ЖИМ КЕРРИ ОРУС КЫЗЫНА ҮЙЛӨНӨБҮ?

Белгилүү комедия жылдызы Жим Керри орусиялык студент кыз Анастасиянын колун сурагандыгы айтылууда. Болжол менен экөө 2010-жылдын күз айларында таанышкан. Маалымат айдыңында 50 жаштагы Жим 23 жаштагы Анастасияга ушул жылдын январь айында үйлөнүү тууралуу сунуш киргизгени тууралуу айтылат.
Жим Анастасиянын юморду мыкты түшүнгөндүгүн баалаган имиш. Анткени Керри тамашалуу, жосунсуз жоруктары менен көп эле айымдарды иренжитип алчу экен. Ал эми Анастасия, тескерисинче, күлкүнүн падышасы Жимди күлдүрөт. Маалыматтарга караганда, Анастасия Орусияда чоңоюп-өсүп, кийинчерээк АКШга көчүп барган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан