ЖЫЛДЫЗДАР ЭРӨӨЛҮ

Ырас, ырчы болгон соң алардын арасында ачыкпы, көмүскөбү, айтор, атаандаштык бар. Ошондуктан бүгүн Орусиянын жана өзүбүздүн популярдуу ырчыларды салыштырып көрүүнү чечтик. Ырчылар тууралуу келтирилген мисалдардан соң кимиси мыкты экенин өзүңүздөр баамдап көрүңүздөр.

НЕЛЯ

Билими
Нелянын жогорку билими бар. Бирок ырчылык жаатында эмес. 0

Мүнөзү
Неля абдан назик, созолонгон айым. +1

Жеке жашоодо

  • Неля популярдуу ырчы Урмат Усеновдун жубайы. +2
  • Нурэл жана Жазель аттуу уул-кыздын энеси. +2
  • Неля алгач Мерседес үлгүсүндөгү темир аргымак айдаган. +2
  • Ырчылыктан тышкары өнөрүн эл көрө элек. 0
  • Ал ырчылык менен катар учурда балдары менен үйдө. 0
  • Неляга Урмат грек стилинде жасалгаланган үй салып тартуулады. +1

Мектепте
Неля «мектепте өтө тентек, эрке кыз болгом» дейт. 0




Чыгармачылыкта

  • Неля Кыргызстандын атынан “Түркчөвизион” сынагына катышып келген. +1
  • “Супер-Инфонун” версиясы боюнча “2006, 2008-жылдардын супер ырчы айымы” наамынын ээси. +2
  • Неля сахнада бурала чыгыш бийин бийлеп, көрөрмандардын көңүлүн өзүнө бура алат. +1

БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА

Мектепте
Ал эми Бактыгүл апасынын жеңилин жерден, оорун колдон алып, базарда дарбыз сатып иштегенин эскерет. Андыктан Бактыгүлгө +1



Билими
Бактыгүл 2008-жылы Улуттук консерваторияга тапшыргандыгын кабарлаган. Окуусун бүткөн-бүтпөгөндүгүн маалымдай элек. 0

Мүнөзү
Бактыгүл – ачык-айрым, баарын бетке айткан бийкеч. +1

Жеке жашоодо

  • Бактыгүл учурунда популярдуу ырчы Урмат Усенов менен кыз-жигит болгон. +1
  • Учурда бойдок, “мен кыялымдагы ханзаадага жолуктум, бактылуумун” дейт. +1
  • Бактыгүлдүн алгачкы темир тулпары Гольф үлгүсүндө болгон. +1
  • Бактыгүл өзүн дизайнер-модельер катары сынап, кийимдер коллекциясын элге тартуулап, айрым жылдыздарды кийинтүүдө. +1
  • Ырчылык менен катар сулуулук борборун ачып, өзүн бизнес жаатында сынап көрүүдө. +1
  • Бул айым сахна босогосун аттагандан көп өтпөй эле баш калаадан 2 бөлмөлүү үй алып, кийинчерээк шаар четинен чоң үй салууга киришкен. +2

Чыгармачылыкта

  • Эл аралык сынактарга катыша элек. 0
  • “Супер-Инфонун” версиясы боюнча “2007-жылдын супер ырчы айымы” наамынын ээси. +1
  • Бактыгүл да бий ийримине катышып жатканын айтып чыкканы бар. Бирок жыйынтыгын элге тартуулай элек. 0

Айбек Нурадилов
star@super.kg

ТИМАТИ

Билими

  • Тиматиге ата-энеси шарт түзүп берсе да, күнүмдүк көңүл ачууга азгырылып, окуусун таштап койгон. Жогорку билими жок. 0

Чыгармачылыкта

  • Тимати 15 жашында “VIP 77” тобун түзөт. Ал топ бат эле чачырап кеткен. +1
  • Тимати дүйнө жылдыздары Снуп Дог, Баста Раймс, Пафф Дэдди, Эксзибит, Марио Уайнанс, Фет Жо, Крейг Дэвид сыяктуу жылдыздар менен иштешкенге жетишкен. +2
  • Тимати 3 ыр жыйнак чыгарган. +1

Сүйүү романы

  • Кичинесинен кыз жандуу. Ырчы Алекса, телеалпаруучу Ксения Собчак, 2009-жылдагы «Орусиянын сулуусу» Софья Рудьева, 2006-жылкы «Украинанын сулуусу» Инна Цимбалюк жана башка кыздар менен сүйүү романдары болгон. +2

Наамдары

  • 2010-жылы «Труд» гезитинин версиясы боюнча «Эң чырайлуу мырза» наамына ээ болгон. + 1
  • 2007-жылы мыкты клубдук персонаж катары “Night Life Awards” сыйлыгын алган. + 1

Байлыгы

  • “Black Star october” рестораны, “Black Star october bar” бары, “Black Star by TIMATI” кийимдер бренди, “Black Star club” клубу жана башка. + 1
  • Тиматинин жылдык кирешеси 1,5 миллион доллардын тегерегинде (“Форбс”). + 1
  • Тиматинин гонорары 15 миң еврого чейин. + 1

ДИМА БИЛАН

Наамдары

  • Дима Билан Кабардин-Балкариянын, Чечен Республикасынын, Ингушетиянын Эмгек сиңирген артисти, Кабардин-Балкариянын Эл артисти. +2

2006-2009-жылдары “Glamour” журналынын версиясы менен “Жылдын мырзасы” аталган. +1

Байлыгы

  • Дима Биландын чыгармачылыктан тапкан бир жылдык кирешеси 4 миллион 3 жүз миң долларды түзөт (“Форбс”). +1
  • Диманын гонорары 50 миң еврого чейин. +2

