Жашаган жери – Орто Азия, Индия, Африка, Жаңы Зеландия.
Салмагы – 700-1500 грамм.
Кирпи эркиндикте 2-7 жыл, ал эми колдо багууда 8-16 жыл жашайт.
Куйругунун узундугу – 3 сантиметр.
Кирпинин кулактуу түрүн да (Пакистан, Ооганстанда) кездештирүүгө болот. Кулагынын
узундугу – 3-5 сантиметр.
Чоң кирпиде узундугу 3 сантиметрге чейин жеткен 5-6 миң, кичинесинде 3 миңге чейин ийне болот. Ийнелери кирпини душмандарынан, мисалы, түлкүдөн, карышкырдан жана үкү сыяктуу жырткыч куштардан сактайт. Душманынын келе жатканын сезген кирпи топтоголок болуп жатып калат.
Денесинин узундугу – 20-30 сантиметр.
Ноябрдан апрель айына чейин аюу сыяктуу чээнге кирип уктайт.