Бүгүнкү каарманыбызды сиз борборубуздагы “Ала-Тоо” аянтынан же башка жерден көрүп, угуп келесиз. Ал – тиши менен 20 унааны, 35 тонналык учакты сүйрөп, “Гиннесстин рекорддор китебине” кирүү аракетин көрүп келген Нурлан Алишеров.
ТАШЧАЙНАР ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Нурлан Алишеров
Туулган жылы – 1976-жыл, 24-март
Туулган жери – Бакай-Ата району, Ынтымак айылы
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 99 килограмм
Үй-бүлөлүү. 1 уул, 1 кыздын атасы. Учурда Бишкекте жашайт.
ДҮЙНӨЛҮК РЕКОРДДОР
Айтылуу "Рекорддор китебинде" кулак, дене мүчөсү менен оор жүктөрдү сүйрөгөндөр бар. Бирок, Нурлан мырза айтмакчы, акыркы катталган рекорддор техникалык каражаттар менен жасалып жатат. Мисалы, 2010-жылы беларустук Кирилл Шимко 55 тонна келген БелАЗ камазын денеси менен сүйрөгөн. Бул рекордчу буттарынын алдына тепкич жасатып келген.
2009-жылы Индияда 59 жаштагы британиялык Манжит Сингх өзүнүн чачы менен эки кабат автобусту 21 метр сүйрөп, рекорд койгон.
Жакында Түркияда өнөрпоздорду чогулткан чоң программадагы шоу болот. Бул программанын алкагында жердешибиз Нурлан мырза да өз өнөрүн көргөзмөкчү. Азыр ал ошол программа үчүн кызуу даярданып, форма тиктирип, атайын кыргыз жана түрк тилдеринде ыр даярдатып жаткан маалы. Акча каражаты тушап турганы менен, көздөгөн жолдон кайтпасын айтат ал. Каарманыбыздын башкы максаты – кыргыздын атын “Гиннесстин рекорддор китебине” жазуу.
Нурлан мырзанын мындай өнөрү коомчулук алдына 2010-жылы гана чыккан. Анда ал кулагы жана тиши менен унаа сүйрөп элди таң калтырган. Аны издеп жакын арада “Гиннесстин рекорддор китебин” барактап калчу күн алыс эмес окшойт.
– Түркияга жөнөп жатыптырсыз. Даярдыктарыңыз кандай?
– Жакшы. 3 форма тиктирип бүттүк. Форма тиктирүүдө бабаларыбыз барктаган кыргыз кемерине басым жасадык. Анан өнөр тартуулоо алдында кыргыз жана түрк тилдеринде ырдайбыз. Ошого ыр даярдап чуркап жүрөбүз. Менин негизги ырым рэпер Добрдун репертуарындагы “Алга, кыргыз!” деген ыры болмокчу. Добр өзү жардамдашып, “Алга, Ташчайнар!” деп оңдоп берди. Негизи, жөн деле ырдап койсо болот. Бирок биз ырчы болбогондон кийин бир өзгөчөлүк кошсок ашыкча болбойт деп, оозума он жаңгакты салып кыргызча, түркчө ырдайм деп турам.
– Ал жакка сиздикиндей өнөр менен баргандар болобу? Бул өтө сейрек кездешүүчү өнөрдү кандайча үйрөнгөнсүз?
– Азырынча ал кандай программа, кимдер барып, эмне өнөр көргөзөрүн билбейм. Атүгүл ал шоунун кандай аталарын да билбейбиз. Менин бул өнөрүмө эл таң калат. Буга өзүм да таң калам. Чынында, муну мен эмес, Кудай жасап жатат. Мен деле минтем деп үч уктасам түшүмө кирбеген. 10 жашымда Бакай атабыз түшүмдө аян берип: “Сен 35ке толгондо оомат келип, ааламга атың чыгат”,- деген. 35 жашка чейин эл катары дыйканчылык, курулуш иштеринде жана машина оңдоочу жайларда иштеп жүрүп, бул жашты катардагы жаштай эле кабыл алдым. 2011-жылы 5-май түнү түшүмдө Манас ата менен Бакай ата келип, батасын берип кетишкен. Эртеси борбордук аянтта жүрүп, өмүрү мылтык кармап көрбөгөн жаным бирөөлөр менен мелдешип, ширеңкенин 8 талын атып салсам болобу! Анан эле досумду белиндеги курдан тиштеп көтөрүп салдым. Мен да, досторум да таң калып турсак, бирөө келип "машина сүйрөп көрчү" деди. Ошентип, автоунааны да сүйрөп койгонбуз. Андан кийин кулак менен сүйрөдүм, анан түрдүү өнөрлөр өзү эле чыга баштады.
