Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өзгөчө буйрук чыгарды. Мындан ары, өлкөнүн номур биринчи тартип сакчысынын айтымында, жол эрежесин бузгандарга “крутой” күбөлүктөр, Ак үйгө жеткен ата-жотосунун визиткалары, таасирдүү адамдардын телефон чалуулары жардам бере албайт. “Эреже бузган айдоочунун материалдык абалы, жумушу, чини ага карата чара көрүү үчүн эми тоскоол эмес”,- деп буйрукта жазылат.
Көп эле министр ушул сыяктуу буйрук чыгарып келген. Бирок ал буйруктар ашып кетсе 2 ай жашап, анан суу кечпей калчу эле. Эми ишке ашар бекен, көрөлү.