Ош
"Өзгөндүк славяндар" коомдук фонду Ош облусунун Өзгөн шаарында жайгашкан көрүстөндүн кордолуп жатканын билдиришет.
Фонддун жетекчиси Дмитрий Шурубков: "Жергиликтүү тургундар славяндардын мүрзөсүнүн үстүнө чарбалык курулуш, даараткана тургузуп, кашааны бузуп кирүү менен малын жайып жүрүшөт",- дейт. Жер тилкелеринин жетишсиздигинен улам кээ бир көрүстөндөр толугу менен талкаланып жаткандыгын да айтат. Жетекчи бир канча жолу жергиликтүү бийликке кайрылганы менен, конкреттүү чара көрүлгөн эмес.
Райондук администрация бул билдирүүнү четке кагып, "Шурубков айтып жаткан сөздөр негизсиз" деген кабар таратты. Маалымат үчүн: Славяндардын сөөгү 100 жылдан ашуун убакыттан бери Өзгөндө жерге берилип келет.