Олигарх Владислав Дорониндин жубайы Екатерина супермодель Наоми Кэмпбеллди бузуку деп айыптады. Анын билдирүүсүндө, Наомиге чейин Владислав экөө 15 жаштагы Катя деген кызын тарбиялап, 24 жыл бактылуу үй-бүлө куруп келген. Олигарх жубайы менен азыркыга чейин ажыраша элек экенин жана аялы ажырашууга макулдугун бербестигин жар салды. Айрымдар Екатеринанын бул билдирүүсүн мыйыгынан күлүү менен кабыл алышты. Дорониндин досторунун айтуусунда, ал жубайы менен чогуу жашабаганына 10 жылдын жүзү болуптур.