Албетте, ар бир адам бардар турмуш сүргүсү келет. Эркектердин көбү бул үчүн көп эмгектенип, акча табуунун жолдорун издешсе, кыздардын көпчүлүгү (чычалаган менен чындык да!)колунда бар бай адамга турмушка чыгып, бел оорутпай, кол жоорутпай эле бардар жашоодо жашап калууну көздөшөт. Байлыкка жетүү оңой эмес экени белгилүү, а бай эркектин жүрөгүн багындыруучу?..
БАЙ АДАМГА ЖАГЫШ ҮЧҮН КАНДАЙ БОЛУШУҢУЗ КЕРЕК?
Тилекке каршы, айылдарда жана чакан шаарларда бай адамдар көп жүрбөйт. Эгер чыныгы бай адамды тапкыңыз келсе, анда чоң шаарларга жөнөөгө туура келет. Шаарга келдиңиз дейли. Эми бай адамдарга жагуу үчүн сизден эмнелер талап кылынарын билүүңүз кажет. Алар төмөнкүлөр:
1. Аялдык назиктик, жумшактык
Кайсы курактагы жана кандай статустагы эркек болбосун, кыска чачтуу, шымаланып жүргөн эркек мүнөз айымдардан ичтен чочулашат. Андыктан жарашыктуу көйнөк, юбка, шиш така кийип, назик аялзатынын образын түзүңүз.
2. Чүпүрөк – адамдын көркү
Базардагы кытай кийим-кечесин сатып алууну токтотуу керек. "Он миң сомго беш көйнөк сатып албаймынбы" деген ойдон кайтыңыз. Мейли, сиз мээлеген адам сизди бир эле татынакай көйнөк менен күнүгө көрө берсин. "Ушундай жакшы кийим тандай билген татына кыздын каражатынын тартыштыгы кандай өкүнүчтүү" деп ойлонто алсаңыз, сизге кошумча упай. Кандай жерге барганда кандай кийим кийүү керек экендигин билип, өздөштүрүү да сиздин милдетиңиз.
3. Тыкандык
Ар убак таза жана жарашыктуу чач жасалга, чийилген каш, жасалгаланган тырмак (маникюр) болуусу кажет. Буларды сөзсүз кымбат сулуулук салонуна кайрылып жасатуу керек. Ал жактагы адистер сиздин жүзүңүздүн өзгөчөлүктөрүнө карата каш формасын жана чач, тырмак жасалгаларын тандап, сырткы көрүнүшүңүздү жагымдуу, сулуу кылып көрсөтүп бере алышат. Анан да жакшы атырларды (белгилүү фирмалардыкын!) колдонуу керек. Макияж коюуну өздөштүрүңүз.
4. Келишкен келбет
Толук болсоңуз, спортзалдарга, бассейнге барыңыз же диета кармап салмагыңызды калыпка келтириңиз. Бош, шалбыраган булчуңдар эркектерге жакпайт. Кыскасы, жагымдуу келбетке ээ болуңуз.
5. Билимдүү, акыл-эс кампасы бай...
Ойноп көрбөсөңүз да, спорт түрлөрүн, адабий чыгармаларды билүүңүз зарыл. Анан да маектешиңиз менен тең ата сүйлөшүү үчүн экономика, саясат, маданияттан да кабарыңыз болушу керек.
6. Оптимисттик маанилүү!
Бай адамдын жүрөгүн багындыруудагы башкы курал – жылмаюу, юморду түшүнө билүү, оптимизм жана максатка умтулуучулук.
КАЙДАН ИЗДӨӨ КЕРЕК?
Сиз даярсыз. Эми бай эркекти кайдан издөөңүз керек?
БАЙ ЭКЕНДИГИН КАНТИП БИЛҮҮГӨ БОЛОТ?
КЕДЕЙДИ БАЙГА АЙЛАНДЫРУУ АЙЫМДЫН КОЛУНДА
Мыкты аял кедей күйөөсүн байга айланта алат. Бул туурасында психолог-консультант Светлана Уварова мындай деп ой бөлүштү:
– Көпчүлүк кыз-келиндер бай күйөөгө турмушка чыгууну эңсешет. Мен "Негизи эле күйөөгө тийүүнүн максаты эмнеде?" деген суроо бергим келет. Көбүнчө "бала төрөш үчүн, карыганда жалгыз калбаш үчүн" деген жоопторду угуп келем. Бул жаңылыш ой. Аялга эркек ошол адамдын жанында өзүн аял сезиши үчүн керек. Ал эми эркекке өз учурунда аял ошол адамдын жанында өзүн эркек сезиши үчүн керек. Анда сиз "кыялымдагы көп акчалуу, темир аргымакчан ханзаада, бардар жашоо кайда калат?" дешиңиз мүмкүн. Анын жообу эң эле жөнөкөй.
Чыгышта сөз бар эмеспи, "эркек – баш, аял – аны буруп турган моюн" деген. Эгер сиз акылдуу болуп, үй-бүлө башын туура багыттай билсеңиз, анда күйөөңүздү миллионерге айлантып алуу сиздин колдо. Эгер күйөөңүздүн сизге кылган мамилесин өзгөрткүңүз келсе, алгач өзүңүзгө болгон мамилеңизди өзгөртүүгө аракет жасаңыз. Аял жаратуучу, берүүчү, ал эми эркек ишке ашыруучу касиетке ээ. Андыктан аялзаты эркекти жаңы жетишкендиктерге шыктандырып, сүйүү, ишеним, мээрим берип турушу зарыл. Бай болуш үчүн күйөөңүздүн таап келгенин үнөмдөңүз. Күйөөңүздүн аракетин баалап, акча мээнет менен келгенин түшүнүп жатканыңыз, күйөөңүздү андан да көбүрөөк каражат табууга, жаратмандыкка умтултат.
КҮЙӨӨҢҮЗДҮ БАЙЫТАМ ДЕСЕҢИЗ...
«СУПЕРДИН» СУРАК БУРЧУ
КЫЯЛЫҢЫЗДАГЫ ХАНЗААДАГА КАНТИП ТУРМУШКА ЧЫКСА БОЛОТ?
Нурзат Токтосунова, алпаруучу:
– Бай күйөөгө чыгуунун сырын билсем, өзүм эбак тийип алат элем. Менин оюмча, акылдуу, айлакер болуш керек го. Байкоом боюнча, азыр байлар көбүнчө сулуу кыздарга үйлөнүп жатышат. Кедей жигиттер менен эле турмуш куруп, кийинчерээк байыгандар деле аз эмес.
Малика Дина, "Бишкек сулуусу-2011" сынагынын жеңүүчүсү:
– Адамгерчиликтүү, билимдүү, токтоо жана кечиримдүү болуш керек. Сырткы келбет менен эмес, ички дүйнө менен сулуу болуш керек деп ойлойм. Мен сыртынан карап адам менен мамиле курбайм. Ашканада да мыкты болуу абзел.
Жамиля Бактыбек кызы, "Бүткүл дүйнөлүк сулуулук" сынагынын "Инсандык сулуу" наамынын ээси:
– Эң негизгиси, "маска кийбей", чыныгы жүзүн көрсөтүп жүрүү керек. Жигитке жагам деп жасалма болуп жүрүп, чыныгы жүзүңдү жоготосуң. Ал жигитке жеткен күндө да анын жанында сиз эмес, сиздин "маскаңыз" болот.
Айтурган Исраилова, "Супер сулуу-2011" сынагынын "Сымбаттуу сулуу" наамынын ээси: – Адамдын байлыгына карабайм. Бай адамга турмушка чыккысы келген кыздарга өзүңөргө кам көргүлө демекмин. "Сулуу эмес аял болбойт, өзүн карабаган аял болот" деген сөз бар эмеспи.
Жылдыз Карымшакова, мамлекеттик кызматкер:
– Биринчиден, куу, анан сулуу, өзүн жакшы алып жүрүүнү билүү керек. Кудайдын буйругунан да болот дечи, ошентсе да жакшынакай кийинип, эл арасына көбүрөөк чыгып жүрсө, кыялына жетүүгө мүмкүнчүлүк көбүрөөк болот. Максатын даана билиши керек.
Медина, ырчы Ильяз Абдыразаковдун жубайы:
– Назиктик менен, мээримдүүлүк менен мамиле жасап, жигиттин көңүлүнө жагуу керек. Турмушка чыкканга чейин гана эмес, аялзаты турмушка чыккандан кийин да келбетине кам көрүп жүрүүсү зарыл.
Юлия Руцкая, ырчы:
– Менимче, үй-бүлө курууда, эң маанилүүсү, сезимдер жана бири-бирине болгон сый-урмат. Ал эми байлык экинчи орунда турат. Жеке мен үчүн адамдын акылы билими жана кичи пейилдиги маанилүү.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg