ТАЛАСТЫКТАР ТАШЧАЙНАРДЫ КОЛДОШОТ

Талас

27-мартта Талас облустук администрациясы менен Талас элинин демилгеси астында Ташчайнар атка конгон балбан Нурлан Алишеровду колдоо марафону болуп өттү. Марафондон топтолгон акчанын 30 пайызы Манас районундагы балдар үйүнө которулса, калган бөлүгү Ташчайнар балбанга берилди. Ал акчаны кийинки жумада Ысык-Көлдө өнөрүн көрсөтүүгө жумшамакчы. Балбан “Москва” деп аталган 120 тонналык теплоходду тиши менен сүйрөп дагы бир чоң ачылыш кылганы турат. Ал теплоходду керектүү жерге алып келүү үчүн жарым тонна күйүүчү май сарпталат экен.
Андан тышкары учурда Нурлан мырза түрктөрдүн таланттарды тандоо боюнча телеберүүсүнө арызын жөнөткөн. Эгер өтүп кетсе, рэп ырчысы Добрдун атайын балбанга арналган “Ташчайнар” деген ырынын коштоосунда өз өнөрүн тартуулап келмекчи. Анан албетте, “Гиннес рекорддор китебине” кирүүгө аракети күч экендигин айта кетпесек болбос.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
NukeBrat
2012-04-06 21:54:04
э бул деген 6 апрелде Таласта М.Конгантиевди сабаган неме, видеодон корсонор болот, кайсы бети менен элге чыгып жатат.
+1
Taalaibek
2012-04-07 00:31:09
NukeBrat Таарынсан Таласка кел.
-1
NukeBrat
2012-04-07 21:16:36
Кеп таарынганда эмес,мен Ташчайнарды тааныбайм, Конгантиевдин тууганы да болбойм; кеп бироону элге калп эле кошулуп алып сабаган, кордогон киши намаз окуйм деп, анан ар кандай трюктарды корсотуп жургондугундо. Ташчайнардын онорундо соз жок, бирок озун озу элге пиар кылбай эле койсо болмок. Коп жыл намаз окуган киши да ушинтеби Таалайбек мырза? Эл Конгантиевге ансыз деле коргулукту корсотмок, видеого тушпой калса билинбей деле калмак экен да!
+1
NukeBrat
2012-04-07 21:25:39
Кыргызстан эмнеге онукпой жатат? Бирден бир себеби биз кыргыздар ар ким озунун регионун колдоп, жердешчилик кучтуу да. Туура эмес иш кылып атса деле, жердешим деп колдоп турабыз. Биз адамдарга жердеш катары эмес, адилеттуулук, акыйкат жактан карашыбыз керек.
+1
isana
2012-04-08 22:12:49
Болунбо Кыргызым!
0
asj.88
2012-04-24 23:28:05
Эми бул эмне жаман иш кылып жатабы??? Кыргызстанды таанытайын деп жататко. ой кыргыз оооой кичинебашы корунуп калган адамдын бир касягын табып чыгасынаргоо ээ чукулап отуруп ,..
-1
№ 491, 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан