Гезитибиздин 489-санында Микаэлдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши жарга такалгандыгын, «ырчы жигитти өлтүрдү» деген шек менен кармалган Эркин Турусбековдун акталгандыгын кабарлаганбыз. Микаэлдин бир тууган эжеси, маркумдун өлүмүнө байланыштуу ишке жабырлануучу катары катышып жаткан Аида Аземованын комментарийин да берген элек. Ал Эркин Турусбеков тууралуу “колунда акчасы болгон үчүн акталып кетти...” деп комментарий берген. Гезит жарык көргөн соң Эркин Турусбековдун апасы келди кеңсебизге, “колуңарда Эркиндин же анын жакындарынын сотко, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө акча бергенин тастыктаган документ барбы?” деп. “Ооба, биздин колубузда андай документ жок. Андай документ Аида Аземованын деле колунда жок болсо керек. Ал үчүн кечирим сурайбыз. Окурман журтчулугуна муну гезит аркылуу кабарлайбыз” деп келишип, узаттык. Сот аркылуу акталып чыккан Эркин Турусбековдун аброюна шек келтирүүнү максат кылбагандыгыбызды расмий түрдө билдирип коюну чечтик. Деги ушул Микаэлдин өлүмүнө байланыштуу “соттошом” деп кеңсеге келгендерден чарчадык, чын айтабыз, чарчадык! Каза тапкан адамды ойлоп тирүүлөр ыйлай берсе, маркумдун руху, арбагы кыйналат дейт. Бул ишеним, бул түшүнүк кыргыз элинде илгертеден жашап келет. Маркум тууралуу өйдө-ылдый кептер айтыла берсе да арбагы кыйналса керек. Андыктан кайра-кайра бул темага кайрылууга мажбур болуп жаткандыгыбыз үчүн Микаэлдин арбагынан, маркум ырчы жигиттин жакындарынан кечирим сурайбыз.