Култаев Канат 1979-жылы 15-июнда Өзгөн районунун Куршаб айылында төрөлүп өскөн. Жети биртуугандын кенжеси.
Ийгилик коштогон жылдар
2004-жылы – «Кыргыз телерадиосунун эң мыкты режиссёру»,
2006-жылы – КРнын Маданият министрлигинин Ардак грамотасы,
2006-жылы – Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Тарткан клиптери:
Анжелика, “Алгачкы махабат”, “Жаным”;
Замир Арыкбаев, “Кыздар, ай”;
Замир Мырза, “Армандуу сүйүү”;
Азиза, «Кайдасың?»;
Аида Баякова, «Сүйүү жазы»;
Мирбек, Алихан, Даниелдин бардык клиптерин тартып келүүдө.
“Ар бир күнүм чыгармачылык менен байланышкан”
– Мен алгач алпаруучу, ошол эле учурда режиссёр болгом. Тактап айтканда, “Марс плюс”, “Антракт”, “Мюзик коктейль” программаларынын алпаруучусу жана режиссёру болуп эмгек жолумду баштагам.
Кийинчерээк алпаруучулук мен үчүн эмес экенин байкап, биринчи жолу “Нота” программасында өзүмдү режиссёр катары сынадым. Андан кийин “Музыкалык СD”, “Асылзат”, “Эр жигит”, “Сюрприз для женщин”, “Здравствуй, школа!”, “Салам, Кыргызстан!”, “Ассоль Молдокматова представляет”, “Улуттук хит-парад”, “Браво” ошондой эле 2005-2008 -жылга чейин 4 жыл жаңы жылдык кечени режиссёр катары эфирге алып чыктым.
«Продюсерлик ишимде...»
– Урмат Усенов 2005-жылы КТРдеги алпаруучулук кастингге катышкан. Кастингден өтүп, “Музыкалык СД”, “Нота” көрсөтүүлөрүнө алпаруучу болду. Алпаруучу болуп 2 жыл иштеди окшойт. Андан кийин эле “ырдап чыкканга жардам бериңиз” деп мага 15тей ырын алып келген. Ошончо ырдын ичинен “Жазгы жамгыр” аттуу ырын жактырып, аранжировка жасатып, клибин да тартканбыз.
Темир Назаров менен Айжамал Кабылова аркылуу 2005-жылы Ошто Замир Мырзанын концертинде таанышкам. Темир менен 1 жыл ийгиликтүү иштешкен соң, бузуку адамдардын ар кандай арам ойлору ортобуздагы чатактын чыгышына алып келди. Азыр өткөн таарынычтарды унутуп, чыгармачылыкта чогуу иштебесек да, жеке жашоодо мамилебиз жылуу.
Мирбек мага келе электен мурун Ильяз Абдыразаков, Азиз Жетигенов менен бирге “Санат” тобунда солист болчу. Мен Мирбек менен Темирдин жеке концертинде таанышкан элем. Мирбек менин жардам берүүмдү өтүнгөндө анын ырдаганын көрүп, дароо эле макул болгом. Ошентип, 2006-жылдын 1-апрелинен ушул күнгө чейин аны менен иштешип келе жатам.
Ал эми кийинки “балам” Алихан экөөбүз тай жактан тууган болуп кетебиз, тактап айтканда, жээним болот. Алихан кичинекейинен эле ырчы болгусу келчү. Эс тартып калганда жанымды койбой өжөрлөнүп жатып, Мирбектин алгачкы “Сени гана” аттуу концертинде “Ата-эне” деген ыры менен чоң сахнага чыккан.
Мирбектин “Не моя” аттуу концерттик программасы менен жүргөнүбүздө Даниель биздин концертке катышкан. Анда Даниель Ош шаарында Канат деген жигит менен дуэт ырдап жүрчү экен. Даниелдин ырдаганын уккан “Стар Денс” тобунун кыздары өзү менен сүйлөшпөй туруп эле мага “ушул баланы алыңызчы?! Аябай татынакай, үнү да жакшы экен” дешкен. Ошентип, “Стар Денс” кыздарынын арзуусунун артынан Даниель колума келген.
Мирбектин концертинде бийчилер керек болуп калган эле. Ошондо “Стар Денстин” жетекчиси Асел менен таанышкам. Көп өтпөй Асел бул топко продюсер болуп берүүмдү өтүндү. Мен продюсерлик кыла электе алар “Стар Денс” бий тобу болсо, азыр шоу-балет “Стар Денс”.
«мен тарткан концерттер»
– Эң узак тарткан концертим 6 саатка созулган эле. Ал Орусиянын Валерий Леонтьев, Авраам Руссо, Витас жана башка жылдыздарынын Бишкекке койгон концерттери болчу.
Ырчылар: Гүлнур Сатылганова, Айчүрөк Иманалиева, Анжелика, Сыймык Бейшекеев, Мирбек Атабеков, Алихан, Алина Жетигенова, Темир Назаровдун жеке концерттерин жана “21-кылымдын жылдыздарынын” 3 жолку концертин тартканмын. Акыркы жолу “Супер-Инфо” гезитинин «Супер» концертин тартуу үчүн “пультка” отурганмын.
Бул дагы Канат жөнүндө...
Бактыгүл Абдыкадырова
star@super.kg