Телеалпаруучу Назира Бердигулованы жакында Коомдук биринчи каналдын «Замана» таңкы берүүсүнөн көрүп калат экенбиз. Актриса учурда иштеп жүргөн «Манас жаңырыгы» телеканалында да, Коомдук каналда да бир убакта иштөөгө жетекчилерден уруксат алыптыр. Назира аталган берүүнү ар шаршемби күнү Шайырбек Арапов менен чогуу алпармакчы. Баарына жетишүүгө аракет кылган актриса муну менен катар Ырыс Окенованын «Президент жана селсаяк» деген тасмасында роль аткарууга камданып жатканын билдирди.