Рейтингдер жыйынтыгы боюнча акылдуу блондинкалардын катарын толуктаган Шарлиз Тэрон балалуу болуу кыялын орундатты. Түштүк африкалык актриса Жексон аттуу кичинекей наристенин апасы болуп отурат. Актрисанын атайын өкүлү Шарлиздин бала багып алганын тастыктады. Эске салсак, 35 жаштагы актриса буга чейин күйөөгө чыккан эмес жана балдары жок. Учурда бойдок, 9 жыл сүйлөшүп жүргөн жигити, ирландиялык актёр Стюарт Таунсенд менен 2 жыл мурун кол үзүшкөн.