АСКАТ АЯЛЫН КЫЗГАНЫП ЧАТАК ЧЫГАРГАНДА...

Аскат Мусабеков бир көргөн адамга сырын ичине каткан, сел каптап келатса да былкылдап койбогон адамдай сезилет. Бирок «аялына келгенде кызганчаак» дегенди укканыбыз бар. Ошентип, ырчынын эмоциясын, ачуусун байкап көрөлү дедик. Аскатка байланышып, «гезитибиздин 10 жылдык мааракесине минералдык суу чыгарып жаттык эле, жарнамасына келинчегиңиз менен тартылып бериңиз» деген сунуш киргиздик. Жубайлар сунушубузду четке кагышкан жок. Экөө ээрчишип кирери менен Аскатты «келишим түзөлү» деп өзүнчө бөлмөгө алып кирип кеттик. Ал эми Залинага күйөөсүн биз менен бирге тамашага салууну сунуштап, «сатып алдык».

 

1 Алгачкы даярдык. Тамашанын күнөөкөрлөрү. Атайын жасалган суусундуктар. Баса, Аскат иччү бөтөлкөгө атайылап тузду өкүртө салып таштадык.
Жарнамага тартылуу башталды. Аскат аябай эле даярданып келиптир. Суусап келгенби, айтор, алдыда турган туздуу суудан кере ууртай салып мурчуя түштү.

 

2 Жарнамага тартылуу процессин улам татаалдантып, Аскаттын чекесинен тер чыгармак болдук, канча аракет кылса деле «окшошпой калды» деп улам кайталатып. Залина да бизге жардамдаша жолдошуна туздуу суудан баса-баса куюп берип, өзү таза суудан ууртап жатты.

3 Тамашабыздын чылбыры тартылды. Сценарий боюнча, актрисага айланган Залина «ичи-им» деп эле өңү бузулуп отуруп калды. Жанатан бери туздуу суу ичкенине кайыл боло аябай берилүү менен жарнамага тартылып жаткан Аскат аялына үңүлө күйпөлөктөй баштады.

4 Залина дааратканага тез-тез каттап, убактылуу тартылуу иштерин токтоттук. «Аябай кыйналып жатам» дегенде, биз алдын ала даярдап койгон дарыгерибизди чакырдык. Ал көп күттүрбөй келип калды.

5 Дарыгер өз ишине киришти. Анын максаты – Аскаттын кыжырына тийип, ачуусун келтирүү. Залинанын оозун жыттап «спирт ичимдигин ичкен жок беле?» десе, Аскаттын жини мурдунун учуна келе түштү.

6 Залинанын «текшерип койсун» дегенине болбой, Аскат аны жетелеп алып кетмекчи болду. Ушул маалда Залина эси ооп жыгылып, дарыгерибиз шак эле эс алдыруучу каражаттарын алып чыгып жардамга шашылды.

7 Залина чын эле эсин жоготкон адамдай өңү кубарып жатып калды. Доктур жасалма дем алдыруу жасаш керек экенин айтып ага умтула берди эле, Аскат доктурду ары түртүп, «мен деле билем, өзүм жасайм» десе болобу!

8 Бир топтон кийин Залина өзүнө келимиш болду. Доктур Залинаны салкын бөлмөгө эс алдыруу үчүн алып кетти. Бул учурда биз Аскатка баятан бери даярданып турган актриса кызыбыз менен тартыла берүүнү сунуштадык. Актрисабызды көргөндө ал так секирип, тартылуудан баш тартып туруп алды.

9 Актриса кызыбыз мурчуйган Аскаттын ачуусун ого бетер күчөтүп, ийинине сүйөнүп «башым ооруп турат, эрте эле тартылып кетеличи» деп образга кирди. Ошол маалда Залина «чоң кыз, тартылсаң жаным дебей жөн сүйлө!» деп тиги актрисаны колдон тартып урушуп кирди. Аскаттын бул жерден да эмоциясы бетине чыгарына ынандык. Тим эле анардай кызара түштү. Ушул жерден гүлдестелерибизди көтөрүп «Тамаша тор деп чыга келдик.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аскат Мусабеков аялын кызганып чатак салды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
jazz007
2012-04-02 14:59:24
Кызганыч бул жаман нерсе.Коп кызганбагыла бири-биринерди.Силерге уй булолук бакыт каалайм!
0
zuzu86
2012-04-02 15:10:49
Аскат ты супер! Золотой голос Кыргызстана!
0
2012-04-02 15:20:54
Азыр эч кимге ишениш жок.Туздуу сууну ичип жатса деле унчукпайт.Айтпайбы ушул сууну элге кантип сатасынар туздуу турбайбы деп,реклама кылбайбыз дешсе болмок.Акча десе эле баарына макул боло бербей.
0
AiTuShKa
2012-04-02 17:15:02
Не плохо:)! Пасибо) вам супер инфо!!!
0
arziev.n
2012-04-02 17:36:20
O.a chyndygynda jakshy tamashator uyushturupsunar...
Anda momentterge chydagan Askatka da yraazychylyk!
Super.kg
0
Jim
2012-04-02 22:57:25
Jakshy uibuloo ekensiner. Baktyluu bolgula!!!
0
married
2012-04-03 17:33:58
molodets ayalyn chyn dili menen suiot eken,kyzganganynan bilindi
0
kg_girl1991
2012-04-05 13:13:11
Аскат и Залина уважаю вас! Желаю семейного счастя! Вы супер
0
barsbekhan
2012-04-05 21:18:30
Assalam alaikum! Kyzganuu sezimi bul jakwy. MaashALLAH Askat baike! ALLAH bardyk Kyrgyz jigitterine kyzganuu sezimin bergen bolsun, Amiin!
0
azatbek91
2012-04-09 00:31:31
Адамдар канчалык акылдуу болушса да, суйгондорунун создоруно алданып кала турганчалык акмак чындыгында...
0
№ 491, 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан