Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын мурдагы прокурору Марс Кыдыкбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, бюджеттик каражатты мыйзамсыз колдонуу боюнча шектелүүдө. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Токмок шаарынын прокуратурасынан тышкары ИИБ кызматкерлерине байланыштуу да кылмыш иши козголуп, иликтенип жатат.
23-март күнү тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Марс Кыдыкбаев кармалып, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын изоляторуна киргизилген. 25-мартта Биринчи Май райондук сотунда ага карата айып тагылып, кийин үй камагына чыгарылган.