Бири тентек ак улак,
Бири мүйүздүү кара улак.
Энесинин эмчегин,
Эмип жатат канча улак?
Эмилдин бар токтусу,
Эгиз тууду токтусу.
Канча болду, тапкыла,
Кою менен козусу?
Элмирада бир куурчак,
Эркинайда үч куурчак.
Экөөнүкүн кошкондо,
Куурчак болду бир кучак.
Эрмек тикти эки алма,
Эсен тикти үч алма.
Эми биздин короодо,
Болуп калды канча алма?
Асек Казиев