ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (9-апрелден 15-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Ишиңизде бир аз кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн. Ага карабастан кесиптештериңиздин жана өнөктөштөрүңүздүн тилин табууга аракет жасаңыз. Акча жаатында маселе чыгышы күтүлөт. Улуу муундагы туугандарыңызга кам көрүү менен көңүлүн жайгарыңыз. Апта аягында сизди үй, чарба иштери менен алектенүү күтүүдө.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Документ толтурууда же акча которууда кылдат мамиле жасабасаңыз, кыйын кырдаал жаралуусу ыктымал. Көздөгөнүңүздү ишке ашырууда чыккан бут тосууларга маани бербегениңиз туура. Ишиңизге байланыштуу жаңы сунуштар түшүшү мүмкүн. Жеке жашооңузга өзгөрүү киргизем десеңиз, жылдыздар сиз тарапта. Күтүүсүз таанышуунун аягы чоң романга айланышы ыктымал. Ден соолугуңузга доо кетпесин десеңиз, тамак-ашты ылгап жеңиз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул аптада күтүп турган өзгөрүүлөр жашооңузду жаңы нукка түшүрүшү ыктымал. Тааныштар тарабынан колдоо көрсөтүп, жаңы кесиптештердин катарында болуп калууңуз мүмкүн. Жалгыз бойлор эл арасына көбүрөөк чыгып, экинчи жарымын жолуктурууга аракет жасаса, жыйынтык чыгат. Дары-дармек колдонууда этият болбосоңуз, аллергияга кабылышыңыз ыктымал.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жолугушууларга ыңгайлуу апта. Ийгиликке жетем десеңиз, оюңузду, жаңы сунуштарды тартынбастан айтууга үйрөнүңүз. Көрө албагандар тарабынан жаңжал чыгаруу аракеттери болушу ыктымал. Мындай кырдаалда токтоолук жана сабырдуулук менен иш кылыңыз. Сезимдер жаатында ички туюмуңузду угуңуз. Эмоцияга алдырбоого аракет жумшабасаңыз, нерв оорулары козголушу ыктымал.

АРСТАН (23.07-23.08)
Кыйынчылыктар менен коштолгонуна карабастан бул апта ийгиликтерди алып келмекчи. Жаңы дос күтүүдө абайлабасаңыз, кийинчерээк кесепетин тийгизиши ыктымал. Ишиңизге байланыштуу чечим кабыл алууда фантазияңызды тыя туруп, реалдуу кароого туура келет. Аптанын ортосунда киреше түшүп, дүкөн кыдырышыңыз ыктымал. Сүйгөнүңүз тараптан күтүүсүз сунуш түшүшү мүмкүн дешет жылдыздар.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Күтүүсүз окуяларды апта ичинде баштан кечиресиз. Ийгиликсиз идеянын үстүндө тырышпастан, жаңы идея менен алек болуп, ийгилик жаратууга аракет жасаңыз. Кыйынчылык туудурган маселени чечүүдө жакындарыңыздын кеңешин укканыңыз туура. Үй-бүлөңүздө түшүнбөстүктөрдүн жаралуу коркунучу бар. Эмоция ден соолугуңузга жаман таасирин тийгизиши ыктымал.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Башчылар менен мамилеңиз жакшырып, колдоого арзыйсыз. Бирок ийгиликтин чокусун багындыруу үчүн күч жумшаш керек экенин унутпаңыз. Каржы жааты жакшырып, ойлоп жүргөн буюмуңузду сатып аласыз. Жеке жашооңузда мурда маани бербей келген мамиле романга айлануусу ыктымал. Аптанын соңунда досторуңуз менен таза абада сейилдөө менен чер жаза аласыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Келерки аптада маанилүү чечимдерди кабыл алууга туура келет. Тобокелдикке баруучу иштерди кийинкиге калтыра турганыңыз оң. Үй-бүлө мүчөлөрү арасында акчага байланыштуу чатак чыгышы ыктымал. Сезимдер козголуп, жаңы мамиле башталышы мүмкүн. Ден соолугуңузга кам көрүп, ишиңизден эмгек өргүү алганыңыз туура.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Көнүмүш адаттан баш тартып, жаңы чечим кабыл алууга мажбур болосуз. Баштаган ишиңиз ийгилик менен коштолушун кааласаңыз, кошумча билим жана кеңештерди алууну унутпаңыз. Сүйгөн адамыңыз менен мамилеңиз оордошуп, чыр чыгышы мүмкүн. Апта аягында жагымдуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде мамилеңиздер өз жайына келет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кесиптештериңиз менен болгон тил табышпастык маанайыңызды чөгөрүшү ыктымал. Убакытты туура бөлүштүрбөсөңүз, чоң ишти аяктай албай калуу коркунучу күтөт. Кыйын кырдаалда досторуңуздан колдоо күтсөңүз болот. Эски жараны козгоонун жана опсуз кызганычтын кесепети менен сүйүктүүңүздү таарынтып алышыңыз мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Акчаңызды туура бөлүштүрүп албасаңыз, коромжулукка дуушар болушуңуз мүмкүн. Кесиптик жагдайыңызды жакшырткыңыз келсе, ар бир сөзүңүзгө маани берип сүйлөгөнүңүз туура. Жакындарыңыздын көңүлүн оорутпаганга аракет жасаңыз. Сүйүүгө капысынан кабылышыңыз ыктымал. Бакыт кушун колдон чыгарбай кармап калганга аракет жасоо оң.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Буга чейин жасаган иштериңиздин жыйынтыгын чыгарууга мезгил жетти. Ар бир идеяга маани берип, жеңил ойлуулукка жол бөгөбөсөңүз, ишиңиз артка кетиши ыктымал. Айланаңыздагы адамдар сизге ишеним көрсөтпөй жатканына карабастан, ишиңизди так аткарганга аракеттениңиз. Аптанын экинчи жарымында капчыгыңыз калыңдашы күтүлмөкчү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан