Эсиңиздерде болсо, гезитибиздин №485-санында учурда Кыргызстанда популярдуу болуп турган иран тилиндеги «Танхам» аттуу ыр тууралуу жазганбыз. Бул ырга кайрылганыбыз да бекеринен эмес. Анткени «ушул ырдын аткаруучусу Рамин менмин» деп бир ирандык жигит Бишкектеги ар кандай кечелерге барып ырдап, айрым ырчылар шектене башташкан. Ушундай шектенүүлөрдөн улам аталган ырдын аткаруучусумун деп жүргөн Расул Хейр Абади менен маектешкенбиз.
«Өзүмдүн чыныгы атым Расул Хейр Абади, сахнага Рамин деген лакап ат менен чыккам» деген ырчы жигит учурда Бишкектеги ар кандай корпоративдик кече, концерттерде «Танхам» ырын аткарып, акча иштеп жүргөн чагы. Бизге маек берген жигит ким, чыныгы Раминби же анын атын жамынып акча таап жүргөн шылуунбу? Бул жигиттин бизге берген маегин, сүрөтүн тиркеп, Ирандын Кыргызстандагы элчилигине кат жөнөттүк. Катка «Танхам» ырына тартылган клиптеги Раминдин сүрөтүн да тиркедик. «Кандайча?» деп түшүнбөй калдыңыздарбы? Маселе мында. Аталган ырга клип тартылган. «Танхамды» ал клипте ырдаган ырчы жигиттин жүзү менен биздин редакцияга «Рамин менмин» деп келип маек берген жигиттин өңдөрү таптакыр окшошпойт. Расул Абадинин айтымында, ал Кыргызстанда жүргөндө «Танхам» ырында рэп окуган Мохаммад Бибак башка эле жигитти ырдатып клип тартып салган имиш. Ошентип, элчиликтен маалымат келди. Кандай дебейсизби?..
Элчиликтен Расул Хейр Абади Ирандын катардагы жараны, чыныгы Рамин Монтазери такыр башка адам экенин айтып, бизди кабыл алууга даярдыгын билдиришти. Так маалымат алуу максатында элчиликке жол алдык. «Расул кызматта иштеген адам болсо, камерага да тартылып, сүйлөп бермекпиз. Ал жөнөкөй, катардагы гана жаран. Жүз көрүшүп, камерасыз эле жооп берели» дешти. Бизди тосуп алган элчиликтин 1-катчысынан төмөнкүдөй кызык маалыматтарды алдык.
– Саламатсызбы, ирандык Рамин Монтазери деген ырчыны билесизби?
– Ооба, ал Иранда атагы чыгып калган ырчы. Адашпасам, 5 жылдан ашуун убактан бери ырдап келет.
– Кыргызстанда ошол Рамин ырдап жүргөндүгү тууралуу маалыматыңыз барбы?
– Ал тууралуу маалыматым жок экен. Бирок силер жөнөткөн кат, сүрөттөрдү, сайтыңардан Расул Хейр Абадинин берген маегин көрүп, аябай таң калдым. Ал айткандай, Иранда ырчылар үчүн катаал режим деле жок. “Иранга кайра киргизбейт, камакка отургузуп коёт” деген сөзү да карандай калп.
– Бишкекте жүргөн Расул Хейр Абади деген ирандык жигитти тааныйсызбы?
– Ооба, ал Ирандын жараны. Бишкекке келип жашаганына 5-6 жыл болуп калды.
– Бизге берген маегинде ал «ырчы Рамин менмин» деген эле...
– Рамин – Иранда аттын кашкасындай таанымал, атактуу ырчы. Аны башка адам менен адаштырууга болбойт. Рамин башка ат менен деле чыгышы мүмкүн эмес. Анткени аны баары жакшы таанышат. Ал эми Расул Хейр Абади катардагы эле иран жигити, ырчы эмес. «Ал чыныгы Раминби?» деген сурооңуздарга бир гана жооп айта алам, ал эч кандай ырчы эмес.
– Кандай далилдер бар?
– Ирандын ар бир жараны бул жакка келгенде сөзсүз каттоодон өтөт. Андыктан баарынын бизде жеке досьелери: паспортунун көчүрмөсү, качан Кыргызстанга келгендиги тууралуу документтер бар.
– Демек, Расул бирөөнүн атын жамынып элди алдап жүрөт, ушундайбы?
– Бул жигит Раминдин популярдуулугун пайдаланып, аны туурап чыгып жатат. Мен эмес, Кыргызстанда жашап жүргөн ирандыктар да аны тастыктап беришет.
– Чыныгы Раминди сиз тааныйсызбы?
– Ооба, тааныбагандачы. Аны менен кол кармашып учурашпасам да, телевизордон клиптерин көрүп эле жүрөм.
– Бирөөнүн атын жамынып акча тапкан жаранга Иранда жаза колдонулабы?
– Албетте, мыйзам боюнча, шылуундар андай учурда жооп беришет. Бирок бул, биринчиден, аты пайдаланылган адамга байланыштуу. Эгер бул маалыматты Рамин Монтазери өзү билип, арыз жазса, анда анын атын жамынган адамга мыйзам чегинде жооп берүүгө туура келет. Бир жагынан бул сиздердин да колуңуздарда. Дегеним, журналист ал маалыматты канчалык алып чыгат, ошого жараша иш каралышы мүмкүн.
– Маалыматыңыз үчүн рахмат.
Элчиликтен керектүү маалыматтарды алган соң интернет булактарына кайрылдык. Араб, фарсы тилдеринде Рамин Монтазери тууралуу маалымат издеп көрсөк, сүрөт, клиптен башка маалымат чыккан жок. Ирандык сайттардан шоу-бизнеси тууралуу көп маалыматтарды таба албайт экенсиң.
Расул Хейр Абадиге продюсерлик кылып жүргөн Ислам Сатаров «анын ырчы Рамин экенин далилдеп берем» деп телефон чалып, бирок кеңсебизге келбей жүргөнүнө эки аптанын жүзү болду.
«Кыргызстанда бирөөнүн популярдуулугун пайдаланып, атын жамынып акча иштеп жүргөн адам кандай жаза алат?» деген суроо менен юрист Олег Зотовго кайрылдык.
– Эгер ал жаран бирөөнүн атын жамынып акча иштеп жүрсө, анда административдик жоопкерчиликке тартылат. Жабырлануучу кааласа, моралдык жактан шек келтиргени үчүн андан акчалай чыгым төлөтүп алса болот. Жогорудагы окуя боюнча айтсам, ырдап жүргөн жигит, шарт боюнча, депортация болушу керек.
P.S. Иран элчилигинин милдети өз жарандарынын укугун коргоо экенин билебиз. Бирок ошого карабай бизге маалымат бергендиги үчүн элчиликке ыраазычылык билдиребиз!
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg