Арман: «ӨЗҮМДӨН УЛУУ АЙЫМДЫ ЖАКТЫРДЫМ»

Ыйык сезим – сүйүү тууралуу ырлары менен секелек кыздардын жүрөгүн кытыгылаган Арман аттуу ырчы бар. Анын сахнада кандай экенин билебиз. Жашоодо кандай адам экенин өзү баяндап берди.

«АПАМ СҮЙЛӨТӨ АЛБАЙ КЫЙНАЛЧУ»
– Мектеп курагына чейин аябай эле жоош, түнт бала болуптурмун. Эсимде, апам мени сүйлөтө албай эле кыйнала берчү. Анан бирөө алма берип жатса да апамды карачумун. Ала бер десе гана алчумун. Мен, негизи, көп дос күтө бербейм. 1-класстын аягында Ичке-Жергез деген айылда окудум. Ал жактан Руслан деген бир бала менен дос болдум. Аябай тентек бала болчу. Ага кошулуп чыбык ат минип алып, айылдын чаңын бир топ эле сапырып ойночубуз. 2-классты бүткөн соң Бишкекке келип №45-мектепке кирдим. Азамат деген досум экөөбүз биригип алып атамандыкты алабыз деп балдар менен күн куру калбай согуша берчүбүз. Качан гана Азамат биринчи атамандыкты алганда жаныбыз тынды окшойт.
Бир жолу экөөбүз компьютердик клубга кирдик да, жардыргыч ыргытып жиберип качып жөнөдүк. Тарс-турс эле боло түштү, өзүбүздүн да жүрөгүбүз түшүп калды. Артыбыздан администратор кубалап келип кулактарды кызарта чоюп, аябай сабаган. Дос дегенде ушуларды эстейм. Досторум аз. Эң жакын дегендерден 3-4 эле. Шоу-бизнестен бардыгы менен эле саламым түз, бирок аябай дос болуп сыр бөлүшкөнү деле жок.

«УЛУУ АЙЫМДАН «ОПЫТ» АЛГАМ»
– Бир кыз менен беш жыл сүйлөштүм. Чынында, аябай сүйгөм. Бирок ата-энеси бизге каршы болуп туруп алышты. Жакында эле интернеттен бир кыз менен тааныштым. Мурда интернет аркылуу таанышууларга олуттуу мамиле кылчу эмесмин. Азырынча кулагымдын учуна чейин сүйүп калдым деп айта албайм. Дагы убакыт өтсүн, анан туруктуу мамиле тууралуу ойлоно баштайм. Бирок жактырып сүйлөшүп жүрөм. Башка кыздар менен сүйлөшүп калсам эле таарынып калат.
Бир жолу силердин концертиңерде алдыңкы катарда отургам. Артымда бир айымдар отурушкан. Улам эңкейип эле мени сөзгө тарта башташты. Анан телефонумду сурап, концерттен кийин конокко чакырганга да жетишип калышты. Макул деп коюп сахнага чыккандан кийин качып кетпедимби. Негизи, көп эле болгон, улуу айымдардын мени менен мамиле түзөм деген сөздөрүн ачык эле билдирген учурлары. Андай сунуштарга макул болгон кездерим деле болгон. "Опыт" керек да, ха-ха... Бир ирет өзүмдөн улуу айымды жактырып калгам. Аябай татынакай айым болчу. Негизи, ар бир эле бой жеткен эркекке улуу айымдардан алган "опыт" керек. Азыр ал айым менен баарлашпай калдым. Биздин коомдо өзүнөн улуу айым менен мамиле түзсө эле туура эмес түшүнүп, жанагы сүйүүсүн акчага саткан эркектерге салыштырып жиберишет. Бардар айымдарга, акчага сүйүүсүн, өзүн саткан эркектерге менин деле кыжырым келет. Сүйүү бар, сүйгүлө, сүйүшкүлө демекмин.

«АТАМДЫ ЖОГОТУУ МЕНИ ЖАШООГО ЧЫЙРАЛТТЫ»
– Кичине чагымда сүрөткө аябай кызыгып, көбүнчө Манас баатырдын сүрөттөрүн тартар элем. Кийин ошол тарткандарымдын баарын жоготуп алганыма ичим күйөт. Учурда ишкердүүлүккө аябай кызыкдар болуп кеттим. Бир фирма ачсамбы деп пландап жатам. Бир нерсеге жетиш үчүн өжөрлүк керек экен. Эсимде, кичине кезимде сега оюну жаңы чыга баштаганда апамдан 5 сомдон алып кетип ойноп келчүмүн. Бир күнү ойлондум, ушуга кеткен акчаларымды чогултуп өзүмө ушул нерсени сатып албасам деп. Анан апамдан күндө бир сомдук майда акчаларды алып чогулта баштадым. Ошондо 4-5 айда 1500 сом болуптур. Жалаң 1 сомдуктарды көтөрүп алып базарга барсам албай коюп, банкка барып алмаштыргам. Негизи эле ишкердүүлүккө биздин үй-бүлөгө түшкөн кыйынчылыктар бышырды болуш керек.
Атам каза болуп калгандан кийин бир топ эле жашообуз оор болду, жашоого чыйралдым. Апам эртең менен базарга иштегени жөнөйт. Мага 200-300 сом таштап кетет. Мектептен келгенден кийин ал акчаны көтөрүп алып Кордайдан өтүп, ал жактан теңгеге алмаштырып арзан Кола, Фанталарды алып келчүмүн да, бул жактагы дүкөндөргө өткөрчүмүн. 5-6 күндөн кийин түшкөн акчаларды чогултуп кайра товарга жөнөчүмүн. Ошентип иштеп жүрүп өзүмө бир велосипед сатып алгам. 2005-жылы катуу иштедим. Ошол эле жылы машиналуу болдум. Андан соң жарым жыл иштеп кымбатыраак машина алдым. Азыр апамды иштетпейм, өзүм соода менен ары-бери чуркап жүрөм. Бизди багам деп далай эле кыйынчылыкты көрдү. Иним экөөнү учурда толугу менен мен камсыздайм.

«КЕЛИНЧЕК АЛУУНУН КАМЫНДАМЫН»
– Жакында эле ыр жаздыруучу жаңы аппаратура сатып алгам. Жаңы ырларым көп, бирок аранжировкалап, "көйнөк кийгизүүгө" жетише элекмин. Бир-бирден эмес, ыр жыйнактар топтомун дароо чыгарсамбы деген ой жаралып жатат. Учурда чыгармачылык кичине тыныгууда. Жеке өзүмдүн турмушумду ойлоно турчу мезгил келди. Ошондуктан азыр үйдүн оңдоо-түзөө иштерин баштап алгам. Аны бүтүрүшүм керек. Андан соң жер алып, үй салып, бак отургузуп, келинчек алууга кам көрөм.

«ЖАМАН САПАТТАРЫМ ДЕЛЕ БАР»
– Кээде чектен чыгып тийише бермей жайым бар. Кээде маанайым аябай суз болуп, кабагыма кар жаап калганда тамеки чегип калам. Дагы бир жаман сапатым деп таарынчаактыгымды айтсам болот. Катуу сөз айтса эле таарынып калам. Бирок тез эле жазылам. Өзүмчүлдүгүм да жакпайт. Баса, кичине кезимде аябай ыйлаак экенмин. Атам жок өскөндүктөн болуш керек. Иним да, мен да кичине назигирээк болуп калдык. Анан бир жиним келсе өзүмдү токтото албай калчылдап калам. Ушундай учурда жаман сөздөр да оозумдан чыгып кетиши мүмкүн. Сабырдуу адамдарга баа берем. Мен да ошондой болгум келет.

  

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Арман: "Өзүмдөн улуу айымды жактырдым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
solnyshko
2012-04-10 13:44:57
Бул ким?
0
venessa
2012-04-10 17:13:28
Бул Арман деген красавчик ырчы бала! Мага аябай жагат, уну да соонун куду эле Энрике ырдап жаткандай сезилет!
0
orbitka
2012-04-11 05:59:59
Англис тилинде ырдачу беле, же башкасыбы айтоор таанывайт экенмин даа((
0
mchem
2012-04-11 22:21:45
Ырдаганы комптон жасалгаланса да жакшы чыккан "секси"ыры,соз жок.Супердин бир конкурсунда ырдаганын кордунор беле,биякта туруп мен менин бетим кызарып денем чымырап уялгам.Ырдай албай койгон.Откондо бета сторес жактан коргом,шляпа кийип,10чакты шар которуп алыптыр,бетин жаап.Озун алып жургону жакпайт.
0
jhanibek
2012-04-13 16:38:51
молодец братуха так держать
0
Love_kg
2012-04-15 12:13:06
молодец хорошо поет, но труба подражает Иглесиаса)))
0
Dohtar
2012-04-15 17:32:04
Кыргыздын Энрикиси сага ийгилик каалайм.
0
kanulya_bryunta
2012-04-15 22:29:59
malades!!!
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан