“Супер куудул-2010” наамынын ээси Азамат Исмаилов аз убакытта атакка жетишти. Учурда “тамашоучу” катары таанылган бул жигит жашоосу тууралуу азыноолак кеп куруп бермекчи.
“ТАМАШОУЧУ”
– Жарнамадан "Тамашоу" долбоору жөнүндө угуп, достор менен катышып калдык. “Тамашоу” аркылуу дос таптым, адам менен мамиле түзгөндү, ТВга, эл астына чыкканды үйрөндүм, шоу дүйнөдөгү жашоону көрдүм. Күн өткөн сайын жашоонун жакшы жактарын алып, минустарымды чийип салганга аракеттенем. Бир жаман жагы, биз элдин көзүнө түшүп калдык. Ашыкча кадам бастың дегиче көзгө урунасың. Бизди көбүнчө жаштар көрүшөт. "Аганы көрүп ини өсөт" дегендей, аларга да үлгү болсок дейм.
ДОСТУКТА
– “100 сомуң болгончо 100 долларың, ой, 100 досуң болсун” деген кеп бар эмеспи. “Дос” деген сөздүн мааниси терең. Антип татыктууларды гана аташ керек. Менин досторум аябай көп. Бирок убакыт өткөн сайын достор да иргелет экен. Ал бир жагынан алган жарыңдан да көз каранды. “Аял жакшы – эр жакшы” дегендей, эгер келинчегиң сени, досторуңду сыйлабаса, саны кыскарып кетиши толук мүмкүн.
КЫЗДАР – КЫЗГАЛДАКТАР...
– “Көз сүйөт миң сулуу, жүрөк сүйөт бир сулуу” дегендей, менде жүрөк менен жактырган кыз жок. "Кызым жок, демек, Кудай Таала мага атайын өзгөчө жакшы кызды даярдап койгон болуш керек" деп ойлойм. Аны көп издейм, көчөдөн, шкафтын ичинен, окуу жай, сейил бактардан. Бирок көпчүлүк мени “ар кайсы кызды эле карап жүрө берет” деп башкача ойлоп калышат экен. Өкүндүргөнү, кыздар батыштын таасирине тартылып баратышат. Клубдардан кыздардын тамеки тартып, арак ичип отурганын көрүп зээним кейийт. Жигиттер келинчек тандаганда “балдарыма кандай эне болуп берет?” деп ойлонот. Ошону кыздар ойлонуп коюшса...
КҮЙӨРМАНДАР
– Менин убактылуу, анан туруктуу күйөрмандарым бар. Убактылуулары жакшы оюн көрсөткөн күнү “азаматсың” деп келишет. Ал эми оюндан утулуп калдың дегиче саны азая түшөт. Кээде күйөрмандарды байкабай таарынтып алган күндөр болот. Бир жолу бирөөсү чалып, “карабай басып кеттиң” деп таарынат. Мен жалгызмын, алар көп да, баары менен кол алышып отурганга убакыт жок. Анан эле артыңдан “тааныбай калыптыр кишини” деп айта башташат. Ошондой сөздөрдү жөн эле коюшса...
ШОУМЕН
– 4 жашымда "Манас" айтсам, эл акча кыстарчу. Ошентип чыт курсак кезимде эле акча иштеген экем. Эми болсо бой жетип, шоумен, тамада, алып баруучу болуп иштеп калдым. Негизги каражат деле ушул булактардан келүүдө. Алгач тойго чыкканда улуулар жакшы түшүнбөй, жактырышчу эмес. Бара-бара көнүп, келип баталарын бере башташты. Айрым тамадалар жалгыз өзү 1000 доллардан чыкса, биздики ошол эле баада, үчкө бөлүп алабыз. Биздин өзгөчөлүгүбүз – ичип-чекпегенибизде, шоу программалардын көптүгүндө. Кээде кашайып бир күндө 3-4 заказ болуп калат, кээде такыр болбой калат. Бир күнү оору, бир күнү соо, биздин жумушубуз ушундай.
СҮРӨТЧҮ
– 6-классымда Көркөм-сүрөт академиясынын алдындагы жатак-мектепке тапшыргам. Кыйын сүрөтчү болгум келчү. 1998-жылдары “Титаник” тасмасы популярдуу болуп баштабады беле. “Актёр Леонардо Ди Каприодой сүрөтчү болсом, кумир туткан Голливуд актёрлорун тартып, илип алам” деп кыялданар элем. Академияда окуй баштаганда сүрөтчүлүккө кызыгуум сууп кетти. Кээде гана ойлонуп кетип, эргүү келгенде калемди колго алып тартып калам. Атайын отуруп тартпай деле калдым азыр, бир чети убакыт тар, экинчиден, башка кызыкчылыктар бар.
ТАСМАДА
– 6-7 тасмага тартылдым. Акыркысы “Сулуулар жана миллион” профессионалдык болсо, калгандарынын баары “любительский”. Сахна менен камеранын сүрү эки башка экен. Камера жандуу болбогону менен, анын артында нечендеген адам отурат. Ошого образды жеткире ойнош деле мүшкүл иш да. Алгач кыйналчумун, эми болсо бара-бара экранга ойногонду үйрөнүп калдым.
АЙДООЧУ
– Негизи, заманбап, “шикарный” унааларга кызыгам. “Аз май кетет, үнөмдүү алган оң” деп тандабайм. Мүмкүн, менде ага азырынча зарылдык жарала электир. Жакында 2001-жылы чыккан Хонда Стрим үлгүсүндө машина сатып алдым. Кумар деп коёт го, ылдамдыкты жакшы көрөм. Бирок көңүл буруп айдабасаң, өзүңдүн эмес, башканын да жанын алып кетишиң мүмкүн. Ошондуктан айдоочу абайлап жүрүшү керек.
ҮЙ-БҮЛӨДӨ
– Кичинекей кезден жатак-мектепте окуп калгандыктан, кенен басып-жүргөн жашоого көндүм. Ишемби-жекшемби күндөрү эс алганы үйгө келгенде үйдөгү катуу тартип кадимкидей билинчү. Көчөдөн таяк жеп келсем да, атам “чала болот” деп урушуп койчу. Бирок ошол нерсе өз арабамды өзүм тартканга үйрөтүптүр. Атам – менин сынчым. Көп сын айтат. Башында чычалап кетчүмүн, азыр көнүп, түшүнүү менен кабыл алам. Эне жүрөгү баары бир назик да, апам ар дайым мен тарапта.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg