30-март күнү Майамидеги бейтапканалардын биринде ырчы Кристина Орбакайте кыздуу болду. 3 килограмм 700 грамм салмакта төрөлгөн ымыркайдын атын Клавдия деп аташты.
Эске салсак, ырчынын 20 жаштагы Никита жана 13 жаштагы Дени аттуу уулдары бар. Алгачкы жолу кыздуу болгон Кристинанын кызынын атасы –
бизнесмен Михаил Земцов. Аз өтпөй 2-апрель күнү ырчы кызын көтөргөн жолдошунун бул сүрөтүн твиттердеги баракчасына жүктөдү.