Иса Өмүркулов: «МЕНИ ИЗДЕП КЕЛГЕН КЫЗДАРДЫ ТАЕНЕМ КУБАЛАЙТ»

“Ай, эжеке” деп ырдап сахнадан тушоосу кесилген кичинекей балакай азыр кыздарды кызыктырган жигит болуп өзгөрдү. Жаш жигиттин турмушунда эмне кызыктар бар? Эмнени жактырат, эмнени жактырбайт, байкап көрөлү.

Туулган жылы – 25-июнь, 1995-жыл
Бою – 184 см
Салмагы – 80 кг
Фобиясы – Бийиктик
Жактырган өңү – Кара
Жактырган тамагы – Бешбармак

– Бир кездеги кетирекей Иса керилген жигит болду. Өзүңдөгү өзгөрүүлөр сезилип жатабы?
– Мурдагы Иса менен азыркы Исанын айырмасы чоң эле болуп калды. Бала кездеги кыялкеч мүнөзүм өзгөрүп, жашоого реалдуу карай баштадым. Өз алдымча болуп, анча-мынча маселелерди өзүм эле чечип алам. Анан эң башкысы, үнүм өзгөрүлдү. Чыныгы үнүм тапталды десем болот. Эми чыныгы ырчы болууга даярмын.

– Жогорку окуу жайга тапшырдың эле, студенттик жашоо жакшы бекен?
– Кыргыз-Орус Славян университетинин юридика факультетине тапшыргам. Студент болгон абдан жакты. Анын үстүнө мени анча-мынча эл-журт тааныйт да. Өтүп бара жатсам, шыбырашып калышат. Мен ошого кубанып, ичимден жылдыз болуп жүрөм.

– Университеттин да жылдызына айланууга жетиштиңби?
– Ооба да, ха-ха... Чынында, ар кандай майрамдарда концерт болсо, аппаратура коюп, ырдап салымымды кошуп жатам.

– Эмнеден улам юрист болууну чечкенсиң?
– Биздин үй-бүлөнүн көбү эле ушул кесипти аркалагандар. Таенем, эки байкем юрист. Ошон үчүн да менин тандоом ушул кесипке токтолду окшойт. Буюрса, 30-35 жашка чыкканда казы байлап, (тамаша, бирок ошондой болом деп элестетип кетем) бир кабинетти ээлеп отуруп калам деген кыялдарым бар. Бир нерсе кошо кетейинчи ушул жерден, негизи, мен тай жактарымды тартыптырмын. Чыгармачыл адам болуп калышыма да таятам себепкер. Таятам Абдыкадыр Жаналиев деген белгилүү эле композитор.

– Үй-бүлөм деп калдың. Бир туугандарың, ата-энең тууралуу айтсаң?
– Биз жети бир тууганбыз. Беш эркек, эки кыз. Атам ишкер. Менин чыгармачылыгыма көп кийлигишпейт. Үйдүн башчысы катары материалдык жактан камсыз кылуу милдетин аткарат. Апам болсо, кичинемден эле мени ырчы кылам деп сүйрөп жүрөт. Кичинекейимден ырга жакын экенимди байкаган апам музыкалык мектепке киргизип, анан ар кандай сынактарга катышууга жардам берип келет. Чыгармачылык пайдубалымды апам түптөсө, продюсерим Асыл Апасова көп ийгиликтеримдин себепчиси.

– Бул суроону бербесем да болбойт. Кайсы жердин кулунусуң?
– Чүйдүн. Атам Кара-Балтанын Сары-Булак айылынан. Апам Сокулуктан болот. Бирок түпкү тегибизди териштирсек, Жумгалдын “супер” саяктарынан экенбиз.

