ЛАРА ФАБИАН

Толук аты-жөнү – Лара Фабиан
Туулган жылы – 1970-жыл, 9-январь
Туулган жери – Бельгия, Эттерберк шаары
Сахнада – 1986-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ырдап келе жатат
Кесиби – Ырчы, композитор, актриса

ЛИРИКАЛЫК ЫРЛАРДЫН "ЭНЕСИ"
Мукам үндүү, лирикалык ырлардын "энеси", "Мен сени сүйөм" ("Je T’aime") жана "Адажио" ("Adagio") деген хит ырлардын аткаруучусу, өзү айткандай бир өлкөнүн эмес, бүтүндөй жер жүзүнүн сүйүктүү ырчысы Лара Фабианды кимдер гана тааныбайт. Анын кайталангыс талантын европалыктар өзгөчө баалашат. Соңку жылдары ырчы Орусияга көп каттап, композитор Игорь Крутой менен иштешип "Мадемуазель Живаго" аттуу ыр жыйнагын чыгарганга үлгүрдү. 2011-жылы Астанадагы Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине конок катары келип, сөзү өзүнө таандык "Дайыма" ("Always") ыры менен оюнду ачып берген эле. Жакынкы жылдары, балким, Кыргызстанга да баш багып калар.
Баарыбыз сүйүп көргөн "Клон" сериалындагы "Менин улуу сүйүүм" ("Meu Grande Amo") аттуу саундтректи (ыр Лукастын аялы Маизанын толгонууларын коштоп турат) дал ушул ырчы айым ырдайт.

"ЕВРОВИДЕНИЕ" СЫНАГЫ БАГЫН АЧКАН
Ларанын чыныгы фамилиясы Крокарт. Ырчынын апасы Италиядан, атасы бельгиялык. Лара 5 жашка чыкканга чейин Сицилияда жашап, кийин Бельгияга көчүп келишкен. Фабиан бала кезинен эле ырчы болууну кыялданып, музыка, бий ийримдерине катышып келген. 14 жашынан атасынын гитара чертүүсү алдында клубдарда ырдап, андан соң европалык музыкалык сынактарга катыша баштайт. Ырчы катышкан сынактардын эң эле абройлуусу "Евровидение" сынагы болчу.
1988-жылы "Евровидение" сынагына Люксембургдун атынан катышып 4-орунду алат. Бул ийгилик ырчыга чоң стимул түзүп берет. 1990-жылы Брюсселдеги эс алуу жайларынын биринде Лара белгилүү композитор Рик Аллисон менен кокусунан таанышып калат. Рик ырчынын үнүнө ашык болуп, ага бирге иштешүү сунушун киргизет. Дегдеген максатына жетүү үчүн бардык ашуулардан өтүүгө даяр Фабиан үчүн бул сунуш өтө маанилүү болгон. Көпкө создурбай "ооба" деп жооп берет. Рик Аллисон аны Канадага алып кетет. Ларанын чыгармачылыгына жумшай турган баштапкы капиталы 1000 доллар эле. Аны да атасынын машинасын сатып, "кайтарып берем" деп алган.

АЛГАЧКЫ ЫР ЖЫЙНАК, АЛГАЧКЫ ИЙГИЛИК
1991-жылы Ларанын "Lara Fabian" деп аталган алгачкы ыр жыйнагы жарыкка чыгат. Ырлар жыйнагы миңдеген көчүрмө менен сатылып, Ларанын атактуулугу Канада өлкөсүндө бекемделет. 1999-жылы Лара биринчи жолу Монакодо MTV`нин музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземине катышып, "Бенилюкс өлкөлөрүнүн мыкты артисти" деген наамды алат. Көп өтпөй хиттеринин бири – "Je T’aime" ырын ырдап чыгат. Аталган чыгарманы ырчы созгондо эл 20 мүнөттөй тынымсыз кол чабышканын Лара көзүнө жаш алуу менен эскерет. "Je T’aime" ыры чыккандан аз убакыт өтпөй "Sony" компаниясы ырчы менен келишим түзүп, чогуу иштөө сунушун киргизген.
Европа менен Канадада популярдуу Лара Америка континентин багындыруу максатында "Adagio" деп аталган ыр жыйнагын чыгарат. Француз тилдүү канадалык ырчыны америкалыктар дайыма ырчы Селин Дионго атаандаш катары карашчу. Лара тынымсыз Түштүк Американы түрө кыдырып, гастролго чыкканын уланта берет. Анткен менен америкалык чарттарда Фабиандын ырлары анча ийгиликке жетишпейт.

ИГОРЬ КРУТОЙ ЖАКЫН ДОСУ
Лара жолдошу, француз режиссёру Жерар Пулличино экөөнүн ортосунда 5 жаштагы Лу деген кызы бар. Күйөөсү менен бир нече жыл жарандык никеде жашаганы менен, никелерин али да мыйзамдаштыра элек. Ырчынын атагын ашырган хит ырлар көбүнчө француз жана англис тилдеринде. Анын "француз тили – периштелердин тили" деп айтканы да бар.
Фабиан биринчи жолу Орусияга 2004-жылы гастролдоп келип, ошондон бери ар жыл сайын бул мамлекетке келип-кетүүнү адат кылып алган. Ырчы, композитор Крутой менен жакын достордон. Ларанын бир нече хит ырларынын музыкасын Крутой жараткан. Лара үчүн Игорь атайын француз тилин үйрөнүп, экөө Юрмаладагы "Жаңы толкун" сынагында француз тилинде дуэт ырдашкан.

ЛАРАНЫН ОРДУНА ЗАЛДАГЫ КҮЙӨРМАНДАРЫ ЫРДАП...
Францияда Лара колдоп, бапестеген Грегори Ле Маршаль деген жаш ырчы жигит бар. 1983-жылкы Грегори менен Лара Фабианды музыкага болгон сүйүүдөн да улуу, башка сезим байланыштырганын көпчүлүк Грегори каза болгондон кийин билишти. Анткени анын өлүмүнөн кийин койгон концертинде Фабиан ырдай албай көз жашын төгүп тура берип, анын ордуна залдагы эл ырдаган. Түкшүмөл ойлорго жооп кылып, ырчы Грегори экөөнүн ортосун музыкага болгон сүйүү гана байланыштырып турарын баса белгилеген. Ларанын күйөрмандарынын сүйүүсүн мындан билиңиз, ошол концертте ырынын кайырмасындагы "мен сени сүйөм" ("je t’aime") деген сөздүн ордуна "биз сени сүйөбүз" ("оn т’aime") деп залды жаңырта ырдашкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
chanel
2012-04-12 01:10:38
менин суйуктуу ырчым 2010 4-ноябрда Москвада крутой менен консерт берген.Мага абдан жагат))))
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан