Дежавю дешет беле? Бир жыл мурун Кубатбек Байболов башкы прокурорлук кызматтан дал ушул маалда кол жууган. Жыл айланбай Аида Салянова анын тагдырын кайталап калышы ыктымал болуп отурат.
Башкы прокурор Аида Саляновага ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн депутаттардын арасында кол топтомой "старт" алды. "Салянова кетсин!" дегендердин тизмесинде 40тан ашуун депутат бар дешүүдө. Башкы прокурорду кызматтан четтетүү (отставкага кетирүү) үчүн 81 добуштук колдоо зарыл болот. Азырынча депутаттык корпустун төрттөн үч бөлүгүн бириктирүү үчүн аракеттер кызуу жүрүп жаткан имиш. Уюштуруучулардын сап башында “республикачы” Алтынбек Сулаймановдун турганы айтылууда. Сыягы, депутаттардын, айрыкча "республикачылардын" улам бир эл унутуп бараткан "быкыйын" чукуп чыгып, Аида айым чекеге чыккан чыйкан болду белем.
Мындай демилгенин көтөрүлүп калышы бекерден эмес. 28-март күнү ЖКда депутат Исхак Пирматовго кылмыш ишин козгоо боюнча парламенттик комиссия өз жыйынтыгы менен тааныштырган. Комиссияны жетектеген эл өкүлү Галина Скрипкина өтө "узун" сүйлөп, иштин чоо-жайын кесиптештерине чайнап бергендей эле болду. Анын баарына токтолуунун кажети жок. Кыскасы, комиссия “кылмыш ишин козгоо үчүн негиз жок жана ал саясий себептерге байланыштуу эмес” деп бүтүм чыгарып берди.
Салянова бул жөнүндө: "Мага ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча кол топтоо Башкы прокуратуранын ишмердүүлүгүнө таасирин тийгизбейт. Пирматовдун иши азырынча токтотулат. Кол тийбестиги алынгандан кийин улантылмакчы",- деди.
Пирматовду кол тийбестигинен ажыратууга 89 депутат каршы болсо, 18и макулдугун беришти. Комиссиянын мүчөлөрү Гүласал Садырбаева менен Жоомарт Сапарбаев жыйынтыкка толук макул эмеспиз деп, бирок кол коюшуптур. Серепчилер чөйрөсү ЖКнын бул жоругун "сот менен прокуратуранын ишине кийлигишүү" деп баалашууда.