Ал эми чыныгы фамилияң Өмүркуловбу? Дегеним, баш калаабыздын мэри сага абдан колдоо көрсөтүп жүрбөйбү...
– Чыпчын эле фамилиям Өмүркулов. Сахнага чыкканда эле Эмил уулу деп чыгып калгам. Ал эми учурдагы мэр Иса Өмүркулов мени аябай жакшы көрөт. «Кичинекейиңден көз алдыбызда өстүң» деп талантыма баа берет. Чыгармачылыгыма да көп колдоо көрсөтүп жүрөт.

– Сахнага жашыңдан аралашып калдың. “Балалыктын жакшы учурларын коё берип жибердим, моокум кана ойной албай калдым” деген өкүнүчтөр болгон жок беле?
– Албетте, чыгармачылыкка көп убактымды кетирдим. Бирок буга кейибейм, маал-маалы менен оюндун сазайын деле бердим. Эч кандай өкүнүч болбоду.

– Досторуңдун арасында өзүңдү бир топ эле жогору сезсең керек, ээ? Ушундай сын-пикирлер айтылып жүрөт го...
– Өзүмө сезилбейт. Кайсы бир учурда бой көтөрүп койгон маалдар болсо керек. Бирок мурдумду көп деле көтөрө бербейм, мүнөзүмдө текеберчилик жок.

– Кел эми, чыгармачылыгыңа бурула кетели. Эмне жаңычылдыктарды кошуп жатасың? Орто жерде уктап калып, эми ойгондуң окшойт...
– 13 жашымда ырдоону токтоттум. Музыкадан сабак берген мугалимдерим “азыр ырдасаң, үнүңдү бузуп аласың” деп кеңеш беришкен. Ошентип, эки жыл чыгармачылыгымда тыныгуу болду. Буюрса, андай өткөөл мезгилден өттүм. Эми өзүңөр күбө болуп жаткандай, клиптерди тарттырып, ыр жаздырып, чет жерлерге чыга баштадым. Былтыр январь айында Токио шаарында өткөн жаш таланттар сынагына катышып, «Мыкты ырчы» деген наам алып келдим. Анан Костанай шаарынан дагы ушундай эле сынактан экинчи орунду ээледим. Сыйлык катары Италиянын Сан-Ремо шаарына чакыруу алганбыз. Бирок биз жетишпей калдык.

– Чыгармачылыгыңдагы алгачкы ийгиликтериң эсиңдеби? 
– Ии, биринчи жолу 2005-жылы 10 жашымда “Ачык көңүл балдарбыз” деген сынакта биринчи орунга илинип, 2000 сом алгам. 2006-жылы “Сыйкырдуу өлкө” деген сынакта баш байгеге ээ болдум. Анан сыйлык катары бир клип тарттырып беришмек. Мына ошондо мен алгачкы клибим “Ай, эжекемди” тарттыргам. Андан соң көп эле сынактардан алдыңкы орундарга илинип келе жатам.

– Репертуарыңда сүйүү темасындагы ырлар көбөйдү. Өзүңдө да сүйүү оту жанган го...
– 16 эле жаштамын да. Мектепте кыздар жакчу. Бирок түзүк мамиле түзүп көрө элекмин.

– Сага жакпаган кыз сүйүүсүн арнаса кантет элең? Мындай учурлар болсо керек?..
– Кыздардын көңүлү назик келет го. Ошол себептен акырын түшүндүргөнгө аракет кылам. Кыздар демекчи, кээ бирлер үйгө чейин келишет, тыкылдатып. Бир жолу ошондойлордун бирин таенем “кыргыздын кыздары да жигитке өздөрү келмек беле?” деп кубалап жиберген. Айдай деген карындашым бар. Ага жогорку класстын кыздары майда-чүйдө белектерди берип, мен тууралуу сураштырышат экен. Андан да Айдайга кат таштап кетишет. Ал каттарды мага түз алып келбей, апама берет. Карындашым өзүнчө эле агент. 14-февралда Сайкал экөөбүз чогуу ырдадык го. Ошондон кийин көп кыздар “экөөңөрдүн мамилеңер барбы?” деп сурай башташты.

– А чынында кандай?
– Сайкал мыкты ырчы, сулуу дагы. Экөөбүздүн чыгармачылык гана жолубуз бир.

– «Динара Акулованын кызы Малика менен кыз-жигит» деп да айтып жүрүшөт?..
– Ал менин жакын досум.

– Эс алууну кандай өткөрөсүң?
– Менде ашыкча жалжаң-жулжаң жок. Тапкан акчамды иретсиз коротпойм. Пайдалуу гана нерселерге жумшайм. Ал эми мен үчүн эс алуунун эң мыктысы – көлгө түшүү.

– Биздин шоу чөйрөдө жолун жолдосом деп көздөп жүргөн байке-эжелериң барбы?
– Сыймык Бейшекеев, Гүлнур Сатылганова, Ырыскелди Осмонкуловдун жолун жолдосом дейм.

– Жакынкы пландарың кандай?
– Жакында Ассоль Молдокматова менен Францияга жол тартканы турабыз, чыгармачылык боюнча. Көп иш-чараларды жасап келебиз. Алдын ала айтпай турайын, келгенден кийин кабарлайм да силерге.

КЫСКА ЖООПТУУ СУРООЛОР

– Плагиат деген «ооруга» кабыла элексиңби?
– Азырынча жетише элекмин, бирок жакшы нерсе. Жакшы чыгармалар болсо, уурдаса болот.

– Спортко болгон мамилең?
– Дзюдого катышчумун. Бирок футболго кызыгам.

– Анда кайсы команданын күйөрманысың?
– “Манчестер Юнайтед”.

– Техникага кандайсың?
– 12 жашымдан баштап машина айдадым. Машинага кызыгам, Шумахермин.

– Кандай өнөрүң бар, ырчылыктан сырткары?
– Ийне сайганды билем. Анан палоону жакшы басам.

– «Ставкаң» канча?
– 200 доллардан жогору.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Иса Өмүркулов:"Сүйүүгө убактым жок"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
maisal1919
2012-04-02 16:38:56
алга у нас назад жок только алга кыргызым
0
yeshim
2012-04-02 17:06:08
eeeeeeeeeeeei takoi lapo4ka,kyrgyzdyn jaw kulunu iwine iygilik
0
Luntik
2012-04-02 17:46:43
Ичи кожа дейби?... ва-ха-ха-ха!!!
0
анарбек
2012-04-03 01:31:43
фигуранды да сакта ичин чыга баштаптыр го болбосо азаматсын
0
Juliana
2012-04-03 01:39:30
Kyrgyzstandyn Justin Biberi
0
IlyasMasirov
2012-04-03 10:09:33
Селена Гомезге окшош %) /dev/facepalm >> /dev/null
0
mek-81kg
2012-04-03 10:17:38
эртерээк семирип алыпсын, иштерине ийгилик азыраак жесен боло тамаша.
0
zema
2012-04-03 14:33:38
эркек..соз жок))
0
Peri91
2012-04-03 17:02:26
аябай жакшынакай жигит болгонго я =))
модолееец, ийгилик.
0
samat-91
2012-04-05 19:09:27
Peri91, туура жаз
0
Ulan-kg
2012-04-03 17:42:48
Азаматсын Иса баракелди! Алга
0
Gold_kg
2012-04-04 01:54:06
Азаматсын!чыгармачылыгына чоон рахмат!
0
bokeboke
2012-04-06 22:48:52
азаматсын иса ишине ийгилик онорун оркундой берсин!
0
bokeboke
2012-04-06 22:48:52
азаматсын иса ишине ийгилик онорун оркундой берсин!
0
JuJu17
2012-04-07 00:59:43
Oooba Justinge Bieberge okwowup kalyptur.
0
gulperi.kg
2012-04-08 01:37:15
чон жигит болуп калган турбайбы молодец кыргыздын атын чыгара бер ийгилик сага!!!!!
0
№ 491, 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан