24-мартта Бекчоро кырк жылкылуу болду. Дегенибиз, көз мончоктой кыз төрөп бериптир келинчеги. Наристе борбор шаарыбыздагы №2-төрөт үйүндө жарыкка келип, Бекчоронун кайненеси ага Мадина деген ысым ыйгарган.
Ушул эле төрөт үйүндө 23-март күнү 3 килограмм 800 грамм салмакта Мирбек Иманбековдун уулу жарыкка келди. Чоң атасы ага Чынтемир деген ысым коюптур. «Чыңгызхандын кыргызча аты Чынтемир экен. Балам да ушул улуу инсандай болсун деп азан чакырдык»,- деп ырчы барбалактап сүйүнүп жүрөт.