АТКАРЫЛБАГАН АМАНАТ (сандан санга)

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Балдар менен жакындан таанышып алганга каршылыгым жок дечи. Бирок, чынын айтсам, Жаныбектен тартынып турам.
–Жо-ок, эмнеге тартынат элең? Жаныбектин ачык-айрым адам экендигин сен жакшы билесиң го. Анын үстүнө балдарды караганга өзү да "ишенимдүү тааныштардан бирөөнү тапсак жакшы болмок" деп жаткан.
– Андай болсо, мейли. Мен барып көрөйүн. Бирок бүгүн эмес, башка күнү.
– Жарайт. Мен дагы Жаныбекке айтып коёюн.
Эки курбу Самат менен Айжамалдын кылык-жоруктары, мүнөзү, бир нерсеге болгон шыктары туурасында көпкө сүйлөшүштү. Күн түштөн ооп калган маалда гана Тумар ордунан турду.
– Макул, сен эми эс ал. Бүгүнкү күнүбүз жакшы башталды. Менин базарда да бир аз иштерим бар эле.
Сыртка чыгып, машинасына жаңы гана жетип чыга берерде "Тумар!" деген үндү укту. Оорукананын кире беришиндеги тепкичте жылмая карап Жаныбек туруптур.
– Ой, кандайсың, Жаныбек, сени байкабаптырмын.
– Сени көпкө тааныбай карап турбадымбы. Көрүшпөгөнүбүзгө көп жыл болуп кетиптир, ээ? Өзгөрүпсүң.
– Ооба десең. Турмуш деген ушул экен да. Ар ким өз арабасын кылдыратып жашай берет экенбиз.
Тумар көзүн ала качып, үзүл-кесил жооп берип жатты. Жаныбек болсо, Жаннаттын минтип ооруп калганына аябай сарсанаа болуп жүргөндүгүн, баарынан да балдарынын кыйналып жаткандыгын айтып кирди. Тумар чыдабады. Кетүүгө шашты.
– Жаныбек, сен Жаннатка кире бер, колуңду кармабайын. Анын үстүнө менин да шашылыш иштерим бар эле.
Эптеп машинасына жетип, ыйлап жиберди. “Оо, Кудайым, ай. Неге мындай сынооңду мага жибердиң? Кантип курбумдун күйөөсүнө турмушка чыгып, аны менен кантип жашайм? Жаныбектин көзүнө Жаннаттан башка көрүнбөй турса, аны мен кантип өмүрлүк жолдош кылам?” Көзүнүн жашын он талаа кылып ыйлап баратты. Эмнени ойлоп, кайда баратканын өзү билген жок. Шаар аралай машинасын зуулдаткан бойдон айдап кете берди. Бир маалда гана алдынан бүжүңдөп араң баскан орус кемпир чыга калганда өзүнө келди. Көзү алайып кетти. Машина кемпирдин бутунун түбүнө келип токтоду. “Көзүңө карасаң боло?! Акчасына көпкөн немелер ушинтип адамдын өмүрүн ойлобой да калышты” деп кемпир кейип-кепчип Тумарды урушуп алды. Эки жагын карап бир аз турган соң гана эжесине баратканын түшүндү. Ичинен “аа, Чоң-Арыкка келип калган турбаймынбы” деген бойдон Айнаш эжесинин үйүнө бет алды. Дарбазасын эжеси өзү ачты. Сиңдисинин шишиген көздөрүн көргөн Айнаштын жүрөгү шуу эте түштү.
– Эмне болгон сага? Деги тынччылыкпы, ыя?
– Тынччылык эле. Жездем үйдөбү?
– Жок, үйдө эч ким жок. Балдар да сабакка кетишкен. Эмне болду деги?
– Азыр баарын айтып берем, шашпа, эже.
Үйдө эч кимдин болбогону бир чети жакшы болду. Ичине толгон букту акыры бирөөгө айтып, аз да болсо жеңилдегенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Экөө ээрчише үйгө кирип, эжеси чайын даярдай, маңдай-тескей стол үстүнө чайга отурушту.
– И-ий, эми айтчы. Кебетеңе караганда сага бир нерсе болгон.
– Эже, Жаннатты билесиз да.
– Сенин курбуң Жаннатпы? Эмне болуптур?
– Ал эмчегинен рак болуп ооруканада жатат.
– Апей, байкуш десе. Анан...
– Өткөндө апам келген күнү Жаннат мага чалыптыр, "ооруканага келип кетчи" деп. Барсам, “оорум катуу. Адам деле болбосом керек. Менин бир кыз, бир уулум бар, аларды сенден башка эч кимге ишене албай турам. Балдарыма эне бол, жолдошума жар бол” деп жатпайбы?!
Эжеси эки колу менен оозун басып, көздөрү алая түштү.
– Ошо, апам "Тумардын кабагы салыңкы, ушу бир нерсе болгонун сезип эле турам" деп сарсанаа болуп жаткан. Анан...
Тумардын көзүнөн жаш айлана түштү.
– Анан ошо, мен макулдугумду берип койдум.
– Сен кызык экенсиң. Кантип ойлонбой туруп өз өмүрүңдү бирөөнүн маселесин чечүү үчүн арнап салууга болсун?!
– Жаннат "менин сага тапшырган аманатым болсун" деп жатса, кантип баш тартмак элем? Анын үстүнө...- деген бойдон унчуга алган жок. Эжеси да “анын үстүнө эмне?” деп такып сурабады. Тумардын “Жаныбекти мен дагы жакшы көргөм, эмгиче жакшы көрөм” деген сөзү ичинде калды.

ххх

Жаныбек палатага киргенде Жаннат жайдары тосуп алды.
– Оо, менин жаным келаткан турбайбы. Кел, отур. Балдар кандай?
– Баары жакшы, өзүң кандай? Байкасам, көңүлүң бүгүн көтөрүңкү.
– Ооба, курбум келип, өткөн-кеткенди эстеп көпкө отурдук. Көңүлүм да көтөрүлүп калды.
– Өткөндө да келип кетти деп айтып жаткансың.
– Ооба, Тумар аябай жакшы кыз. Менин абалымды уккандан бери бир күндү куру коё бербейт. Күн сайын келет.
– Анысы жакшы.
Жаннат жолдошуна курбусу тууралуу жакшы пикир калтырууга далалат кылмакчы болду. Анын мүнөзү, акылдуулугу, сулуулугу тууралуу көпкө чейин сүйлөп отурду. Акырында гана капыстан эстеп кеткендей элес калтырып:
– Баса, Тумардан балдарды карап берүүсүн өтүндүм. Байкаштырсам, андан ылайыктуу эч ким жоктой. Өзүң да айтып жатпадың беле, тааныш эле бирөөлөрдөн болсо деп.
– Жакшы болот. Өзү эмне дейт?
– Макул болгондой эле болду. Болгону, базардагы контейнерин арендага тапшырышы керек экен. "Кардар табылса эле тапшырам" деп сөз берди. Анан биздин бала багуучубуз болуп ишке орношот.
– Сен сүйлөшүп койсоң болуптур дечи, өзүн ыңгайсыз сезбейби анан? Биз жактан каршылык жок. Кайра жакшы болот.
Жаныбек да макулдугун берди. Ошол жерден экөөнүн сөзү бекип, Тумар алардын бала багуучусу болуп иштемей болду.
Жубайы ооругандан бери анын кареги менен тең айланып, көңүлүндөгү бардык нерсени аткаруунун аракетинде. “Жаннат ыйлабаса экен, Жаннат оорубаса экен. Кыйналбаса, кайгырбаса, дайым жайнаган көздөрүн күлмүңдөтүп жанымда жүрсө” деп күнү-түнү Кудайдан тиленет. Ар жума сайын белек алып келип, акыркы күндөрү жигит кезиндегиге караганда алда канча романтик да болуп кетти. Бүгүн да ал кылыгын карматып, акырын коридорго чыкты да, телефон аркылуу гүлдесте заказ кылды.
Жубайлар балдары Самат менен Айжамал тууралуу көпкө сүйлөшүп отурушту. Алардын кылык-жоруктарынан Жаныбек Жаннатка айтып күлүп отурушканда эшик тыкылдап, баягы гүлдестени алып киришти. Жаннат эмне дээрин билбей эле көзүнө жаш ала “рахмат, Жаныбек” деп аны көздөй жылды да, колунан бекем кысып койду.

(Уландысы кийинки сандарыбызда)

Айнура Болот кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Azura
2012-04-09 11:25:01
Аманат эмне болуп аткарылбай калат болду экен... Каарду огой эне болуп балдарын кыйнабай Тумар деле олуп калса экен(((
0
Modeshanyi
2012-04-09 12:34:11
Azura, ayagyna 4yga elektele olumun tilep koyupsuzda kyzyk???
0
lubov
2012-04-09 12:09:29
ээ ото кызыгына келди эле
0
Argymak
2012-04-09 18:02:13
Кандай гана бактылуу адамдар.
Балдарына оз мээримн бере албай.
Бул жашоодон узактаарга жол тартат.
0
Venita
2012-04-15 00:05:34
жер тоголок деген ушул да айланып келип тагдырлар бириккен турат окшойт, бирок окунучтуу, мындай тагдырды эч кимге каалабайт элем, ар ким оз жары, бала-бакырасы менен эле болсо бул жалган турмушта
0
Bakyt.shutov
2012-04-15 10:52:59
Aткарылбаган аманат -бунун аягыи,Жанат олбой калат да.
0
altyshka1992
2012-04-19 15:55:22
ozu torop, janattyn baldaryna konul burbai kalat go ee
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан