“Сулуулар жана миллион” тасмасында элдин эсинде кала турган бир каарман бар. Ал тасмада адилеттикти издеген кыздын ролун жараткан. Чыныгы жашоодо Айжана кандай кыз экени сизге да кызыкпы?
Айжана Джусупова – 27 жашта
Тартылган тасмасы – "Сулуулар жана миллион"
Кесиби – Юрист
Учурда – Бойдок, жеке бизнес менен алектенет
Үй-бүлөдө эки бир туугандын кичүүсү
– Айжана, айтсаң, өзүңдү актриса катары эсептейсиңби?
– Актриса деп эсептебейм деле. Болгону, мага сунушталган роль болуп калса ойлонуп, жакса ойноп калам.
– “Сулуулар жана миллион” тасмасына кантип тартылып калдың?
– Прагадан окуумду бүтөрүм менен Бишкектеги бир интернет-сайтта директор болуп иштегем. Ал жакта Венера аттуу кесиптешим драмалык тасмага чакырып калды. Андан режиссёр Нурлан Разакулов байкап калып, минтип роль жаратып отурам. Башында көпкө ойлонгом. Мен кадимки кыздардай эмесмин, ошентсе да тобокелге салдым. Негизи эле ар кандай ролдо өзүмдү сынап көргүм келет.
– Кайсы сюжетти көп жолу тарттыңар?
– Амаль, Гүлжигит экөөнүн чүмбөт жамынып алып чуркаган жери бар. Эми аны сөз менен айтып бере албайсың, ушунчалык сексуалдуу чуркашат экен. Ошол учурду көпкө тартканбыз. Анткени биз эмоцияларды билдиришибиз керек болчу. Аны унутуп, Аида экөөбүз жигиттерден көзүбүздү ала албай же күлкүбүздү тыя албай убара болгонбуз.
– Ролуң өзүңө жактыбы?
– Фильмде мен адилеттүүлүккө умтулган, ак ниет кыздын ролун ойнодум. Бир аз оройлугун эске албаганда, менин эле сапаттарымдай экен.
– Дарегиңе кандай сындар айтылууда?
– Тасмадан кийин тааныштарым жасалмасы жок ойнопсуң дешти. Интернет булактарында да сындар көп айтылат. Бирок мен өзүм үчүн бир нерсени кабыл алгам, сындарды окубайм деп. Анткени ар кандай адамдар бар да, баары объективдүү сын айтпайт. Терс сындарды окуп, көңүлүмдү чөктүргүм келбейт.
– Сени тааныгандар болуп жатабы?
– Ооба, кол тамга да сурап калышат. Көп жылдан бери соода борборунда бутик иштетем. Мени менен чогуу иштегендер эле кээде “сен ушул жакта иштейсиңби?” деп калышканда аргасыздан жылмаям. Кинодон кийин элдин көзүнө көрүнүп калгам го, сыягы.
– Жеке жашоого убакыт барбы?
– Менин жумушум менен жеке жашоого убакыт табыш кыйын. Айланамда эркектер көп эле, бирок ар дайым мени менен болчу адам жок. Сырткы келбетке карап мамиле кылгандар болсо, албетте, жанымдагы сулууну карашат. А бирок дасторкондо отуруп, мени менен баарлашып калганда мага тартылышат.
– Кошумча эмне менен алектенесиң?
– Бош болуп калган кезде чыгарма жазам. Жакында китеп кылып басмадан чыгарсамбы деп жүрөм. Андан сырткары кыздар менен караоке, кафелерге, бассейнге барабыз. Бат-баттан чет өлкөгө эс алууга барып турам. Кыскасы, ар бир күнүмдү текке кетирбегенге аракет кылам.
– Тасманын кандай өзгөчөлүгү бар?
– Бизде көбүнчө кыргыздардын жетишпеген турмушу тууралуу, оор тагдырларды тарта беришет. Бул тасма позитивдүү маанай тартуулайт, андыктан сөзсүз жылмаюу жаратат деген ойдомун.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg