БУУДАЙ МАШАГЫ

Илгери-илгери Айлан, Көчөк аттуу эки чычкан жана Алтын Моюн деген короз кошуна жашашыптыр. Чычкандардын эртеден кечке кылган жумушу ырдап-бийлөө болгон дешет. Ал эми короз таң атпай жан-жаныбарлардын баарын ырдап ойготуп, анан өз жумушуна киришчү экен.
Бир күнү короону шыпырып жаткан Алтын Моюн буудай машагын таап алат да:
– Эй, Айлан, Көчөк, карагылачы, мен буудай машагын таап алдым. Кимиңер чыгарасыңар?- десе, экөө тең «мен эмес» деген жооп узатышат. «Макул, анда өзүм чыгарайын» деп ишке киришкен Алтын Моюн бат эле бүтүрүп:
– Достор, эми муну тегирменге тарттырып келүү керек. Кимиңер бошсуңар?- дейт. Чычкандар адатынча «бош эмеспиз» деп баш чайкашат. Короз мүшөктү ийинине асып, өзү тегирменге жөнөйт. Ал эми эки чычкан оюн салып киришет.
Алтын Моюн тегирменден унду көтөрүп келгенде тиги экөө андан «эми мындан таттуу токоч жасайбызбы?» деп сурашат.
– Ооба, жасайбыз. Бирок ким жасайт?- дегенде чычкандар «биз эмес» деп баш чайкашат.
– Силер жасабасаңар, анда мен өзүм...- деген Алтын Моюн бат эле таттуу токоч бышырып дасторконго коёт. Чакыртпай эле келишкен Айлан менен Көчөккө:
– Балдар, алгач мага айткылачы, машакты ким тапты?
– Сен!
– Данды ким чыгарды?
– Сен! Токочту да сен бышыр­дың.
– А силер эмне кылдыңар?
Короздун акыркы суроосуна жооп таба албай уялган тиги экөө акырын сыртка жылып жөнөшөт. Бирок Алтын Моюн аларды токтотуп:
– Достор, экинчи мындай кылбай жүргүлө,- деп токочунан бөлүп бериптир.

Дамира Арстанова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 491, 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан