"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Кыргызстан эки революциядан кийин: жыйынтык жана келечек" деген аталыштагы тегерек столго катышып, ага келгендер менен кызуу талкууга түштү. Катышуучулардын бири "акыркы 20 жылдан бери Ак үйдү айланып 100дөй адам жүрөт, алмашпай" деди. Депутат: "Бүгүн парламентте саясий "динозаврлардын" ичинен мен жана бир канча жолдошум эле калды. Өкмөткө жаштар келип жатат, бирок алар эски салттан арыла албай убара. Бүгүнкү күндүн паракору – жакшынакай, билимдүү. Алар өзүнүн ишкердигин камсыздоо үчүн иштин заманбап ыкмаларын мыкты билишет. Айдар Акаев, Максим Бакиев, Исхак Пирматов – бул топтун даана үлгүлөрү",- деп жооп берди. Анын айтымында, кыргыз жеринде учурда коррупция болгону менен, коррупциячылар жок болуп жатыптыр.