Нарын
Боршайком Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Соң-Көл айылдык округунун башчылыгына шайлоону кайрадан өткөрмөй болду. Шайлоо процессине жооптуу Берик Исаковдун айтымында, 24-мартта аталган айыл өкмөтүндө добуш берүү болуп өткөн. “Бирок акимчиликке ат салышкан эки талапкер бирдей добушка ээ болуп калгандыктан, 8-апрелде кайрадан шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынды”,- деди Берик мырза.