ЖООЛУКТУН ЖОЛ-ЖОБОСУ

Кыргыздарда эзелтеден эле жоолук өзгөчө бааланып келет. “Ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн” деген алкоонун ичинде эле көп нерсе жаткандай. Бул “кара жоолук салынбасын, турмушунан мүдүрүлбөсүн” деген жакшы тилек. Бүгүн биз жоолук тууралуу изилдеп көрөлү дедик.

Өңдөрү боюнча:

Ак – жакшылыктын жышааны деп таанылган.
Кара – аза күтүү түсү.
Көк – түштүктө аза күтүүдө ушул түс да кеңири колдонулат. Буга коңшу мамлекеттердин (өзбектерде, тажиктерде көк түс – азанын түсү) таасири болсо керек. Көк түс – кыргыздарда майрам, салтанаттын белгиси.
Башка түстөр жөн гана көрк үчүн салынат.

Максат Мамбеталиев, КМДБнын басма сөз кызматынын пресс-катчысы:
– Тарыхка кайрылсак, ислам динине чейин «аялдар жоолук салынсын» деген эреже жок болчу. Кийин гана пайда болгон. Анткени күң аялдарга да, күйөөлүү аялдарга да бирдей мамиле жасалгандыгынан улам эркектер аялын кантип башка эркектердин көзүнөн алакчылоону ойлошот. Себеби алар көчөдө бара жатканда эркектер ар кандай сөз айтып, тийишчү. Аялдарды айырмалоо максатында күйөөлүү аялдар жоолук салынсын делинген. Ошондон улам кыз турмушка чыкканда жоолук салынат жана өмүр бою жоолукчан жүрөт. Жоолук – аялды жаман көздөн, жаман сөздөн, эркектердин ашыкча көңүл буруусунан сактайт. Кыргыздын аялдары жоолук салынып жүргөнү эле туура.


Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер:
– Илгери кыз баланын 3-4 жашына чейин чачы өстүрүлгөн эмес. Кийин чачы өскөн соң ага бир байламга жараган жоолук салышчу. Бул эң биринчиден, тазалык, тыкандыктын талабы. Тамак-аштын үстүнө чач-кыл түшпөө үчүн баш кийимин түшүрчү эмес. Тамак-аштан же эркектин кийиминен аялдын чачы чыгуу уят көрүнүш болуп эсептелинген. Ал эми жоолук салынуунун дин менен эч кандай байланышы жок. Мурун кыз эле эмес, бала да жылаң баш жүрчү эмес. Жоолук же баш кийим кийүүнүн негизги максаты – төбөнү, чачтын уюлун көрсөтпөө болуп саналат. Уюлду жабуу менен адамдын энергиясы өзүндө сакталат.
Жаңы келген келин сөзсүз ак жоолук салынып, чачын көрсөтпөшү зарыл, бул адеп, ыйманга, жаңы бүлөсүн сыйлоого жатат. Ден соолук жагынан ала турган болсок, жоолук салынуунун эң негизги кызматы бул – кулак, моюн бездерди жылуу кармап, аларга суук тийгизбөө үчүн жасалуучу кадам. Кыз кезинде чачын 40 өрүмгө өрүп, үкү топу кийсе, келиндики бир өрүм чач, башына жоолук, ал эми 40тан өтүп калган аял элечек кийчү. Элечек туюк болгондуктан башты да, моюнду да жылуу кармайт.

Назира Момунбаева, этнограф:
– Кыргыздарда өзгөчө баш кийимдин түрү көп болгон. Жоолуктар майрамдык жана күнүмдүк деп бөлүнгөн. Майрамдык жоолук бөртмө деп аталып, аларды Кашкар, Кытайдан соодагерлер алып келген. Бөртмө көбүнчө түндүктө кеңири колдонулчу. Жибектен токулуп жасалып, ак, боз жана саргыч түстө болгон. Муну сый көрсөтүү максатында кийитке көп колдонушкан.
Дүрия жоолугу түштүктө көп колдонулган. Ал жасалгасы менен айырмаланып турчу, бети маржан шурулары менен, ал эми чачыгы алтындын буусуна бууланып, алтын түстүү болгон. Көлөмү боюнча чоң, ак сүрп жана чыт кездемелеринен жасалган. Бул жоолук аябай кооздолгон жана бир бурчуна майда сайма түшүрүлгөн. 19-20-кылымдарда дүрия жоолугун байбичелер элечектин үстүнөн жаап калышкан.
Жоолуктун салынышы боюнча да бир топ айырмачылыктар бар. Жесир аялдын жоолугу бош ташталат, ээгине байланбайт, бул башы бош дегенди билдирет. Күйөөсүнүн ашы өткөндөн кийин ак жоолук салып, ээгин байлап коюшат. Бул кийинки турмушка даярдык, азанын бүткөнүнүн белгиси. Келинди жаңы алып келгенде ээгине бууп, жүзүн калкалап салышат, бул келиндин ыйбаа кылгандыгынын белгиси. Тиричиликте артына бууп салып алган ыңгайлуу. Жоолук салынуунун максаты – ысыктан, сууктан коргоо, тазалык, тыкандык болуп эсептелинет.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жоолуктун жол-жобосу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
sashkakg
2012-04-02 11:19:30
Максат эмне деп айтканынды озун тушундунбу?
0
veneraaalieva
2012-04-09 23:10:22
Дастан байке, кыргыздын кыздыры башына жоолук салынган эмес, такыя кийишкен, жоолукту турмушка чыкандан кийин гана салынышкан.
0
№ 491, 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан