Бек Борбиевдин карындашы Назира БОРБИЕВА: «БЕК УПЧУНУ 6 ЖАШЫНДА ТАШТАГАН»

«Мени «Алло, алло» деп ырдата албай айласы кеткен»
Биртууган Борбиевдер:

Бек Борбиев 39 жашта. 2 уул, 2 кыздын атасы.
Назира 38 жашта. 2 кыз, 1 уулдун энеси.
Жаныбек 34 жашта. 3 уулдун атасы.
Жылдызбек 31 жашта. 3 уул, 1 кыздын атасы.
Гүлбара 23 жашта. 1 уул, 1 кыздын энеси.

«Сүрөттөрдүн баарын чийгилеп салган»

– Бек кичине кезинен эле сүрөттү кыйын тартат. Мектептен мага керек болгон сүрөттөрдүн бардыгын тартып берчү. Ошондой күндөрдүн биринде “түшүм майрамы” болуп калды. Классташтарым: “Бек байкеңе сүрөт тарттырып кел”, - деп атайын түстүү карандаш, фломастер, альбом сатып келишип, мени үйгө жиберишти. Үйгө келип Бекке айтарым менен ал макул болуп, жашылча-жемиштерди тим эле сонун кылып тартып берди. Анан ойноп кеттик. Ойноп жүрүп бир нерсе талашып, экөөбүз чырдашып калдык. Жиним келген мен Бекти атама айтып катуу уруштурдум. Эртеси баягы альбомду алып кетейин десем эле ичиндеги сүрөттөрдүн баары чийилген. Ошондо байкеме таарынып, бакырып бир ыйлагам десең. Жини келип калган адамынан биртууган экенине карабай өч алмайынча, жаны тынбаган мүнөзү азыр деле бар.

«Үйгө момпосуй койбой жеп салчу»

– Бек бизге окшоп, эт, беш бармакка эмес, таттууга абдан жакын болчу. Апабыз момпосуйларды кайда катпасын, таап алып баарын жеп койчу. Сервантка атайын кулпу салдырып, ошол жакка таттууларын катып жүрчү. Сыртынан карасаң дайыма жабык турчу серванттан апам киши келгенде эле момпосуюн таппай кайсалап калчу. Эмнеге эле Бек жеп коёт деп, мен дагы апамдын катып койгон момпосуйларын издечүмүн. Бирок такыр тапчу эмесмин. Ошентип, Бек байкеңер “Буратино” деген сонун батончиктердин жаагын айрыган.

«Бекинип упчу соруп...»

–Чоңоюп калганына карабай элге көрүнбөй упчу соруп жүргөнүн билчүмүн. Эч ким жок жерге барып чөнтөгүнөн упчусун алып чыгып көзүн жумуп соруп-соруп алып, анан эчтеке билбеген киши болуп эл турган жерге келип калчу.
Кызыгы, анысын апамдар билчү эмес. Бир күнү апам жумуштан келсе, Бек бетине жука жоолук жаап алып уктап жатыптыр. Анан эле жоолуктун алдынан бир нерсе кыймылдап жатат дейт. Апам чоочуп кетип жоолукту ала салса, Бек упчу соруп уктап жаткан экен. Жоолук жамынып алсам эле көрүнбөй калат деп ойлогон окшойт да. Ошентип, Бек жашырынып соруп жүрүп, упчусун 6 жашка чыкканда араң таштаган.

«Эжейибиз эс-учун жоготкон»

– Биздин айыл чоң суунун жээгинде. Бек өзүнө кайырмак жасап алып, ошол суудан балык кармачу. Балык кармаганга керектүү көнөк баш, чегиртке, курт дегендердин баарын бизге тердирчү. Биз болсо кетем деп айткандан коркуп, айткан курттарын унчукпай терип берчүбүз.

Андан да ошол эле суудан суу жылан кармап алып, аны бөтөлкөгө салып дары жасайм деп көп убараланчу. Кызыгы, жыландан такыр коркчу эмес. Кандай көлөмдө болсо дагы кармай берчү. Бир жолу апам өзү менен чогуу иштеген Зейнеп эжей менен үй жактан өтүп калат. Аларды байкап турган Бек, жакын келгенде Зейнеп эжейге тирүү жыланды ыргытып жибериптир. Андайды көрбөгөн эжей ошол жерден эс-учун жоготуп жыгылып калыптыр. Жүрөгү оорулуу байкуш эжейибиз өлүмдөн аз эле жерден калган.

“Алло, алло” деп ырдата албай кыйналган»

– Бек 9-10-класс болуп калганда “Алло, алло” деген ыр жазып, ошону аккордеонго салып ырдай баштады. Ошондо “Алло” деген жерине кыздын үнү керек болуп, мени ырда деп кыйнап баштады. Мен “Алло” десем эле үнүм эркектердикиндей жоон чыгат. Анда Бек: “Кыздай болуп ичке үн менен ырдабайсыңбы!”- деп кайра-кайра баштан ары чаап калат. Же менин үнүм окшошсочу. Аягында мен да дулдуюп, унчукпай отуруп алдым. Анан инилеримди кыйнай баштады. “Үнүңөрдү чыйылдатып ырдагыла” деп. Ал байкуштар Бектен коркконунан чыйылдап: “Алло, алло” деп ырдап бергендери эсимде. Ошол кезде эле чыгармачылыкка абдан жакын болчу. Анын кызыгып жатканын көргөн атам ага “Малыш” деген аккордеон, анан андан чоңураагын, андан кийин баян сатып берген. Бирок атам Бектин эл алдына чыгып ырдаганын биринчи көргөндө “ырчы дагы кесиппи!” деп катуу жинденген. “Ырчы болуп кетпесин” деген кыязда өзү Бишкекке Бекти ээрчитип келип политехке тапшырткан. Бирок тагдырдын буйругу экен баары бир ырчы болуп алды.

“Бектин мүнөзүн “корс” дегендерге кошула албайм”

– Биртуугандар кичине кезинде кандай гана ынтымактуу болбосун, алар чоңоюп, өз-өзүнчө үйлөнүп, жайланган соң ар кимиси өз турмушу менен алек болуп кетери чындык. Учурда Бек байке менен мамилеңер кандай?
– Ал мектепти бүткөндөн кийин көп өтпөй армияга кетти. Анан мен да турмушка чыгып кеттим. Айтор, сиз айтып кеткендей жолдорубуз ар кайсы жакка кетти. Ошого карабай биртууган агам катары жөлөк-таяк болуп келатат. Азыр деле мамилебиз абдан жакшы. Андан тышкары, акчалай жардамын аябайт. Атайын белек алып келген күндөрү деле бар. Көбүнчө өзүң каалаганыңды сатып ал деп акча берет.
– Бир бергенде канча берет?
– 200 доллар, кээде 500 доллар деле берип коёт, маанайына жараша. Негизи эле Бектин колу ачык, март адам.
– Агаңыздын мамлекеттик кызматта иштегенин колдойсузбу же ырчы боюнча эле калса болмок деп ойлоп кетесизби?
– Бек кайсы иште болсо да, анын карындашы болгонум мен үчүн сыймык. Бирок ырчы болуп чыкканда абдан сүйүнгөнбүз. Ырчылык атак алып келет эмеспи. Ал эми мамлекеттик кызматта иштегени атамдарга жагат.
– Бек байкени көптөр мүнөзү “корс” деп калышат. Үйдөн биртуугандары менен кандай мамиледе?
– Бекти “корс” дегендерге таң кала берем. Жини келгенде ар бир адам эле терс мүнөзүн көргөзсө керек. Чогуу отурганда Бек абдан шайыр, тамашакөй. Ал деле кадимки адамдардай кээде көңүлү ачык, кээде чөгүңкү болот. Ошондуктан Бектин мүнөзүн “корс” дегендерге кошула албайм.

Дагы эле Бек жөнүндө

Экөөбүз 5-7 класс болуп калганда, үйдү экиге бөлүп алып жыйначубуз. Бек дайыма баттан жыйнап койчу. Көрсө, ал кийимдерди жүктүн артына тыгып салчу экен.

Бек экөөбүз удаа өскө­нүбүз менен кичине кезибизде көп деле урушуп-согушчу эмеспиз. Ал мени “арызкөй” деп жаман көрчү.

Бек чоң бөлмөгө бекинип алып, бирдемелерди жазып отура берчү. Эгер бирөө кирип калса, шак дептерлерин катып, эч кимге окутчу эмес. Көрсө, балдар үчүн жазылган кыскача аңгемелер, жомоктор экен.

Эң кичинекейибиз Гүлбара төрөлгөндө Бек инилерим менен тааныгандын да, тааныбагандын да үйүнө кирип, “сүйүнчү, биз карындаштуу болдук!” деп сүйүнчүлөшкөн.

Мен дискотекага кыздар менен барып калсам “бар кет!” деп эле кууй берчү. Же өзү деле кыйратып бийлечү эмес.

Үйгө биз тааныбаган киши келсе деле мен куурдак кууруп столго коюп, Бек гарнитурда турган ичимдиктен алып чыгып, айтор, экөөлөп коноктой баштачубуз.

Гүлмира Турманбетова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 329, 20-26-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан