АТАКТУУ АЗАМАТТАРДЫН АЙЫМДАРЫ КИМ?

Нурлан Шаки евдин
келинчеги

Астра Токтогулова

Бир нече жыл КРнын Президентине катчы болуп, эми эмгек өргүүсүнө кетип, жаңы кызматты көздөп турган Нурлан Шакиевдин ак жуумал жубайы Астра Токтогулова Ала-Бука районунун акылдуу кыздарынын бири. Учурда 4 баланы тарбиялоо менен алектене үйдө. Колунда жогорку окуу жайын бүтүргөн диплому болгонуна карабай, Нурлан байкебиз жеңебизди эч жерде иштетпептир. Тамашалап: “Жеңеңер балдарды төрөп-тарбиялоо кызматында иштейт”,- деп айтып да калат экен. Таттуу жубайлар 12 жылдан бери чогуу түтүн булатып келишет.

Сабырбек Жумабековдун
келинчеги

Жумабекова Роза

Кыргызстанга эле эмес, көптөгөн өлкөгө таанымал ортопед-травмотолог Сабырбек мырзанын жубайы Роза айым жолдошунун жумушуна ылайык ылдый көч, өйдө көч болуп жүрүп, өзүнүн экономисттик кесиби менен толук кандуу деле иштеген эмес. Роза эженин айтымына караганда, бул жашоодогу аялзатынын эң биринчи жумушу – балдарды багып, жолдошуна даамдуу тамак жасап жумуштан күтүп алуу. Бул айым учурда 4 балага татыктуу тарбия берүү жана жеке ишкердик менен алек. Ашканада Таластын күлчөтайын катыра жасайт.

Аликбек Жекшенкуловдун жубайы

Айдай Жекш енкулова

Бишкек шаары гана эмес, Киев шаарынын эсеп-кысабын такылдата чагып жүргөн Айдай аттуу Ысык-Ата районунун сулуу кызын Аликбек мырза бекеринен жактырып калбаса керек. Ал стипендия алып окуп жүргөн учурда жеңебиз кадимкидей айлык алып үйбүлө бакканга да, үч баланын апасы болгонго да жетишиптир. Кандай майрам болбосун, жеңебиз Аликбек мырзадан сөзсүз түрдө кыпкызыл розаларды белекке алат. 20 жыл финансист болуп талыкпай иштеген жеңебиз учурда элүү жаштын төрүндө балпайып, кичүү кызы Дариет менен небереси Саниетке тарбия берүү милдетин аткарып жаткан учуру.

Өмүрбек Текебаевдин келинчеги

Айгүл Текебаева

Жаштыгынын жалындаган учурун жалаң коомдук иштерге арнаган Өмүрбек мырзаны 1996-жылы Айгүл аттуу Ысык-Көлдүн ак куусу балбылдап жанган көз караш менен бир караганда эле жан дүйнөсүн ээлеп алган экен. Украинадан техникумду бүтүп келген жеңебиз жалкоолук менен дос болуп көрө элек. Учурда үй тиричилиги, эмчектеги жаш баласы менен бирге жеке ишканасын да башкарууга жетишкени жеңебиздин тыңдыгын айгинелеп жатпайбы. Туугандар менен болгон карым-катнаштарды да Айгүл айым бекем сактайт.

Абдыгул Чотбаевдин
жубайы

Светлана Абдукадырова

Киндик каны Кытайдын Кашкар шаарында тамган, атасы уйгур, энеси кыргыз Светлана жеңебиз ай чырайлуу жүзү менен Абдыгул агайды мектеп партасынан эле арбап алган. Бекеринен агай ата-энесине айтпай өзү болочок кайната, кайненесине барып, сүйгөнүнүн колун сураган эместир. Абдыгул агай аскер адамы болгондуктан, көчүп-конуп жүргөнгө көнгөн жеңебиз аскер кийимдерин тигүү жагынан астына адам салдырбайт. Баарынан тазалыкты биринчи орунга коёт. Учурда Светлана жеңебиз 3 неберенин сүйүктүү чоң энеси.

Болот Жанузаковдун
жубайы

Жумагүл Сагадилова

Президенттик администрация башчысынын экс-орун басары Болот Жанузаков жубайын биринчи ирет автобустан жолуктуруп, тааныбаса да салам берген экен. Алик алып жатып Жумагүл айым болочок жолдошунун адашкан саламы түбөлүккө чырмаганын байкабаптыр. Ошентип, ал кезде тайларына конокко келген казак кыз Болот агайдын сүйүктүү жубайы болуп, 5 баланы төрөп берди. Болот агайга мурда Жумагүл эженин узун олоң кара чачы өтө жакчу дейт. Азыр кыска чачына деле байкебиз нааразы эмес. Жумагүл айым жолдошу жинденип турганда акылдуу кеп айтып, жарпын бат эле жазып коёт.

Абдылда Мусаевдин
жубайы

Элмира ташбалтаева

Ташы өйдөгө кулап турган Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев келинчеги Элмира менен 30 жыл чогуу түтүн булатып келет. Улуттук университеттин филология факультетинде чогуу окуган курсташтар эки жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөнүшкөн. Учурда Элмира айым эки уул, бир кыздын энеси. Жолдошу жумуштан чарчап, маанайы жок келсе өз колу менен палоо, манты жасап берип, анан таза абада сейилдөөгө чакырып көңүлүн ачат. Бул айым ар бир жекшемби күнү жолдошу менен мончого барууну адат кылып алганын да жашырган жок. Учуда БГУда эмгектенет.

Орзубек Назаровдун
келинчеги

Оксана назарова

Айтылуу спортчу, азыркы ЖКнын депутаты Орзубек Назаровду жумуштан чарчап келгенде түрдүү тамактары менен таң калтырган Оксана жеңебиз банкирлик кызматтын ордуна бала тарбиялап, мыкты үй кожейкеликти аткарып жаткан учуру.

Депутатка жубайынын бир сөздөн эле түшүнгөн сапаты да өзгөчө жагат экен. Орзубек байкебиз жумуштан кеч келип калган учурда жеңебиз «кайда жүрдүң?» деген суроону берип башын оорутканды жаман көрөт. «Анын ордуна жылмайып тосуп алганым жакшы»,- дейт Оксана айым.

Султан Раевдин жубайы

Сагын Алаева

“Министрдин аялы” десе эле чалкалап үйдө жаткан айымды элестетебиз. Бирок Сагын жеңебиз жөнөкөйлүгү менен айырмаланат. 25 жылдан бери агайыбыздан комплименттерди угуп келет, айрыкча кечки тамакка палоо даярдаганда. Шарты катаал Ат-Башы районунан болгондуктанбы, тиричиликке абдан бышык. Учурда Кыргыз-Түрк Манас университетинин коммуникация факультетинде болочок журналисттерге сабак берет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 329, 20-26-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан