МУНАРЫМ
Аалы Токомбаев
Сүт эмген бала жыттанган,
Илебиңди сагындым.
Мойнумду сылап артылган,
Билегиңди сагындым.
Талпынсам таппайм айласын,
Талаада калган өңдөнөм,
Таалайым Мунар, кайдасың?
Кучактап турсам туйлаган,
Жүрөгүңдү сагындым.
Эңкейсең эрке чайпалган,
Күбөгүңдү сагындым.
Муңаям таппай айласын,
Муңканып жалгыз отурам,
Муңдашым Мунар, кайдасың?
Балбылдап карап оштонуп,
Күлгөнүңдү сагындым.
Керүүдөн чыккан маралдай,
Жүргөнүңдү сагындым.
Талпынам, таппайм айласын,
Таң атат дагы, күн батат,
Тагдырым Мунар, кайдасың?
Гүлбурак жийде жыттанган,
Илебиңди сагындым.
Мойнума жумшак оролгон,
Билегиңди сагындым.
Көксөймүн таппай айласын,
Көңүлгө төтө кылайын,
Түшкө кир, Мунар, кайдасың?
ААЛАМ ХАНЫШАСЫ
Алтынай Ормотоева
Билсең, менмин ханышасы ааламдын,
Бүт ааламды жүрөгүнө батырган.
Кийип алып көөдөй түндүн көйнөгүн,
Тагдыр каарын жылдызына жашырган.
Билсең, менмин ханышасы ааламдын,
Кармап турган аксак дүйнө балдагын.
“Аялсың да, алсызсың” деп алданба,
Аалам жашайт мээриминен аялдын!
Аялдыгым – алсыздыгым, а бирок,
Аалам сыры менде экенин туюшат.
Канча эрлер ошондуктан карайлап,
Кунун кечип, кулдук уруп турушат.
Бул ааламдын шумкар кончу туурумун,
Мен аялмын, ошондуктан улуумун.
Кирпигимдин ирмемине байланып,
Дүйнө бүтүн уруп турат кулдугун.
Мен аялмын, жан бүткөндөн аруумун,
Өзүң менен ак өргөөлүү айылмын.
Көз ирмемдик бакыт берип, а бирок,
Өмүр бою азап салам, кайылсың...
Билсең, менмин ханышасы ааламдын!
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg