БИЙ ИСКУССТВОСУНУН ПАДЫШАЛАРЫ

Атай Өмүрзаковдун жеңишинен кийин жаштар арасында бий искусствосу абдан популярдуу болуп кеткени шексиз. Бий сүйүүчүлөрү үчүн жагымдуу жаңылык, жакында “Бий аянтчасынын падышалары” (“Короли танцпола”) аттуу долбоор старт алды.

БИЙЛЕП, ӨЗҮҢӨ ЫРАХАТ ТАРТУУЛА!
22-март күнү Кыргыз драма театрында “Бий аянтчасынын падышалары” долбоорунун ачылышы өттү. Аталган долбоордун максаты – жаштарды дени сак жашоого үндөө. Учурда жаштар арасында кылмыш иштерине барып, жаман жолго азгырылгандар көбөйүүдө. Уюштуруучулар жаштарды тамеки чегип, ичимдик ичүүдөн, кумар оюндарына баруудан жана жаман адаттардан ушундай долбоорлор аркылуу арылтууну максат кылышкан. Терс адаттарга кетирген убактысын бий өнөрүнө арнап, аз да болсо өзүнө ырахат тартууласын деген ойдо. Аталган бий долбоорунун уюштуруучусу – “St.Group 7.0.5.” коомдук жаштар уюму.

30 МИҢ СОМ ҮЧҮН КҮРӨШ
Долбоордун тандоо кастингинен өткөн 50дөй бий тобунан 9 команда иргелип, анын ичинен 7 команда кийинки турга өттү. Сынак 3 турдан турмакчы. 1-туру март айында өттү. 2-туру апрель жана финалдык оюн май айында болуусу күтүлүүдө. 7 команданын ичинен 4 команда май айында өтө турган финалдык турда ат салышмакчы. Жеңүүчү команда 30 миң сом сыйлык алат.
Белгилей кетчү жагдай, Атай Өмүрзаковдун популярдуулугунан уламбы, сынакта Атайга окшоп бийлегендер көп экен.

КАЛЫСТАРГА НААРАЗЫЛАР ЧЫКТЫ
Калыстар тобунда Бакыт Байсариев, Айя Садырова, Максат Бегалиев, хореограф Марипа Сыдыкбаева жана уюштуруучу Алмаз Кулматов болушту. Айта кетсек, сынакта жалаң заманбап бийлер аткарылды. Андан сырткары "Тамашоунун" “KG 77” командасы залды күлкү-шаңга бөлөсө, Мырзайым аттуу ийилчээк гимнаст кыз мыкты номерин тартуулады.
Сынак "ляптарсыз" өтпөй койгон жок. Долбоорду тартып жаткан телеканалдын кызматкери калыстардын "Friday Crew" командасына берген баасына нааразы болуп, аларды камера үчүн кайра башынан сүйлөтүүгө аракет кылды. Эгер сүйлөбөсө, анда ал телеканалдан бул берүүнү бербей турганын айтып кекетти. Кийинчерээк бул маселе оң жагына чечилиптир.

АЛДЫҢКЫ ҮЧИЛТИКТЕГИЛЕР
Долбоордун келечектеги максаты – аталган сынактын алкагында өзүнчө курама команда түзүп, чет өлкөлүк бий сынактарына катышуу. Кийинки сезондорунда "ар бир катышкан бий тобу программасына сөзсүз кыргыз ырларына заманбап стилде бийлерди киргизиши керек" деген талап коюларын билдиришти. Алдыңкы үчилтикке чыккан командалар: 3-орунду Кыргыз экономикалык университетинен келген “Q-team”, 2-орунду Кыргыз улуттук университетинин “ДЭЯ”, 1-орунду КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын “Friday Crew” командасы алышты. Калыстар тобундагылар “Friday Crew” командасына “мурун коюлган бийиңерди кайра кайталап көрсөтүүнүн кереги бар беле?” деп эскертүү беришсе, “ДЭЯ” командасынын кыздарына "айрым жигиттерге караганда мыкты бийлешти" деген баасын беришти.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
pbabaev
2012-04-11 20:53:28
мен бул концерти ТВ ден кордум,бирок кээ бир командаларга жакшы бал койгон жок калыстар тобу,айрыкча Максат Бегалиев салыштырып,Максат сен мектепте отурган жоксунда салыштыргандай,сен просто оз ойунду айт мага бул жери жакан жок деп,анан тиги команда силерден жакшы бийледи ошон учун силерге 3 койдум деп салыштырбай.Негизи кээ бир кыздарга караганда балдар жакшы бийлешти бирок аны калыстар туура баа берген жок.Ошон учун бий адистеринен кобуроок койсо болмок калыстар тобуна.
0
capslock
2012-04-13 09:33:04
“Q-team” дин улыбкалары соонун экен :)
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан