КАНЧА ЖАШЫҢЫЗДА ҮЙЛҮҮ БОЛГОНСУЗ?

"Үңкүр да болсо үйүм бар" деген бекер сөз эмес. Үйлүү болуп, буту-колду кенен сунуп жашоо – ар бир адамдын тилеги. Биз элге төбөсү көрүнгөн бир катар саясатчыларга кайрылып, канча жашында үйлүү болгонун сурап көрдүк.



Султан Раев, президенттин кеңешчиси:
– Мен эл катары эле бир топ жыл батирде жашап жүрдүм. Тагыраак айтсам, 12 жыл. 36 жашка келгенде өкмөт үй бөлүп берген. Бул 1994-жылы болчу. Ошондо жаран катары менчик үйлүү болуп кубанганым азыр да эсте.



Ибрагим Жунусов, Маданият жана туризм министри:
– Мен 24 жашымда 2 бөлмөлүү үйлүү болгом. Ошол маалда аялым Жалал-Абадда эжеси менен жашачу. Кийин алар башка жакка көчүп кетишип, ал үй автоматтык түрдө аялыма калган. Ал кезде көп кабаттуу үйлөр сатылчу эмес, ал эми жер үйлөрдүн баасы асманда болчу. Кыскасы, 4 жылдай батирде жашап, анан үйлүү болгонбуз.



Данияр Тербишалиев, ЖКнын депутаты:
– Батирлеп деле жашаган жокмун. Эр жеткенче ата-энемдин колунда туруп, 21 жашымда Лондонго окууга кеткем. Ал жактан окуу менен катар иштеп акча чогулттум. Бишкекке келип бир аз каражат кошумчалап, 4-кичирайондон 2 бөлмөлүү батир сатып алгам. 22 жашта болчумун.



Адахан Мадумаров, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери:
– Жеке менчик үйгө 40 жашымда жеткем. Ага чейин көптүн бири катары эле батирде, депутат болгондон кийин Жогорку Кеңеш берген үйдө жашап жүрдүм.



Каныбек Иманалиев, ЖКнын депутаты:
– Батирден батирге көчүп жүрүп, 1994-жылы 25 жашымда үйгө жеткем. Ал кезде үй-бүлөлүү болуп калган кез болчу, баш-аягы 6 батирде жашаптырбыз. Азыркы "Хайат" мейманканасынын жанына батир берем дегендер келчү да, тандап ээрчитип кетишчү. Ошол жерде турчубуз, "бизди ким алып кетет болду экен?" деп. Анан "өз үйүң – өлөң төшөгүң" демекчи, ата-энем жардамдашып үй алганбыз.


Асия Сасыкбаева, ЖКнын депутаты:
– 50 жашымда, 2001-жылы Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөн өзүмө үй сатып алгам. Азыр да ошол үйдө жашап жатам. Мындан башка дагы бир үйүбүз бар. Балам өз эмгеги менен салган, бирок менин наамыма катталуу. Үйлүү болгонго чейин ата-энемдер менен, кийинчерээк узак мөөнөткө берилчү атайын батирлерде жашап келгенбиз.


Дастан Бекешев, ЖКнын депутаты:
– Үй сатып алганыма 3 ай гана болду. Өз алдымча ата-энемден бөлүнүп, 26 жашымдан баштап батирде жашап келдим. Батир деген батир, эч качан өз үйүңө жетпейт.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
Karamel
2012-04-03 16:05:39
депутаттардын анан карапайым элдерден интервью алсанар болмок.
0
mikluha
2012-04-03 21:35:48
Мадумаров мырзаныкы окшошпой калыптыр! Жанын жебей эле бир жерин кысып жашай бербейби!
0
maisal1919
2012-04-04 13:02:16
силердин барынардан жокунар уй аласынарбы сарай саласынарбы мага чын журоктон баарибир
0
meliss
2012-04-04 14:05:54
келгиле ушул бечара чиновниктерге акча чогулутуп уй сатып берели жазгандарын коруп туруп боорум ооруп кетти
0
ussofa
2012-04-04 16:03:02
адахан президент болбогонуна шугур дейли.....
0
seter
2012-04-05 00:52:05
Жашырбасанар деле белгилуу го дейм! 40 жашымда эмес 40 жыл болду го уйлу болгонунарга
0
Sahalin
2012-04-06 08:47:42
seter, ошо да.
0
sultan3232
2012-04-05 06:51:36
tuugandar. bilip bilbey jazabergeniner tuura emes. madumarovdun aytkani tuura. bishkekte osh bazarinin janinda batirde dalay ele jashap jurgon. deputat bolgondon kiyin okmot uy bergen. azirki jasagan jeri osobnyak bolushu mumkun a eto ne znachit on 40 let jivet v osobnyake. akinardi jedirbegile birok biroonun da akisini jebegile.
0
Sahalin
2012-04-06 08:50:50
sultan3232, мадумаров тууганын окшойт ээ?
0
jhanibek
2012-04-06 00:07:20
ичнер куйсо туз жалагыла ,кыргыздар бири биринерди жамандаганынар калбайт экен алар да башынан откоргондорун айтышат да
0
jhanibek
2012-04-06 00:08:32
батир менен квартиранын мааниси бир тушунбогондорго
0
Danijarov
2012-04-06 12:58:38
Мадумаровдун ар бир экинчи созу калп экенине мурда ишенчу эмес элем.эми ишенип отурам чын эле ушул адам президент болбой калганына шугур!
0
bucho
2012-04-07 15:25:50
Азыр канча уйунор бар деп сурашса туура болмок экен.
-1
elmyrza_89
2012-04-07 23:55:19
tuura ele kaysil waarda kanchadan uyunor baar dep e?
0
kali.kg
2012-04-08 08:39:08
biroonun bawyndagy 4optu korup,oz bawynardagy toonu korboisunor...balkim alar 4yn aitkandyr?azyr ozuno gana iwenuu k/k...el degen aita beret,kop tukurso kol b/t,kol tolkusa sel b/t...e4 ka4an bolunup,bir-biribizdi jamandabaily,tuugandar...antkeni al bawyna tuwot...
0
kalpakchan
2012-04-08 12:19:10
Бирок Мадумаровдун айтканы окшобой калыптыр,ал эми оз абийиринде,бир жагынан ишенсе да болот,себеби ал карапайым эле журналист болуп журуп депутаттыка шайланган !
0
sultan3232
2012-04-09 00:22:23
sahalin, men tuugani emesmin. bolsom da bolbosom da, madumarov emes bashkasi bolso da mintip bilip bilbey jazgan tuura emes. ushakchi katindarday bolup bashkasini jamandagan giybat bolot bilsener kerek. bashkasinin artinan tuura emes nerseni aytkan dinibizde tuuganindin etini jegenin menen barabar deyt. Bizde birdik jok, birdik bolalbaganibiz bashka olkolordun ele paydasina. mintip biribiribizdin artibizdan bilip bilbey jamanday bersek birdik bolalbaybiz, birdik bolalbasak kelecegibiz bolboyt.
0
№ 491, 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан