Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты:«10-КЛАССТА ЭЛЕ САЯСАТЧЫ БОЛОМ ДЕЧҮМҮН»

Саясатка аралашып, мамлекеттик кызматтарда иштөө бүгүнкү каарманыбыздын бала кездеги кыялы болгон. “Максаттар кайсы бир деңгээлде орундалды. Депутаттык мөөнөт аяктаса, кийинки шайлоолорго да ат салышам”,- дейт эл өкүлү. Оптимисттик маанай адамга абдан керектүү сапат экенин Дастан мырза менен маектешкен адам байкабай койбойт экен.

БОЙДОК ДЕПУТАТ

Туулган жылы – 1983-жыл, 22-ноябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Кыргыз-Орус Славян университети, юридика факультети
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Баалаганы – Убакыт
Учурда – “Ар-намыс” фракциясынын депутаты

– Дастан мырза, балалык күндөрдү эки ооз сөз менен айтып берсеңиз...
– Мен 1983-жылы азыркы Бишкек, мурунку Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келгем. Төрөлгөндө эле эки көзүм начар көргөндүгү билинип, 1 жашка чыкканымда атам мени Москвага алып барып операция жасатыптыр. Тилекке каршы, ойдогудай болгон эмес экен. Көзүмдүн көрүүсү мурдагыдай эле калыптыр. Өчпөгөн үмүт да, 6 жашымда кайрадан операция жасатуу үчүн ата-энем Москвага алып барышкан. Ошондо дарыгерлер “биз 95 пайыз кепилдик беребиз, уулуңардын көзү көрүп кетет” деп айтышыптыр. Бирок алар айткандай болбоду. Ошол экинчи операциядан кийин көзүм таптакыр эле көрбөй калды. Бул окуя мага катуу тийген, ага чейин бир аз көрчү элем да.

– Мектепте окуп жүргөндө кыйынчылык болдубу?
– Кичинемден чыйракмын, көп деле чөгүп, мүңкүрөп калган жокмун. Бишкек шаарындагы көзү начар көргөн жана азиз балдар үчүн атайын мектепте окудум. Көзүм көрбөсө деле балдарга атамандык кылып, кээде мушташып кетер элем. Тырышып жакшы окудум. 10-класста эле “чоңойгондо саясатка аралашам” деп алдыма максат коюп, бирок бир нерсени ойлоп кыйнала берчүмүн. “Жогорку окуу жайга кантип өтөм? Анан да Славян университетинде жалаң байдын балдары окушса керек... Кантип эл катары окуйм?” деген ойлор да болбой койбоду. Анткени бизде көзү азиздер үчүн атайын чыгарылган китептер жок болчу. Тагдыр экен, Кыргыз улуттук университетине, Бишкек гуманитардык университетине жана Кыргыз-Орус Славян университетине документ тапшырып, үчөөнө тең өтүп кеттим. Анан Кыргыз-Орус Славян университетин тандап, юридикалык факультетин аяктагам.

– Өзүңүз айтмакчы, кичинеңизден бери эңсеген саясатка кантип аралаштыңыз?
– ЖОЖду бүтүп, Бишкектеги Биринчи Май райондук салык инспекциясында юрист болуп
бир жыл иштедим. Кийин Экономика министрлигине сынак жарыяланып калып, документ тапшырып, өтүп кеттим. Ал жерде үч жылдай иштедим. 2010-жылы 7-апрелде революция болуп, өлкөдө чоң бурулуш болуп кетпедиби. Ошондо мен кандайдыр бир чечкиндүү кадамга барышым керектигин түшүндүм. “Кыргызстан майыптар ассоциациясы” деген коомдук уюм бар. Ошонун мүчөлөрү менен сүйлөшүп, айттым, “биз саясатка аралашуубуз керек. Ушул бойдон эле жүрө берсек, дагы эле кыйкырып-кыйкырып кала беребиз” деп. Анан “Ар-намыс”, “Республика”, “Ата Мекен” сыяктуу бир катар партиялар менен сүйлөшүү жүргүздүк. Мени “Ар-намыска” Акылбек Жапаров чакырган. Ал “бир тыйыныңдын кереги жок, биз сени тизменин 10-катарына киргизебиз” дегенде макул болдум. Парламентке келип калышымдын тарыхы ушундай.

– Канча жардамчыңыз бар? Аларсыз сизге бир топ эле оор болсо керек...
– Ооба, сөзсүз алар мени менен жүрүшү керек. Ишимди жеңилдеткен атайын жардамчыларым бар. Депутаттардын ар биринде экиден жардамчы болсо, менде үчөө. Бирөө дайыма менин жанымда жүрөт. Жумуш маалында, тагыраагы, комитет, фракция жыйындарына, сессияларга барганда ошол жардамчым жанымда болот. Ар кандай кырдаал болот да, шашылыш кагаздан бир нерсени окуш керек болуп калат, ары-бери чуркоого туура келет.

– Ыңгайсыздыктар болобу? Мисалы, телефон же компьютер колдонууда кантесиз?
– Көп деле кыйналбайм, компьютер менен телефондо атайын сүйлөй турган программалар бар. Мисалы, (уюлдук телефонун алып көрсөтүп берди) жөнөкөй эле, арзан баадагы телефон. Мунун ушундай программасы бар, кадимкидей СМС жөнөтөм, керек болсо кээде китеп окуйм бул жерден. Узак жолго чыгып калганда атайын аудиокитептерди жаздырып алам да, жолдо угуп барам. Бир чети убакыт текке кетпейт. Жумушта деле компьютер ушул сыяктуу программанын негизинде иштейт, аудио аркылуу колдоном. Бирок компьютердин бир жетишпеген жери – ө, ү, ң тамгаларын окубаганы. Жалаң орусча же англисче пайдаланууга туура келет.

– “Кыз ала качкандарды 10 жылга камаш керек” деген элеңиз. Бул өтө оор жаза эмеспи?
– Жок, менимче, өтө деле оор эмес. Кылмыш жана жаза кодексинде “мал уурдаган адам 5 жылдан 7 жылга чейин камалат” деп жазылып турат. Анан эмне үчүн адам уурдагандар, бирөөнүн адамдык абийирин тепсеп, тагдырын бузгандар 20 миң гана сом айып пул төлөө менен кутулушу керек? Эмне үчүн ушундай кылмыш кылып коюп, 2 жыл гана камалат? Бул таптакыр туура эмес, акылга сыйбаган көрүнүш. Кыз ала качуу – кылмыштын бир түрү. Адам – каалаган убагында көтөрө качып, мажбурлап көндүргүдөй мал эмес да.

– Өзүңүзгө жакпаган мүнөзүңүз...
– Мен азыр жаш саясатчылардын биримин. Өзүмө жакпаган сапатым да ушуга байланыштуу болуш керек. Мисалы, ушундай бир сапатым бар, бирөө сүйлөп бүтө электе эле оозунан сөздү жула калып талаша кетем. Ушул мүнөзүмдү жактырбайм. Адамга бир аз сабырдуулук керек да. Туура эмес экенин беш колумдай билип турсам да, баары бир таштай албай жатам ушунумду.

– Хоббиңиз эмне?
– Шахмат. Кичинемден бери ушул оюнга аябай жакынмын. 1-курста окуп жатканда “Шахмат боюнча спорт чеберчилигине талапкер” деген даражага жетип, анан шахматты таштагам. Бирок таптакыр эмес, азыр кээде досторум менен, өз алдымча компьютер менен ойноп калам. Дагы бир хоббим – китеп окуу. Көбүнчө саясат жана тарых тууралуу китептерди барактайм. Бош убакыт болсо, бассейнге барып чөмүлүп, эс алып келем.

– Үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүздөр?
– Үйдө көбүнчө орусча сүйлөйм. Орус тилдүү мектепте окуп, университетти ушул тилде аяктап, орусча китептерди көп окуп өскөндүктөн, орусча ой жүгүртүп калгам. Бирок кыргызча бүт баарын түшүнөм. Жогорку Кеңеште сессия жалаң кыргыз тилинде болот да, мен андагы ар бир сүйлөнгөн сөздү толук түшүнөм.

– Жеке фронтуңузда абал кандай?
– Мен азыр бойдокмун, сүйлөшкөн кызым чет өлкөдө. Буюрса, 30 жашка чыкканда үйлөнсөм деп турам.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
hstkind
2012-04-09 11:34:57
Azamatsyz Dastan MYRZA
0
RossiKG
2012-04-09 12:20:00
Жаш Депутат экенсиз, жаштарды тандагыла деп жатып тандадык сизди, Озунунздун Элиниз учун иштеп, Кыргызстанды онуктурунуз эми, акчаны уурдап, миллиондорду чогултуп качып кетпей бакиевтердин уй булосундой (аларды Эли каргады, алар киши олтургучтор, жеп ичип чачып таштап кетип калышты озунун элин, олкосун, Аллах озу чечимин берсин аларга, биздин колубузга тийсе Алар =жулуп -жулмалап салат элек, окунучтуу качып -жыргап май чайнап жатышкан кези-эчтеке эмес..убакыт озу корсотот ал сволучтарга)
0
Rimanto
2012-04-10 15:13:05
Сизди аябай баалайм адам катары да, депутат катары да, жакшы маселелерди коесуз,орчундуу,абдан так жана туура суйлойсуз,мындан ары да элге жакшы кызмат кылып берээринизге терен ишенем,ишинизге албан ийгиликтерди каалайм жана бул жашоодо бактылуу болушунузду каалайм.
0
elnurin
2012-04-12 00:53:08
Azamat!!!
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан