Экс-президент Роза Отунбаевага тиешелүү эл аралык коомдук фонд өз ишин баштады. “Роза Отунбаеванын демилгелери” деп аталган бул мекеме быйылкы жылы өткөрүүчү иш планын түзүп чыгууга жетишти. “Жылдын башында кичине эс алууга шарт болду. Лыжа тээп, китеп окуп, анан уктоого убакыт табылды”,- деп Роза айым жергиликтүү агенттиктердин бирине маек курган. Февраль айында Бангладешке барып, андагы микрокаржылоо тармагы менен кенен таанышып келген экс-президент эми аны Кыргызстанда сынап көрүүгө белсенүүдө. Ал үчүн фонддун алкагында “Өзүң үчүн Азияны ач” форуму ачылмакчы.
Август айында Бишкек шаарында чет жерде жашаган мекендештердин башын бириктирип, чоң иш-чара өткөрүүнү пландоодо. Саясатка кайтып келүү боюнча Роза Отунбаева: “Кажети жок. Кыргызстандын эң жогорку кызматында иштебедимби... Өлкөгө пайда алып келүү үчүн сөзсүз министр болуу керек эмес. Бейөкмөттүк тармакта ийгиликтүү иштеген саясатчылардын мисалдары дүйнөдө көп кездешет. Андыктан биз да бийликтин колу жетпеген тармактарда иш алып барууга аракет кылып жатабыз”,- деди.