Билими

  • Дима Билан Гнесиных атындагы Мамлекеттик музыкалык училищеде, ГИТИСте окуган. +1

Чыгармачылыкта

  • Дима Билан 18 жашында “Чунга-Чанга” фестивалына катышып, Иосиф Кобзондун колунан диплом алган. +1
  • “Евровидение” сынагында Орусиянын намысын эки жолу коргогон: 2006-жылы экинчи орунду алса, 2008-жылы биринчиликти жеңип алып, Орусиянын тарыхында алгачкы жолу сынактын жеңүүчүсү аталган. +2
  • Диманын 6 ыр жыйнагы бар. +2

Сүйүү романы

  • Дима моделдер Лена Кулецкая, Юлиана Крылова жана Оксана Трунова өңдүү сулуулар менен сүйүү мамиледе болгон. +1

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылдыздар эрөөлү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
toktonazarova
2012-04-02 21:48:27
AiTuShKa туура айтат супер клип наамын да алган Бактыгул ал кайда калды!!! Ким силер менен жакын байланышта болсо ошону которо берген болбойт да,туура таразалаш керек.
0
mek-81kg
2012-04-03 10:03:14
эмне болгондо да бактылуу болушсун Урмат менен Неля, ал эми Бактыгул чынында акчага кобуроок кызыккан кыз экен бирок ар ибр адам бактылуу болушка озу аракет кылыш керк да. Саг да ийгилик Бактыгыл эртерээк турмушка чык.
0
Suiuktuu
2012-04-03 14:55:48
Эки тоо кезикпейт, эки адам кезигет дегендей бир күнү болбосо да бир күнү экөө жуз көрүшүп калат деп ойлойм. Балким чындап эле Нелянын мыктылыгынан Урмат ушул жолду тандагандыр. Бирок Бактыгүл да чөгүп кеткен жок. Бул жагынан азамат. Эми өз очогун таап, бактылуу болсун.
0
amerikano
2012-04-03 15:00:47
Даа, издавна сложилась традиция сравнивать певичек Нэлю и Бакулю, точнее говоря с того момента, когда они начали борьбу за Усенова. возможно это интересно для кого-то (в первую очередь для самих героев этого сравнения), однако для многих все и так ясно. Бакуля многого достигла в бизнесе. Нэля выиграла в личной жизни, жена и уже мать двоих детей.
0
amerikano
2012-04-03 15:02:06
А для женщины самое важное - это простое женское счастье, а не безделушки и шмотки(((((((((
0
shirin27
2012-04-03 21:35:28
vot bakulyanin kokoyto sponsoru bar dep ukkanim bar.............. chin beken ushul? stranno,
no jalgiz ona ne mogla dostich tokie uspehi,korgo da maalim,
kak tam bakulyanin kizi bar dep da kop ugabiz,......, bir ubakta semirip jok bolup ketpedi bele, i bila poje na beremennuyu,,,,
mne prosto stranno esli pravda eto ochemu ne govorit .... nu amaan bolgula emnesi bolsoda,
0
Tagdyr
2012-04-04 14:54:21
Мен Бактыгүлдү колдойм. Мурун Аида Кулуева, Айжан Газиева деген ырчы кыздар деле бар эмес беле. Алар азыр өчүп калышты. Ал эми Бактыгүл шоу дүйнөдө да, бизнесте да өзүн жакшы жагынан көргөзүп келатат. Азыр жашоодо ыгын таап жашагандардын заманы.
0
meliss
2012-04-04 15:56:31
бакуля молодец карагыла базарда дарбыз сатып эми шоу дуйнодо популярду бизнес леди
0
tatakozy
2012-04-04 17:58:23
meliss, Да она молодец!!!!!!!!
0
ruatilla
2012-04-05 22:30:08
Nelia ty super. Ya ochen ochen lybly tebya. Ty molodec. Uspevaew vo vsem. Kstati v Tyrcii klassno prosto wikarno vystypila ya tak gordilas toboi. Umnica.... Vpered Nelia Forever
0
kyrgyzajym
2012-04-08 13:47:48
Anda Baktygul jakynda turmushka 4ygyp,naristeluu bolso Neljadan da ashyp ketet turbajby :)
Baktygul azamatsyn!Alga.Men sendej kurbuluu bolgum kelet
0
kaniet
2012-04-08 14:44:15
Неля-абдан акылдуу, аябай назик, ото талантту кыз. Мына эми эки баланын энеси болуп, башына ак жолугу жарашып, мээримдуу эне, суйуктуу жар болуп олтурган кези.Неля-сен азаматсын!Сага бакыт,ийгилик каалайм!Кыздуу болсом атын Неля коем деген ниетим бар, сендей болсун деп!
0
Peku
2012-04-09 14:35:58
Смеется тот кто смеется последним! Бакуля будет самой счастливой!!!!Анда дагы байкуштар коро албай дагы бир нерсени чыгарасынар го!!!!! Особенно тиги эки шордуу Урмат менен Неля!!!! коп коптон туз чалагыла!! Вы стоите друг друга!!!!! Скоро Бакуличка выйдет замуж!!!!!!! Кусайте ногти, она покажет вам еще!!!!
0
Peku
2012-04-11 11:15:50
сравнивать их смешно!!!!! Бакуля это Бакуля, и по красоте и по всякому Нелечке до нее жить до жить!!!!!!!!!!!
0
saltu25
2012-04-18 12:14:17
Бакуля красавица...
0
zina88
2012-12-03 22:49:14
Неля самая красивая певица в Кыргызстане.Урмат самый счастливый человек за то что у него такая жена. А про Бакулю молчу нечего сказать.
0
№ 491, 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан