– Баары түшүнүктүү болсун үчүн башынан баштайын. Айжан менен студент кезде таанышкам. Кыялкеч, жан дүйнөсү таза, назик кыз бир көргөндө эле жаккан. Мен да ага жагып, айтор, китепканаларга бир барып, дем алыш күндөрү бирге сейилдеп, жаштыктын таттуу күндөрүн бирге өткөрдүк. Маселенин баары аны үйүндөгүлөр бардар жердин уулуна зордоп берип салышканында болгон.
Бирок минтип арадан 5 жыл өткөндө тагдыр бизди кайрадан табыштырды. Бир күнү дал алдымдан чыга калбаспы. Экөөбүз учурашарыбызды же жөн гана басып кетерибизди билбей буттарыбыз тушалды. Мен анын көздөрүнөн мага болгон сүйүүнүн өчпөгөндүгүн көрдүм. Ал болсо менин... Ошентип, кол кармаша студент кезде чогуу отуруп жүрчү сейил бактагы орунубузга жөнөдүк. Ал турмушун айтып берди.
Жашоосуна ыраазы эмес экен. Күйөөсү кызганып, жок жерден уруш чыгарганга, ал тургай кол көтөргөнгө маш чыгыптыр. Ортолорунда бир кызы болгонуна карабай мамилелери бир топ суук экен. А мен алигиче үйлөнбөгөнүмдү айттым. Экөөбүз жолугуша баштадык. Ал жадырап отурганда ушундай эзилип, кучагымдан чыгаргым келбейт десең. Коштошорго кез келгенде бөлүнүү бизге кыйын боло баштайт. Акыры бир күнү Айжандан “чыныңды айтчы, мени дале мурункудай сүйөсүңбү?” деп сураганга батындым. Ал муңдуу көз караш менен “ооба” деп жооп берди. Мага ушул гана жооп керек эле. Ичимде жүргөндүн баарын ачыкка чыгарып: “Анда күйөөң менен ажыраш. Кызыңды өз кызымдай багып алам. Сүйбөгөн адам менен эптеп жашоо өткөргүчө жаңыча жашоо баштайбыз”,- дедим. Ал: “Муну чечүү оңой дейсиңби? Мени баары бир күйөөлүү, балалуу аял дейт. Мүмкүн, мен ажырашып, экөөбүз баш кошкондон кийин өкүнүп каларсың...”- деди. Ары тартышып, бери тартышып, акыры "ойлонуп көрөйүн" деп үйүнө кетти. Экөөбүздүн жашыруун жолугуубуз көбөйдү. Айжан жолдошу менен ажырашууга батына албастыгын, менден да кол үзгүсү келбегенин айтат да турат. Көптөн бери арсар ойдо жүрөт. А мен анын ажырашып, экөөбүздүн баш кошор күнүбүздү күтөм.
Акылымдын жетпегени – анын эмне үчүн сүйбөгөн, тынч жашоо бербеген күйөөсү менен ажырашууга батынбай жатканы. Же менин барктап аларыма көзү жетпей жатабы?
Самарбек, Бишкек
Суроого «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу Нурзада Маямерова жооп берет.
– Самарбек, алгач сиз өз сезимиңизди талдап көрүүңүз кажет. Сүйүү – келип-кетчү нерсе. Сүйүү өчкөн кезде жубайлардын ортосунда сый калышы керек. Ошол сый менен үй-бүлөлүк жашоо уланат. Сүйүүңүздөр өчкөндөн кийин ортодо сый каларына, ажыратып алып үйлөнгөнүңүз үчүн кийин өкүнбөсүңүзгө көзүңүз жетеби? Айжан сизге түгөй катары турмуштун ысык-суугуна чыдап, аягына чейин чогуу боло аларына ишенесизби? Ушул эле суроолорду Айжан да алдына коюп, жооп берип көрүүсү зарыл.
Айжандан көп нерсе күтпөй, мунун ордуна "ага эмне бере алам?" деп ойлонгонуңуз оң. Айжанды шаштырбай, ага убакыт бериңиз. Аны менен жай отуруп, "мен сени шаштырбайын. Убакыт берейин. Ага чейин өз маселеңди чечишиң кажет. Эгер мага кайрылып келсең, анда тагдырыбыздын бирге болгондугу" деп айтыңыз. Эгер Айжан кайрылып келбесе, анда жолуңуздар эки башка.
Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар «кимди тандоо керек?», «эмне кылам?» деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Психологдун кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз болот.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg