АТАМ БАШКА ЭКЕНИН КИЙИН БИЛДИМ
Мен бир үйдүн жалгыз кызымын. Ошондуктанбы, апам менин көзүм менен тең айланып турчу. Мени бардыгынан коргоп, ал тургай инимди мага катуу бир нерсе айтса урушуп жиберчү.
Бир жолу түндө кимдир бирөөлөрдүн кажылдашып урушуп жатканын кулагым чалып ойгонуп кеттим. Акырын туруп барып тыңшап калдым.
– Билем мен, сен мени сүйбөйсүң. Ичиңдеги баланын айынан эле мага турмушка чыккансың...
Апам жооп берген жок. Тек гана буулугуп ыйлап жатканын уктум.
– Айтчы, мага эле жеңил бекен?-деп шыбырап калды атам. Кызыңды көргөн сайын...
– Эмне, аны жоготуп жибер дегени турасыңбы? Айтчы деги, менден эмне каалайсың?
– Билбейм, деги кыйналып бүттүм,- деди атам да оор улутунуп.
– Акырын, деги Айсалкын укпасын. Атасы башка экенин укса эмне болуп кетер экен, шордуум...Суранам сенден, бул жөнүндө ооз ачпачы?!
– Эмне, эл билбейт дейсиңби? Угат эртең эле бирөөдөн...
Кулагыма шак урунган ушу сөздөн ордумда катып калдым. Башым дүңгүрөй, чалыштай басып барып керебетиме куладым. Түнү менен ыйлап чыктым. Ошентип, он беш жашымда мен никесиз төрөлгөн бала экенимди билгем.
Мен ошондон кийин атамдын мени эмнеге жек көргөнүн түшүнө баштадым. Ичип келген сайын мени жаман көзү менен карап, жаман сөздөр менен сөккөнүнүн сыры көрсө мында жаткан тура. Эртеси арыктын боюнда ыйлап отурсам, апам артымдан келип жаныма отуруп калды.
– Алда шордуум ай, сени да куураттым. Кечир, кызым, мен...
Апам эмне деп айтаарын билдим да шарт токтоттум.
– Айтпа, апа, мен укпайм, кереги жок! -дедим. Ал мени узакка карап турду да:
– Сен... демек уккан экенсиң да?!- деди акырын гана. Мен акырын башымды ийкедим.
КАРГАШАЛУУ ЖОЛУГУШУУ
Мектепти бүтүп, борборго жол алганымда үстүмдөн оор жүктү бирөө тоголотуп салгандай жеңил дем алдым. «Мындан ары өгөй атамдын каардуу көз карашын, апам байкуштун ыйын көрбөйм. Өз алдымча жашоо баштайм» деп таттуу кыялдарга жетеленип бара жаттым. Оюмдагыдай окууга да өттүм. Бардыгы жакшы болуп келе жаткан. Бирок, мага деген тагдыр сынагы дале бүтө элек экен.
Ал күнү чогуу окуган кыздар менен кафеге бармай болуп калдык. Ажар аттуу группалаш кызымдын туулган күнү эле. Кече жарымына келип калган учурда кимдир бирөөнүн көз карашын сездим. Маңдай жагыбызда эки адам отурган экен. Негедир бири мени улам эле карап жатканынан кысыла түштүм. Ал түгүл кыздар да: «Мынчалык эмне сени карап жатат, тааныштарың эмеспи?» деп калышты. Кыжаалат болуп бул жерден тезирээк кетүүнү көздөсөм да, оңтоюн таап чыгып кете албай жаттым. Кыздардын болсо кетели деген ойлору жоктой. Өздөрүнчө кызуу бийлеп жүргөнүнөн пайдаланып, акырын ордуман туруп эшикке жөнөдүм. Бирок, эшикке жетпей бирөө мени каруудан ала токтотту. Чочуй карап калсам жанагы менден көзүн албай жаткан эркек экен.
– Кечиресиз, карындашым, менин мындай деле адатым жок эле. Бирок, сиздин жүзүңүз мага өзгөчө тааныш учурап жатат,- деди ал.
– А мен сизди биринчи көрүп жатам.
Ал менин жүзүмдөн бир окшоштукту издегендей көпкө карап тура берди. Жашы кырктарга барып калган ак жуумал, бир көргөн адамды өзүнө тартып ала турган адам экен. Мен дагы кызыга карап калдым.
– Менин атым Аким.
– Айсалкын.
Оо, Кудай, ошол учурда аалам аңтарылып экөөбүз тең жок болуп кетпей не болдук? Кийин эмне болоорун билгенде ошол жерден качып чыгып жоголуп кетпейт белем?!
Аким шашпай дарегимди, атымды жазып алды.
СЫРДУУ СҮРӨТ
Аким байке менин жашоомдо ошентип пайда болду. Ыйласам сооротуп, кайгырсам кеңешин айткан эң жакын адамыма айланды. Ата мээримине канып чоңойбогон жаным ага кандай ыктап калганымды билбей калдым. Анын кызмат абалы, өңү-түсү, деги бардыгы кыздарды кызыктыраарлык эле.
– Айжаркын, сен каяктан болосуң?- деп сурап калды бир күнү.
– Таластан, эмне болду?
– Мен сени бир адамга аябай окшоштуруп жүрөм.Тим эле өзүндөйсүң. Күлгөнүң, сүйлөгөнүң, айтор, баары окшош. Алгач сени анын жакындарыбы деп ойлоп жүргөм.
– Ал сизге ким болот?
Аким байке ушу жерге келгенде ооруксунгандай кабагын чытып алды да, унчукпай калды. Көпкө чейин тунжурап отурду да:
– Ал менин бир кезде эң жакын адамым болчу. Ата-энемдин каршылыгынан улам үйлөнө албай калгам. Кызык экен да жашоодо, ата-энем каалаган адамга үйлөнгөнүм менен алар каалагандай бактылуу боло алган жокмун,-деди. Мен үн каткан жокмун.
– Сени көргөндөн бери ошо адамды көп эстечү болдум. Балким, сен мага ошо адамдын ордуна келген бактым болуп жүрбө...
Ал менин маңдайыман жумшак искеди. Мен да бул адам менен жолукканда жүрөгүм бир нерсени сезгендей дүпөйүл тарта берээр эле. Бирок, жаштыгымданбы, маани берип ойлонгум келген эмес. Ушундан аз убакыт өтпөй эле ал мага үйлөнгүсү келгенин айтты эле, мен апам менен кеңешип чечпесем болбостугун билдирдим.
– Апама баарын айтам. Ал каршы деле болбосо керек. Жашыңыздын улуулугун азырынча айтпай туралы. Андан көрө жаш кезиңиздеги сүрөтүңүздү бериңиз. Мен апама көрсөтөйүн,-дедим.
Эртеси ал мага жыйырма жаштагы сүрөтүн алып келип берди.
«АЛ СЕНИН АТАҢ»
Ошентип, үйгө жол тарттым. Байкушум ай, апамдын мени көрүп сүйүнгөнүн айтпа. Экөөбүз кечинде үйдөгүлөр тегиз уктаган соң сүйлөшүп отурдук.
– Апа, ал өтө жакшы адам. Үйлөнөөрүбүз менен сизди, инимди өз колума алып алам. Качанкыга чейин ушуга кор болуп жүрөт элеңиз? Сиз аны билбейсиз да, ал деген...-деп келе жатып оюма сүрөт түшө калды. «Мен азыр...» деген боюнча чуркап кирип, сумкадагы сүрөттү алып чыгып апама сундум.
– Мына, сүрөтү...
Апам колундагы сүрөткө көз жибере салып, өңү чөптөй купкуу боло түштү.
– Оо, Кудай, бул не деген шылдыңың?! – деп катуу кыйкырып жиберип, калчылдаган боюн токтото албай мени жеп жиберчүдөй карады.
– Бейбак! Бу..бул деген...- деп баратып кулап түштү.
– Апа, апаке, бул эмнең?
Чырылдап үстүнө түшө калдым. Ал селейип чанагынан чыга жаздаган көздөрү менен мени карап:
– Шордуум, ал...ал сенин атаң! Аким сенин атаң!-дегенге үлгүрдү. Кимдир бирөө үстүмдөн суу куюп жибергендей катып калдым. Денем селейип тоңуп бара жатканын сездим. «Түшүм! Түшүм болуп калгай эле» деп тиленип жаттым. Ал эми сүрөттө жылмая күлгөн адам дагы эле мага сырдуу тигилип туруптур.
ххх
Арадан көп күндөр өттү. Апам ошо жыгылган боюнча ооруканадан чыкканча жанында болдум. Анан окуума келдим. Бир күнү паркта жалгыз келе жатып аны (атамды) көрдүм. Бактын далдаасына жашырынып алып андан көзүмдү айрый албай буркурап ыйлап жаттым. «Атаке, эми экөөбүз бул жашоодо жүз көрүшпөй эле коёлу. Сенин мендей кызың бар экени түшүңө да кирбестир. Эми биздин жолукканга акыбыз жок» деп ыйлап жаттым. Ал эки жагын карабай, өз алдынча ойлонгон боюнча карааны үзүлдү. Ошол боюнча мен ал адамга жолукпоого ант берип келем.
Даярдаган Нуржамал Жийдебаева