсыз сейил бакты аралап жүрсөм, бир жаш кыздын өксүп ыйлап жатканына көзүм түштү. Негедир анын жанынан кайдигер өтүп кете алган жокмун. Жанына барып сүйлөшүп, сооротуп жаттым. "Телефонуңузду бериңизчи, маяк берип алайын",- деди. Көп өтпөй кайрадан жолугуштук, көрсө, ошондо ал менин телефонумдан өзүнө маяк таштаган экен. Экөөбүз 3 күндөн кийин дагы жолугушмак болуп, ал "мен эжемдин үйүндө жашайм, ошол жактан алып кет" деди. Кечинде эжесиникине барсам, ал сөзгө келбей "сенсиңби, Кайрат деген бала, кана, Айгерим?" деп орой сурады. Айгерим өз өмүрүн кыярын айтып, коштошуу катын жазганын кабарлады. Издеп жүрүп түнкү саат 11ден өтүп калганда темир жол тараптан таптым. "Мени үйгө алып барба, башка жакка алып кетчи" деп суранды. Үйүмө алып баруудан тартынып, мейманканага алып бардым. "Коньяк заказ кылчы",- деди Айгерим. Бир бөтөлкө коньякты ичип, "бул жетпейт" деди. Мен эшикке чыгып дагы алып келип бердим. Ал, болгону, 11-класстын окуучусу экенин, сүйгөнүнөн боюна бүтүп, бирок ал башка кызга үйлөнүп жатканын айтып көз жашын төктү. Акырында "мен өз жашоомду кыям, кантип жашайм ушундайдан кийин?!" деп өксүп кирди. Эмне кыларымды билбей делдейип турдум. Эртеси "кечке чейин мени күт" деп коштоштум. Баарына көз жуумп, Айгеримдин жанын сакташ үчүн ага үйлөнүүнү чечтим. Ошентип, Айгеримдин 5 айлык боюнда бар кезинде үйлөндүк. Элге "менин балам" деп жарыя кылдым. Айылга жөнөп, апамдар менен бирге 2 ай жашадык. Анан кайрадан шаарга кайттык. Жашообуз оңолбоду.
Айгеримдин апасы келип "мен баарын билем, бул бала сеники эмес, неге бизди алдап жатасың?" дейт. Мен эч нерсе дебедим. Себеби мен Айгеримге үйлөнөрдө анын сырын эч бир жанга айтпайм деп убада бергем. Акыры жашаган жерибизге келип, "ушинтип да жашайсыңарбы?" деп 2 бөлмөлүү батирге киргизишти. Мен 3 жумушта иштеп жүрүп 12 миң доллар чогулттум. Кайненем үстүнө 30 миң доллар кошуп үй алып берди. 4 айдан кийин жубайым көз жарып, уулдуу болдук. Айгерим бир айда 3-4 жолу "Нарынга, төркүнүмө" деп кетчү. Мен ага ишенчүмүн, ошон үчүн андан шек санабай кала берчү элем.
"МЕНИН УУЛУМ ЭМЕС, БИРОК МЕНИКИ"
– Кийин корейлер менен иштешип калып, алар мага эс алууга 2 жолдомо беришти. Мен балам менен аялымды жибердим. 3 күндөн кийин досум чалып "аялыңды автобекеттен көрдүм" дейт, дароо жетип бардым. Досум алдабайт эле, жүрөгүм бир нерсени сезди. Аялым эч нерседен сыр бербей 12 күндөн кийин кытай камырларын көтөрүп алып келди. Унчукпадым, баарын менин өңүмдөн эле түшүндү окшойт. Жашоо болбой калганын, ажыраша турганымды айттым.
Аялым Алтынбек аттуу адам менен жашыруун жолугушуп жүргөнүн билген элем. Ал анын мурунку сүйүүсү, баланын атасы эле. Мен "баланы мага калтыр" дедим, анткени меники болбосо да өзүмдүкүнөн артык жакшы көрчүмүн. Бирок Айгерим менин акыркы үмүтүмдү да соолутту. Баланы алып кетип төркүндөрүнө берип таштады. Мен баладан айрылганымды көтөрө албадым көрүнөт. Ичкиликке берилип кеттим, кадимки селсаякка айландым.
Күндөрдүн биринде таштандыларды аңтарып жатсам, таажеңем таштанды таштап жаткан экен. Жүрөгү түшүп "Кайрат, сенби?" деп кыйкырып калды. Көргөн көзүнө ишенбей турду, кургурдуку! "Кайрат эмесмин" деп бара жатсам, алдымдан таякем чыкпаспы! Урду, сөктү, үйүнө алып кирип жуунтуп, курсагымды тойгузушту.
Айгеримдин Алтынбек менен чогуу жашап жатканын уктум. 4 айдан кийин ажырашышты, кийин дагы күйөөгө тийди, аны менен да жашоосу көпкө узабады. Азыр өзүнөн улуу кишиге турмушка чыкканын уктум, бактылуу бол деп гана айтам. Болгону, ал үчүн тагдырым талкаланып калганы өкүндүрөт. "Эмнеге өзүмдөн бала болгон жок?" деп көп ойлончумун, көрсө, аялым үч жолу боюнан алдырыптыр. Буларды билген соң ого бетер көңүлүм сууду. Азыр кайрадан өзүмө келип, жаңы жашоо баштайын деп турам. Балким, бактысыз адамдырмын?.. Бирок мен учурунда эки адамдын жанын алып калганыма сүйүнөм. Мен уулум деп атаган наристе азыр 5 жашка чыгып калды. Уулум, качандыр бир кезде мен сенин атаң эмес экенимди өзүңө түшүндүрүп берсем экен, жүрөгүңдү жаралап албасам экен деп тилейм!
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg