“Супер-Инфонун” «Сахна ажары-2010» наамынын жеңүүчүсү Кайыргүлдүн булуттан чыккан айга окшоп жарк этип көрүнө калып, кайра дымып калмай адаты бар. Акыркы жолу «сахна менен коштошсомбу дейм. Шоу дүйнөдө суурулуп алдыга чыгыш кыйын» деген оюн билдирген болчу. Өнөр адамы ырдап бугун чыгарбаса болбойт тура. Кайыргүл кайрадан билек түрүп чыгармачылыкка киришкени жатканын айтат. Алдыда жаңы ыр, клиптерди элге тартуулоо планы бар экенин жана жаңы имидж менен чыгарын кабарлады.