Күрөш
Сүйүнчү! "Лондон-2012" Олимпиадасына куржунубуз дагы 2 жолдомо менен толукталды. Элдин үмүтүн актап, балбандарыбыз Данияр Көбөнов менен Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Астанада өткөн Азия биринчилигинде "Лондон-2012ге" жолдомо утуп кайтышты. 1-2-орундар үчүн жолдомо каралган мелдеште экөө тең 2-орунду ээледи. Негизинен мелдеш медаль жагынан ийгиликтүү болуп, мекендештер 8 медаль менен кайтышты.
Биз ишенген Канатбек Бегалиев, Руслан Түмөнбаев Лондонго баруу кыялына бир кадам жетпей жарым финалда утулуп, коло тагынышты. Алардан тышкары жолдомого эмес, бирок байгелүү орунга арзыган эркин күрөшчүлөр Магомед Мусаев, Надырбек уулу Улан, Айаал Лазарев болду. Кыздарыбыздан Мехринисо Нурматова да жарым финалда жер кароого аргасыз болду. Эске салсак, балбандар үчүн "Лондон-2012нин" акыркы эки "рейси" калды. Кийинки мелдештерди Кытайдын Тайвань шаары менен Финляндиянын Хельсинки шаары кабыл алат.