– Азыр бул өнөр менен өлкөбүздү жер-жерлерде таанытып жатасыз. Анын артында кандай максаттарыңыз бар?
– Акылы жеткендин баары түшүнөт. Бул менин эмес, кыргыз элинин тиши. Эгер бул өзүмдүн жеке кызыкчылыгым болсо, бул жерде бир мүнөт турбай, башка элдердин чакыруусу менен кетип калмакмын. Бакай ата баш болуп бата берип жатса, кыргыз элинин башын кантип аттайм?
– Сизде форманы сактоо деген түшүнүк барбы? Дегеним, спортчулардай эле машыгып турасызбы?
– Жок. Машыкканга күн сайын унаасы менен учагын ким токтотуп берет? Машыкпайм. Чоң бир нерсе сүйрөөнүн алдында тамактанууну күчөтүп даярданышым мүмкүн.
– Курсак маселесин айтып калдыңыз, эмне жеп, эмне ичесиз?
– Эл жеген тамакты эле көбүрөөк өлчөмдө жейм. Үйдө өзүмдүн атайын чоң кесем бар. Эсимде, учак сүйрөөгө даярданып жатканда борбордогу кафелердин бири тамак менен камсыздап туралы дешкен. Үч маал кел дегенине карабай түшкүсүнө барчумун. Барып, 12 порция тамак заказ кылганда официант “столдорду кошуп алыңыз, кишилериңиз батпайт” деген. “Өзүм эле жейм” десем, администраторун ээрчитип келип, анан чечип берген маселени.
– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз, уул-кызыңыз сизди туурашабы?
– Үй-бүлө курганыма 10 жылдан ашты. Учурда уулум Бекжан 7 жашта болсо, кызым Турсунай 5те. Келинчегимдин 2 көзү көрбөй калып, балдарыбызды таенесинин колуна жибергенбиз. Экөө тең мени туурайт. Уулум жакында 10 килограмм картошка салынган баштыкты тиши менен көтөргөндө таенесинин эси чыгып, “ташта” деп кыйкырыптыр. Чочуп кетип таштап ийсе, тишине жип илинип, сынып калыптыр. Кызым да суу толтурулган чаканы тиши менен көтөрөт.
– Эл ичинде сиздин жоругуңузду жактырбагандар да бар. Айтсаңыз, ата-энеңиз, жубайыңыз кандай карашат?
– Башында атам “жаш туруп тишиңден айрыласың” дечү. Азыр жубайым да, ата-энем да колдойт. Жактырбагандар бар, билем. Былтыр ноябрь айында унаанын темири менен жаакка чаап кетишкен. Ал жаагымды айрып кеткени менен, тишиме залалын тийгизген жок. Ошондуктан Камсыздандыруучу компанияларга кайрылып, тишимди камсыздандырмакчы болдум. Бирок алар "бизде андай практика жок" деп камсыздандырбай коюшту. Тишти камсыздандыруу чет өлкөлөрдө гана бар экен.
– Мектеп партасына кайрылсак. Кандай окучу элеңиз?
– "4", "5" деген бааларга окучумун. Кийин ЖОЖдон билим ала алган жокмун. Болгону, бухгалтердик курсту аяктагам.
– Сизди бир бөйрөк менен жашап келет дешет...
– Ооба. Мындан 19 жыл мурун катуу оорудан улам дарыгерлер бир бөйрөгүмдү алып салышкан. Эсимде, ошондо 118 килограммдан 48 килограммга арыктагам. Азыр баштагы салмагыма кайтуудамын.
– Тиштериңиздин өзгөчөлүгү эмнеде? Тиш доктурда болуптурсуз, эмне деди?
– Элдики 7-8 жашында сүт тиштери түшүп, башка тиштер чыгат го. Меники бир чыккан боюнча түшкөн эмес. Анан да дарыгерлердин айтымында, менин тиштерим сейрек кездешүүчү 1-сорттогу тиштерден экен. Баса, эми унааларды терим менен сүйрөйүн дегем. Бир дарыгерге "чыканактарымды көзөп, шакекче тагып бериңиз" десем, “акыл-эсиң жайындабы? Сен психологго көрүнүшүң керек” деп бөлмөсүнөн айдап чыкты.
ПЛАНДАГАН РЕКОРДДОРУ
Нурлан мырзанын “Гиннесстин рекорддор китебине” тиши менен эле эмес, көп тармак боюнча кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде каражат жагы оң жагына чечилип калса, анын жакынкы рекорддору төмөнкүлөр болот:
ЭРДИКТЕРИ