Самбо
Март айынын аягында самбо боюнча Түркмөнстанда Орто Азия чемпиондугу өткөрүлдү. Аталган чемпиондукка Кыргызстандан 5 спортчу аттанып, алардын ичинен Ош шаарындагы “Мухаммед Умар” спорт клубунун тарбиялануучусу Илгиз Сайпиев ийгиликтүү кайтты. Ал 68 килограмм салмакта 3-орунду ээлеп, өлкөгө жалгыз медалды алып келди.
Эске салсак, Илгиз “Мухаммед Умар” спорт клубундагы Мухаммед Курбановдун колунда машыгат. Ал буга чейин самбо күрөшү боюнча 2 ирет Өлкө чемпиондугун жана Казакстанда өткөн Дүйнө кубогунда 4-орунду багынткан. Азаматсың, Илгиз! Бул ийгилик көптөгөн ийгиликтерди ээрчите келсин!
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg