Туңгуч ажо Аскар Акаев Курманбек Бакиев бийликтен түшкөндөн бери туш тарапка интервью берип жүргөнү жаңылык деле болбой калган. Бул сапар ал "Кыргызстанда кезектеги төңкөрүш болуп кетүүсүнө бардык негиздер бар" деп балп эттирди. “Литер” гезитине берген маегинде: “2005-жылкы Жоогазын революциясы өлкөгө зомбулуктун вирусун кошо ала келди. Саясий жашоонун башкы маселелерин көтөрүлүш, көчө ыкмаларына салып чечүү мүмкүн экен деп калышты. Эл саясий багытын жоготуп алды”,- дейт. Анын айтымында, Кыргызстанда жаңы революция чыгып кетпеши үчүн “иммунитет” жок.
"Сынчынын сыңар өтүгү майрык" демекчи, Аскар Акаев экс-президенттерге да тийише өткөн. “Бакиевдин учурунда орто кылымдагы хан бийлиги орношуна аз калды. Кыргыз демократиясынын чырагына айланган Роза Отунбаеванын иштерин, сөздөрүн тарых дагы талдайт. Акыркы жылдардагы бардык окуялардын артында анын жүзү көрүнүп чыга келет”,- деп жыйынтыктады учурдагы окумуштуу Акаев.
"Кыргыз калкынын үнүн укпай, аны көчөгө чыгууга, өз таламын мыйзамсыз жол менен талашууга ким аргасыз кылды эле, урматтуу Аскар Акаевич?" деп сурагың келет, чиркин!